РАВШАН ЖЭЭНБЕКОВ АБАКТА КЫЙНООГО КАБЫЛГАНЫН АЙТЫП ЧЫКТЫ

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып чыкты. Саясатчы 29-январда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жасады. Жээнбеков "28-январда ЖАМК жана №1 СИЗОнун кызматкерлери шылдыңдап, укук бузуу менен кыйнады" дейт.

– Кызматкерлер тобу саат 22:00дөн кийин, уктай турган убакытта 307-камерада тинтүү иштерин жүргүзүштү. 7-8 кызматкер өздөрүн агрессивдүү, орой алып жүрүштү. Азык-түлүк, гигиеналык каражат, кийим, шейшеп өңдүү жеке буюмдарды полго ыргытышты. Бул иштер шылдыңдоо, кагып-силкип кайрылуу менен коштолду. Тинтүү 2 саатка созулду, андан кийин 3 саат (саат түнкү үчкө чейин) камераны иреттөөгө туура келди. Шылдың коштогон бул кыйноону көтөрө албай жана түндө көпкө коридордо жүргөнү үчүн камерада отургандардын бири эсин жоготуп кулап, башы менен полду сүздү. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Камерадагы дагы бирөөнүн кан басымы көтөрүлүп, ага да медициналык жардам көрсөтүлдү. Жыйынтыгында эс ала алган жокпуз. Эртеси саат 08:00дө ИИМдин иш-чарасына барышым керек болчу, түнкү кыйноолор мага кылмыш ишинин материалдары менен кенен таанышып чыгууму тоскоол болду,- дейт Жээнбеков.

Саясатчы бул окуяны дыкат териштирип, тийиштүү жоопторду берүүнү, камерадагы шериктерине ЖАМКдан көз каранды эмес дарыгерлерди тартуу менен кайрадан текшерүү жүргүзүүнү талап кылды. Равшан Жээнбеков бул окуяны өзүнө карата кысым деп кабыл алганын билдирет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан