КОРРУПЦИЯГА ШЕКТҮҮ ЭКС-ЧИНОВНИККЕ ИНТЕРПОЛ АРКЫЛУУ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовго Интерпол аркылуу издөө жарыяланды. 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга шектелип кармалган Алмаматовдун райондук сотто соттолуп, анан Бишкек шаардык соту тарабынан эркиндикке чыгарылып жиберилгени боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Соттун башчыларын сындаган эле. “Сындын баары мага тийүүдө, силер отурасыңар былтыйып. Ушундай окуялардан улам элдин бийликке болгон ишеними жоголот”,- деген президент. Көп өтпөй Алмаматовдун иши боюнча Бишкек шаардык сотундагы процесске катышкан прокурор Р.Б. кызматтан бошотулду.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 2-ноябрында Насирбек Алмаматов УКМКнын кызматкерлери тарабынан “унааларды каттоодо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схемаларды түзгөн” деп шектелип кармалган.

Бишкектин Октябрь райондук соту чиновникти 12 жарым жылга эркинен ажыраткан. Кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошотуп жиберген.

Жогорку Сот былтыр 30-октябрда бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан