Учурда акча которуунун түрдүү ыкмалары активдүү колдонулуп жатат. Банктар жана акча которуу системдеринин операторлору учур талабына ылайык акча каражатын которуунун же которулган акчаны алуунун улам жаңы инновациялык ыкмаларын эл кызматына сунуштоодо. Бул аркылуу заман агымынан артта калбай, кызмат көрсөтүү тармагын туруктуу кеңейтүүнү көздөп келишет. 2019-жылдын соңунан бери “Айыл Банк” ААКсы Кыргызстандын бардык жарандарына дүйнөлүк төлөм кызматын көрсөтүү рыногунун таасирдүү лидери болгон Western Union менен биргеликте жаңы “Эсепке акча которуу” кызматын сунуштап келет.
“Эсепке акча которуу” – бул жеке адамдын акчасын башка бир жеке адамдын банк эсебине которуунун алда канча оңой ыкмасы. Учурда дүйнөнүн 81 өлкөсүндө алуучунун банк эсебине которууну ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар жана бул ыкманы колдонуучулар күн санап өсүүдө. Жакын адамыңыз, тааныштарыңыз үйдөн чыкпай туруп которулган акчаны алышын кааласаңыз, анда алардын банк эсебине же карт эсебине дароо акча которуңуз.
Акча которуу же которулган акчаны алуу үчүн “Айыл Банк” ААКсынын бүтүндөй Кыргызстандагы 180ден ашуун түйүнүнүн бирине келүү гана жетиштүү.
“Эсепке акча которуу” аркылуу кантип акча жөнөтүүгө болот?
Жарандыкты тастыктаган документти көрсөтүп, которулган акчаны алуучунун төмөндө көрсөтүлгөн банктык реквизиттерин банк кызматкерине сунуштоо талап кылынат:
• Алуучунун банкынын аталышын
• Банктын кодун (BIC)
• Алуучунун эсеп номерин
• Алуучунун аты-жөнүн
“Эсепке акча которуу” кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтер
Кызмат көрсөтүүнүн бул жаңы түрүнө тарифтер дарегине акча которулуп жаткан алуучу кайсы өлкөдө жашап же орун алып тургандыгынан көз карандысыз 15 АКШ долларын түзөт.
Бул ыкма кимдер үчүн ыңгайлуу?
Белгилүү бир өлчөмдөгү акча каражатын чет өлкөгө жөнөтүп, эгерде ири суммадагы акча которулган болсо, берилгенден кийин да ал акчанын сакталуу коопсуздугуна тынчсыздангысы келбегендер, балдары чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында окуп жаткан ата-энелер, же тескерисинче, башка шаарда жашап жаткан ата-энелер, эмгек өргүүдө жүргөн учурда оор жагдайга дуушар болгон дос, тууганга жардам бергиси келгендер үчүн ыңгайлуу.
“Эсепке акча которуу” кызматынын артыкчылыктары
Коопсуздугу: Накталай төлөп бергенге караганда, ири суммадагы акчаны которууда алуучу которулган акча каражатынын сакталышы үчүн тынчсызданбайт.
Ыңгайлуулугу: Акча каражаты түздөн-түз алуучунун банк эсебине же карт эсебине которулат. Бул кызмат үчүн төлөм белгиленген тарифке ылайык жөнөтүүчүдөн кармалып калгандыктан, эсепке чегерилген акча каражаты толук өлчөмдө сакталат.
Тез ишке ашырылышы: Эрежедегидей эле, көпчүлүк өлкөлөрдө эсепке акча которуу 1-2 күн ичинде, ал эми айрым учурларда ошол эле күнү дароо ишке ашырылат.
Ошентип, которулган акчаны алуучунун банктын кеңсесине келип, зарыгып кезекке турушу талап кылынбайт. Ар бир банкоматтан нак акчага айландырып алууга да мүмкүн. Бул үчүн “Айыл Банктын” жакын жайгашкан бөлүмүнө бир гана жолу келип, банк эсебин же карт эсебин ачып, андан соң “Эсепке акча которуу” кызматынан тез, ыңгайлуу, коопсуз шартта, узакка кезек күтпөстөн ишенимдүү пайдалануу зарыл.
Айыл Банк. Сизге жакын.
Бул боюнча толук маалыматты банктын www.ab.kg сайтынан жана 0312 68 00 00, 0556 68 00 00 телефондору аркылуу алууга болот.