Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АПАМДЫ САБАП, ТОНОП КЕТТИ ДЕП КАРМАЛГАН АДАМДЫ БОШОТУП ЖИБЕРИШТИ”

2019-жылы 6-майга караган түнү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө бет капчан адамдар кирип, жакындарын байлап, тапанча такап коркутуп, 60 миң доллар акчасын, 10 миң долларлык зер буюмдарын карактап кетишкен. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталган. Окуя болгондон 4 ай өткөндөн кийин кылмышка шектелип 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалган. Шектүүнүн апасы “баламды сабап, кыйнап, жасабаган кылмышты моюнуна илип жатышат” деп арызданып чыккан. Ырчы Мирбек Атабеков редакциябызга кайрылып, шектүү балага карата ачылган кылмыш ишинин кыскартылганын айтып милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди:

– Бул кылмыш ишине шектүү катары бир бала кармалганын билесиздер. Ишти Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тергеп жатат. Мен милиция кызматкерлерине ишенип, иштерине кийлигишпей, барбай да, чалбай да жүрдүм. Көрсө, кичинекей бала жомокко ишенгендей болуптурмун. Өткөн жылы Жаңы жылдын алдында тааныштарыбыздан шектүүнүн камактан чыгарылганын угуп калдык. Ал 22-декабрь күнү коё берилиптир. Биз бул тууралуу билген эмеспиз. Шектүүнүн күнөөсү жок экендиги далилденип, аны бошотуу тууралуу токтом чыккандан кийин токтомдун көчүрмөсү жабырлануучуларга да жөнөтүлүшү керек. Бизге жиберилген жок. Ушул окуяга кабылып, күч түзүмдөрүндө адилеттүүлүк жок экенине күбө болуп жатам. Анткени шектүүнүн үстүнөн иштин кыскартылышы боюнча бизде көп суроолор жоопсуз калды.

Бизге бир милиция кызматкери шектүүнүн көрсөтмөсү жаздырылган аудиожазууну угузган. Анда ал бала уурулукту кантип пландаганын, үйгө кантип киргенин, уурдаганын айтып бериптир. Мындан тышкары шектүү кылмышты кантип жасаганын көрсөтүп берип жатканы милиция кызматкерлери тарабынан видеого тартылып алынган. Видео тартылганын карындашым көргөн. Бирок эмнегедир бул видео иштин материалдарында жок. Б.Мга карата кылмыш ишинин эмне себептен кыскартылгандыгын сурасак, “ал күнү шектүү Ысык-Көлдө тойдо болгон экен” дешти. Анын дасторкон үстүндө отурган видеосу бар экен. Бирок видеонун датасын алмаштырып койсо болот экенин тергөөчү өзү бир ирет бизге көрсөтүп берген. Бизде видеонун монтаж же монтаж эмес экенин текшерүүчү эксперттер жок экен. “Астанада экспертизадан өткөрсө болот” дешкенинен “кызматташалы, видеону бергиле, Астанадан экспертизадан өткөргөнгө жардам берейин” десем, “чоңдорго кол койдуруш керек” дешти. Мен 3-4 ай күттүм. Видеону беришкен жок. Ага чейин шектүү камактан бошотулду. Зер буюмдар баланын унаасынан табылып жатса, бирок анын күнөөсү жок болсо, анда зер буюмдарды унаага ким салды? Милиция ушул суроого да жооп берсин.

8-январда Башкы прокуратурага, ИИМге тергөөнүн тыкыр жүргүзүлбөй жана прокуратура тарабынан жакшы көзөмөлгө алынбай жаткандыгы боюнча арыз жазып кайрылдык. Бул иш боюнча башкы прокурордун кабыл алуусуна жазылдык. Ал бизди кабыл алабы, бул да чоң суроо. Кеп 60 миң доллар акча, 10 миң долларлык зер буюмдарда гана эмес, энемдин абалы тууралуу да болуп жатат. Энеме кол көтөрүп, карындашыма мылтык такап коркутушкан. Энем азыр көчөдө жалгыз баса албай калды. Катуу үн чыкса, чочуп кыйкырып жиберет. Моралдык зыянды да көңүл сыртында калтырбаш керек. Энемдин бетинде көк ала тактар бар болчу. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен да эч ким тааныштырган жок. Биз билбеген, жообун ала албаган көп нерселер бар. Ошол себептүү өкмөткө, президентке кайрылгым келет. Биз коркунучтуу жашоодо жашап жатабыз. Менин үй-бүлөмдөн башка канчалаган адамдар милиция кызматкерлеринин ушундай жоопкерчиликсиз мамилесинен жабыркап жатышат. Мен унчукпай, ырчылыгымды кылып жүрө берсем болот. Бирок аягына чейин күрөшүп башкаларга үлгү болушум керек. Кылмышкерлер кармалып өз жазасын албаса, ушундай иштер кайталанып, карапайым адамдар жабыр тарта берет. Кылмышкер акча бердиби, мен аны билбейм. Андай да болушу мүмкүн. Укук коргоо системи тазаланмайынча өлкөдө эркин, коопсуз жашоо болбойт.

Аталган кылмыш иши боюнча Октябрь РИИБи маалымат берүүдөн качууда. Иштин жүрүшүнө баам салып турабыз.

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноо иши: “Кылмышка шектүү эркиндикте“, - дейт ырчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2020-02-03 09:10:08
Билбейм,мага жон эле куноосу жок адамды кармап ,далилдерди келтиргенден кийин айласы жок калышып чыгарып жибергендей. Мирбек дагы "карындашым жуз процент тааныды"дебей калыптырго,"аудио жазмасын укту" деген вариантка алмаштырып калыптыр
0
Aimani
2020-02-03 12:35:00
Милиция 60$ди бөлүшүп алды да ишти жаап койду. Эмнеси түшүнүксүз. Балким ал бала, балким башка бирөө. Аны ошол милиция билет. Балким ошол баланы подстава кылабыз дешкен. Апасы арызданып, чуркап жүрүп алып калды. А ким ууру экенин менттер точно билет. 100% акчасын алфп коюшкан. Мирбек Атабеков аягына чейин чыгыш керек. Апасы үчүн чындык изде.
+3
Avrora2017
2020-02-03 17:11:58
Asmandan tushup kelgenddei mirbek adiletsiz dép bizde postoianno ele ushundaigo kachan adilettuluk boldu ele chonunan kichinekeinen beri uuru koruptionerler a emi menterge sottorgo soz jok lijby urvat kusochek kunoolu adamdy kunoosuz kylyp kishi olturguchtu chygaryp iet jakshylap tolop berse dolardan, chirip butkon bizde sot militsia sistemasy
+2
Saliman
2020-02-07 00:04:28
Мирбек аягына чык бул иштин куноолу жазалансын.милициялар менен сотторду ХХХХ аздык кылат аларга
0
№ 900, 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан