Кытайдан тарап жаткан коронавирустун айынан "Токио-2020" Олимпиадасына бокс боюнча тандап алуу оюндары Иорданиянын Амман шаарында 3-11-март күндөрү өткөрүлөт. Буга чейин турнир Кытайдын коронавирус оорусунун очогу болуп жаткан Ухань шаарында 3-14-февраль күндөрү өтөрү маалымдалган. Вирус дүйнөгө коркунуч жаратып жаткандыгына байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитети турнирди башка өлкөдө өткөрүүнү карап чыгып, ушул чечимге келген. Турнирде 13 салмак категориясында 63 жолдомо берилет. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 7 спортчу катышат.
Айпери Хожаева
sport@super.kg