ПАРТИЯЛАР ЖАРЫШКА АТТАНДЫ: ТАРАЗАДА КИМДЕР?

Ошентип жаңы жылдык эс алуу, жымжырттык бүттү. Саясий процесстер тездеп, саясатчылар, саясий топтор жанданып 2020-жылкы парламенттик шайлоого кызуу даярдык көрүп башташты.

“КЫРГЫЗСТАН” СТАРТТА

Шайлоого старт 2019-жылы эле берилди. Сентябрда “Кыргызстан” партиясы съезд өткөрүп, анда Канатбек Исаев төрага болуп кайра шайланды. Съезддин максаты “жаңыдан төрага шайлоо, партиянын отчётун угуу” деп айтылганы менен, көпчүлүк “Кыргызстан” бийликтин батасын алып шайлоого жөнөдү” деп кабыл алды. Канатбек Исаев Атамбаевдин тушунда бийликке каршы чыкканы үчүн кылмыш иши козголуп камакка алынып, бийликке Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин эркиндикке чыкты. Учурда парламенттин спикери Дастан Жумабеков да ушул партиянын өкүлү. Эксперттердин баамында, азыркы бийлик да “Кыргызстанды” парламентке алып өтүүгө кызыкдар. “Кыргызстан” партиясы 2010-жылы негизделген. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо 3-орунду ээлеп, учурда Жогорку Кеңеште 18 мандаты бар. Бул партияга карата “КСДПнын клону”, парламентке Алмазбек Атамбаевдин бийлиги алып өткөн деген сөздөр айтылып жүрөт. Деген менен дал ушул фракция Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууга Ак үйгө жакшы жардам берди. Депутат болом дегендер шансы көп партияларга ыктай баштаган маалда “кыргызстанчылардын” тигил же бул партияга өтө качпай кармалып турганы да бул партия бийликтин батасын алганын далилдеп тургандай.

БИЙЛИК “БИРИМДИКТИ” СҮРӨЙБҮ?

Акыркы күндөрү “Биримдик” аттуу партия тууралуу кеп-сөз көп айтылып баштады. Бул партия “бийликтин партиясы” деп кызуу талкууланып жатат. “Б иримдикти” шайлоого Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева өңдүү “жээнбековчу” депутаттар баштап баратат. Алдыңкы ондук деп интернет желесине тараган тизмеде Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Улан Примов, Азамат Арапбаев өңдүү бийликчил депутаттардын, ал эле эмес, “сексалю” деген сөзү менен элге таанылган депутаттын да аты-жөнү жүрөт. 2015-жылы өз командасы менен Жогорку Кеңешке өткөн “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, аталган партиядан депутат, учурда вице-спикер Мирлан Бакиров да тизмеде жүрөт. Ошондой эле “Бир болдон” депутат Исхак Пирматов, “Республика-Ата Журттан” Курманкул Зулушев, “Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов алдыңкы сапта экени, катарда Аскар Салымбековдун, Карганбек Самаковдун, Калыкбек Султановдун жакындары да бар экени айтылып, жазылууда.

Депутат Айнуру Алтыбаева “Биримдик” шайлоого аттанганын ырастап, бирок тизме түзүлө элек деп билдирди. Тагыраагы, аталган адамдардын тизмеде экенин ырастаган да, четке каккан да жок.

Өзүн КСДПнын жаңы төрагасы деп жарыялап, партияны Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөргөн Сагынбек Абдрахманов КСДПдан парламентке депутат болгондор партиядан чыга башташты деп нааразы. Ал “депутат Аида Касымалиева “Биримдик” партиясына кирди, муну Касымалиева ырастады” деп айтып чыкты. КСДПнын дагы бир депутаты Искендер Матраимов “Мекеним Кыргызстан” же “Биримдик” партиясы менен шайлоого аттанат деген сөздөр айтылууда. Коомчулуктагы бийликке нааразы катмар “Биримдикти” “эски жүздөр” деп сындап жатат. Бул партия 2005-жылы түптөлүп, 2010-жылы “Ар-намыс” партиясы менен чогуу парламенттик шайлоого катышкан. Бул арада уюмду мурдагы “ата мекенчи” Карганбек Самаков да жетектөөгө жетишкен. Партия 2019-жылы кайра каттоодон өтүп ага Марат Аманкулов башчы болду.

