БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ 9600 АДАМ АБАКТА...

  • Өлкөдө 123 жумушсуз жаран ай сайын 300 сомдон мамлекеттик жөлөк пул алары айтылды.
  • ЖАМК: Өлкөдө 9600 адам абакта отурат, алардын 340тан ашыгы аялдар.
  • Акыйкатчы Токон Мамытов депутаттарга бейөкмөт уюмдардан каржы булагы боюнча отчёт талап кылган мыйзам долбоорун артка чакырып алууну сунуштады.
  • Сузакта 2 жашар бала ур-токмоктон каза тапты. Кылмышка анын жеңеси шектелүүдө.
  • Өкмөт: 2020-жылы 40тай айыл өкмөттү дотациядан чыгаруу пландалууда.
  • Кыргызстан 2019-жылы Кытайга 14 тонна алтын экспорттогон.
  • Өлкө боюнча Патрулдук милицияны түзүү үчүн 456 миллион сом керектелери айтылды.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: 31-январга чейин Бишкек-Ош жолунун кооптуу аймактарында көчкү түшүү коркунучу жогору.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан