Кыргыз эстрадасынын түптөлүшүнө салымын кошкон ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева 50 жашка толду. Ырчы Бишкектеги тойканалардын биринде жакындарынын, досторунун, санаалаштарынын башын бириктирип той берди.
– Негизи туулган күнүм сентябрь айында. Ал учурда кызым менен Түштүк Кореяда эс алып жүргөм. Тойду кызымдын каникулуна туштап 24-январда өткөрдүм. Бир туугандарымдын, эл-журттун, кесиптештеримдин батасын алдым. Юбилейим ойдогудай өттү,- дейт ырчы.