24.KG САЙТЫ РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУ КОРРУПЦИЯГА КҮНӨӨЛӨГӨН МАКАЛА БОЮНЧА “ДАЛИЛ ЖОК” ДЕП ТӨГҮНДӨДҮ

24.kg сайты Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду контрабандага айыптаган макала боюнча “далил жок” деп төгүндөө жарыялады.

2019-жылы аталган сайтта “Контрабандалык схемалар Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү” деген баш сөз менен макала жарыяланган эле.

“Маалымат агенттигинин редакциясында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн контрабандага тиешеси болгон деген темасын тастыктоочу далили жок. Аталган материалды жарыялоодо редакция “Азаттык” жана “Клооптун” журналисттик иликтөөсү боюнча ачык булактардагы макалаларга таянган. 24.kg сайты иликтөө жүргүзгөн эмес, ага ылайык, жарыяланган макалада айтылган маалыматтарды ырастай турган материалдарга жана маалыматтарга ээ эмес”,- деп айтылат төгүндөөдө.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын жубайы Миновар Жумаева, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын жубайы Уулкан Тургунова жана Исмаил Матраимов атындагы коомдук фонд 24.kg сайтына карата берилген доо-арызынын материалдык жагынан, башкача айтканда, 15 миллион сом суммасында доо өндүрүп берилсин деген өтүнүчүн кайтарып алышканы белгилүү болду.

Доогер тарап “24.kg сайты “Контрабандалык схемалар Райымбек Матраимовдун кланына алып барат. Журналисттердин иликтөөсү” деген баш сөзүн тастыктай турган далил жок экенин моюнга алганына байланыштуу, доогерлер материалдык доону артка кайтарып алууга мүмкүн деп эсептейт” деп билдирди.

Буга чейин Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз “юрист катары чындык биз тарапта экенин көрүп турам, муну сотто далилдейбиз” деген.

Ал эми “Азаттыктын” жактоочусу "сот процесси Бишкектин Свердлов райондук сотунда эмес, Ленин райондук сотто каралсын" деген өтүнүч берди. Муну Матраимовдордун жактоочусу “сот процессин негизсиз эле чоюу аракети” деп кабыл алышарын айтып, соттон өтүнүчтү канааттандырбоону өтүндү. “Бизге иштин кайсы райондук сотто каралары маанилүү деле эмес. Сот процессин негизсиз эле чоюуга аракет кылбай, жакшысы, жарыялаган макалаңарды далилдеп берүүгө чакырабыз. Сотко далилдериңерди алып келгиле, коомчулук көрсүн”,- деп билдирди. Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Матраимовдордун ЖМКга доосу: Сотто доогерлер далил сурап, жоопкерлер сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан