КОЙ (21.03-20.04)
Ички туюм жогорулап, маселелер боюнча тез жана туура чечимдерди чыгарасыз. Ийгиликке жетүү үчүн адамдарга мүнөзүнө жараша мамиле жасаңыз. Апта ички потенциалды ачууга, комплекстерди жоюуга да ыңгайлуу. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири күтүлбөгөн жакшы жаңылыгы менен кубандырат. Айрымдар жаңы жумуш издешет.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жакын адамдарыңыздын кээ бирлеринен чыныгы мамиленин жоголгонун сезесиз. Мисалы, алдаганын же бир сырды сизден жашыргандыгын билип каласыз. Тааныштарга жеке жашооңуз тууралуу айтпаңыз. Айткан сөздөрүңүз түбү барып кадыр-баркыңызга зыянын тийгизет. Жетекчилик ишиңизди байкоого алат. Жакшылап иштөө кажет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жетекчиликтин “кызматтан жогорулатам” деген убадасы аткарылбайт. Андыктан ишке илең-салаң боло баштайсыз. Жакын адамдар менен маанилүү маселелерди талкуулабай туруңуз. Чыгарылган чечимдер баары бир жакпайт. Карыздарды жабуу кыйынчылык жаратып, ойлонтушу мүмкүн. Апта акырында тилегиңиздин бири ишке ашат.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумушта, окууда жаңы нерселерди өздөштүрүү, үйрөнүү кыйындык туудурат. Бир жактарга барып-келүү ойдогудай ишке ашпайт. Планыңызды күтүлбөгөн кырдаал бузат. Айрымдар керектүү документтерди бүтүрүүгө киришишет. Диний фанаттардын таасирине кирип кетпөө сунушталат. Ооруп калбаш үчүн оор жумуш жасабаңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Каржылык маселени чечүү алдыңкы планга чыгат. Кандай болгон күндө да банктан насыя алуу сунушталбайт. Бойдоктордун тааныштарынын катары көбөйүп, ичинен бирөөнү тандоого мүмкүндүк түзүлөт. Үй-бүлөлүүлөр туугандарына конокко барышат же аларды коноктошот. Үй жумуштарын үйдөгүлөргө бөлүп бербесеңиз эс албай каласыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бир иштер боюнча келишим түзгөндө баарын кылдат талдабасаңыз, артында өкүнүп каласыз. Айрымдар жан шеригинин кызганычына туш келип, кейийт. Жашоого башкача көз караш менен кароого сиз туш болгон окуя же балдарыңыз таасир этет. Тааныштардан чакан белек алууңуз күтүлүүдө.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада иммунитет төмөндөйт. Гриппке чалдыкпоо үчүн алдын ала кам көрүңүз. Пайда болгон маселени өз алдынча чечүү керектелет. Пайдалуу адам менен таанышууңуз ыктымал. Айрымдар көндүм жашоого өзгөртүү киргизүү тууралуу ойлонушат. Үй-бүлөлүк каражат бир топ сумма менен толукталып, базар кыдырууңуз мүмкүн.
Ишенген адамыңыздын сөзү менен иши эки башка чыгып, көңүлүңүз сууйт. Ушундан улам өз алдынча аракеттенүүгө туура келет. Балдар бир топ машакат тартуулайт. Достор жаңы идеяны сунушташат. Бойдокторго баш кошуу тууралуу шашылыш чечим кабыл алуудан мурун сезимдерди дагы бир ирет талдоодон өткөрүү сунушталат.
Аптада үйдөгүлөргө кандай ой-пикир айтсаңыз да жакпайсыз. Ачууланбай өз ишиңизди аткара бериңиз. Үйгө керектүү майда нерселерди сатып алышыңыз мүмкүн. Жашооңуздун оңолушуна салым кошчу адам менен баарлашып, жаңы кеңештерди угасыз. Бирөөнүн таасири менен акчаны туура эмес жакка жумшоодон карманыңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада алдамчы жана уурулардан сак болуу кажет. Жаңы маалыматтар менен тааныш болуп туруңуз, жашооңузга кереги тийиши мүмкүн. Пландаган ишиңизди бүтүрүүңүз күмөн, анткени ортодо башка иштер чыгып калат. Айрымдар юридикалык маселени чечүү үчүн керектүү адистерге барышат. Апта аягында бир иш-чарага катышууга чакырык алышыңыз ыктымал.
Акчаны, документтерди жоготуп албоо үчүн бекем, ишенимдүү жерге катыңыз. Жаныңызда алып жүрбөңүз. Жетекчилик менен ачык сүйлөшүүгө камданып жүргөндөр, ишке киришиңиз, ылайыктуу апта. Ашыкча уят-сыйыттуу боло бербей, сунушталган нерсени алуу оң. Балдарга керектүүлөрүн сатып берип, кубантасыз.
Аптада улам өзгөрүп туруучу кырдаалдар сизди ар тараптан сынайт. Өзүңүзгө болгон ишенимди жоготпой, кыйынчылыкка чыдап койсоңуз, баары жакшы болот. Башка шаарда же айылда, же чет өлкөдө жашаган жакыныңыз жаңылык айтат же акча жөнөтөт. Бош убакта көңүл ачуучу жайлардан баш тартып, жеке эс алуу, гардеробду иргөө оң.