ЖЫЙЫНТЫК КӨРСӨТКӨН “МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН”

Коомчулук “Мекеним Кыргызстан” партиясын жергиликтүү кеңештерге шайлоолордон улам жакшы билет. Партия 2015-жылы түзүлүп, 2016-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоодо жеңип 6 мандат алган. Ошол эле жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” 7 мандатка ээ болгон. Өлкөнүн негизги 2 шаарынан жыйынтык көрсөткөн партия эми Жогорку Кеңешке ат салышууга камынып жатканы айтылууда. Шайлоонун фавориттери деп эмитен “Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын аттары атала баштады. Серепчилер “Мекеним Кыргызстан” да бийликтин шайлоо жарышына таптап чыга турган бир партиясы болуп парламентке келет деген жоромолдорду айтышууда.

“АТА МЕКЕНДИ” 9 ПАЙЫЗДЫК ЧЕК ЧОЧУЛАТУУДА

Өмүрбек Текебаевдин “Ата Мекен” партиясы да шайлоого даярдыгын баштады. Партия кезектеги съездин март айына белгиледи. Жакында уюмдун Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Нарын облустук координаторлору алмашты, муну “Ата Мекен” шайлоого карата жаңылануу, жаштарга орун берүү деп түшүндүрдү. 2019-жылдын соңунда партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов “Ата Мекенден” кеткенин жарыялап, депутаттык мандатын тапшырган. Партия оппозициялык маанайда жарышка түшөрү лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүлөрүнөн байкалат. Текебаев бийликти шайлоо босогосун 9 пайыздан 3 пайызга түшүрүүгө чакырып, болбосо шайлоонун таза өтөрүнө ишеним болбой турганын эскертип жатат. 2010-2015-жылкы шайлоолордо 7 пайыздык чекти “Ата Мекен” эң арткы болуп ашып өткөн. 9 пайыздык чек партия үчүн оор сыноо болору талашсыз. Андыктан “Ата Мекен” башка бир саясий күч менен биригип шайлоого барышы мүмкүн деген жоромолдор айтылып жатат.

“БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН” – АР БИР ДОБУШ МААНИЛҮҮ

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоого катышарын ачыктады. Ал бийликтен ар бир Кыргыз жаранынын, айрыкча чет өлкөдөгү жарандардын шайлоого болгон конституциялык укугун камсыздап берүүнү талап кылууда. Мадумаров: “Миңдеген мигранттар шайлоодо добуш бере албай жатабыз деп кайрылып жатышат. Буга унчукпай коё албайбыз. Бул боюнча БШКга кайрылып жооп ала алган жокпуз, эми Орусия өкмөтүнө кайрылабыз”,- деди жакында. Аталган саясатчынын мигранттардын шайлоо укуктарына күйүп жатканынын дагы бир жагы бар. Адахан Мадумаровдун колдоочуларынын басымдуу бөлүгү – Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттары. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” жеңишке бир кадам жетпей калса, 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Адахан Мадумаров 3-орунду ээлеген. Саясатчы азыркы бийликти ачык сындаган оппозиционерлердин бири. “Эгер бийлик шайлоону таза өткөрбөсө, анда шайлоодон кийин абал кескин курчуп кетиши мүмкүн” деп эскертип жатат ал.

БАБАНОВСУЗ “РЕСПУБЛИКА” СЫНОО АЛДЫНДА

2019-жылдын соңунда Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясынын төрагалыгынан кетип, ордуна депутат Мирлан Жээнчороев шайланган. Азырынча “Республика” планын ачыктай элек. Тар чөйрөдө “Ата Журт” менен кайра биригет деген сөздөр айтылып, бирок бул маалымат расмий тактала элек. Акыл, күчкө толуп турган, артында жүз миңдеген колдоочусу бар лидерин алмаштырган партия бул шайлоодо ийгилик жарата алабы?

ТАГДЫРЫ АРСАР КСДП ҮНСҮЗ

2010-жылдан бери бийликчил партия болуп, шайлоолордо алдыңкы орунду камсыздап жүргөн КСДП азырынча жымжырт. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун тиреши КСДПны, анын парламенттеги фракциясын эки жээкке бөлдү. Партия төрагасы Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Фарид Ниязов өңдүү КСДПнын көрүнүктүү мүчөлөрү оор кылмыштарга шектелип камакта отурушат. “Жеңиштин атасы көп, жеңилген дайым жетим” дегендей, эл отчётту 2011-жылдан 2018-жылга чейин бийликте турган КСДПдан сурашы керек эле. Бирок туш-тарапка чачыраган КСДПда азыр жооп берип, отчёт бере турган чама жок.

Парламенттик шайлоого 8 ай калды, алдыда күтүүсүз тандемдер, жаңы саясий топтордун пайда болушу күтүлөт. Көп саясатчылар партиядан партияга секирүүгө даярданып, соодалашуу процесси кызуу жүрүп жаткан учур...

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Партиялар жарышка аттанды: Таразада кимдер?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан