ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНА 7 КЫРГЫЗ ОЮНУ КОШУЛДУ

Ушул жылы Түркиянын Бурса шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз улуттук оюндарынын 7 түрү киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. Көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө: кыргыздын көк бөрү, эр эңиш, ордо, тогуз коргоол, кыргыз жана алыш күрөштөрү, көчмөндөрдүн улуу күрөшү боюнча беттештер орун алат. Кыргыз оюндары Түркиянын Жаштар иштери жана спорт боюнча агенттиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде киргизилген. Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жылы өкөрүлө турган оюндун эстафетасын Кыргыз өлкөсү Түркияга өткөрүп берген.



Айпери Хожаева
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан