Бир күнү Бишкекте, кийинки күнү Ошто. Бул адамдын дайыма иш үстүндө жүргөнүн көрөбүз. Ал иш деп жүрүп кээде жумалап балдарын да көрбөй каларын айтат. Каарманым элге Дөөпараз аты менен таанылган күлкү жаратуучу, актёр, вайнер, ишкер, 2018-жылы “Жылдын кыргыз тилдүү супер вайнери” аталган Эмил Токтошев.– Саламатсызбы, Эмил? Бир карасак Ошто, бир карасак Бишкекте жүрөсүз. Эмне менен алексиз?
– Саламатчылык. Вайн тартуу, тасмага тартылуу, тамадалык кылуу, тез тамактануучу жайларымды иштетүү менен алектенип жүрөм. Бишкек, Ошто биригип 5 кафем бар. Жакында алтынчы филиал ачылат. Келечекте ар бир облуста кафе ачкым келет. Мындан тышкары учурда Сапар Сайназаров режиссёрлук кылган “Love is” тасмасына тартылып жатам.
– Тасмадагы образыңыз кандай?
– Жашоодо кандай болсом, ошондой адамдын образын жаратып жатам. Сиз “дагы эле дөөпараздын ролун ойноп жаткан турбайсызбы” деп койбойсузбу (күлүп). Тамаша, бул тасмада кыздардын артынан чуркап, сүйүү издеп жүргөн баланын ролун аткарып жатам.– Көбүнчө “дөөпараздын образын жаратып бериңиз” деген сунуштар түшөт окшойт?
– Ооба, “Түндүктүк келин” тасмасында жараткан образым режиссёрлорго жагып калган. Ошол себептүү дөөпараздын, акылы кем адамдын ролун сунуштай беришет. А мен роль тандабайм.
– Дөөпараз деп элге таанылып калган жаман болсо керек, ээ?
– Досторум, тааныштарым да “дөөпараз деген аттан уялбайсыңбы?” деп сурай беришет. Жок, уялбайм. Бул тасмадагы образ, жашоодо андай эмесмин. Дөөпараз деген аттын артынан көп ийгиликтерге жеттим, күйөрман топтодум, бир топ тасмаларга тартылдым. Бул ат биздин үйдө да көп колдонулат. Улуу баламдан “кимдин баласысың?” деп сурашса, “Дөөпараздын баласымын” деп жооп берет. Кээде балам тамашалап “Эй, Дөөпараз” деп кайрылат. Баса, дагы бир жаңылыгым бар. Жакында “Дөөпараз” деген тасма тартабыз. Мен башкы ролду аткарам.– Жакшы. Өзүңүздүн актёрдук чеберчилигиңизге кандай баа бересиз?
– Мен өзүмө баа бере албайм. Эл баа берсин. Сындагандар да, мактагандар да бар. Мен колумдан келишинче аракет кылып жатам.
– Вайн тууралуу сурайын. Өзүңүздүн вайндарыңызга күлөсүзбү?
– Күлөм, күлгөнүм үчүн тартып жатам да. Күлкүлүү эмес болсо деле күлүп коё берем.
– 2018-жылы “Супер-Инфо” гезитинин “Жылдын кыргыз тилдүү супер вайнери” номинациясын жеңип алгансыз. Ошол күндү эстеп айтып бериңизчи, кандай сезимдер болду эле?
– Аябай кубангам, толкундангам. Баары эле билет, “Супер-Инфонун” сыйлыгын алуу – өтө чоң сыймык. Азыр ал статуэтка менен диплом кафелеримдин биринде турат. Эл киргенде эле көрүнө тургандай коюп койгом.
– Сыйлыктарыңыз көп болсун! Ошондо куудул Тынар Курбаналиев сизге сыйлык тапшырып жатып “Эмилдин вайндары Бишкектеги оштуктарга расса жагат да” деген эле. Анын оюна кошуласызбы?
– Туура эле айткан. "Тамашоудо" да биздин тамашаларыбызга бишкектиктер түшүнбөй калышчу. Биз бир аз башкача сүйлөйбүз го, аны оштуктар жакшы түшүнөт. Оштуктар күлсө, башкалар алардан “эмне деди?” деп сурашчу (күлүп).
– "Тамашоудо" «No Name» командасында ойнодуңуз. Бирок кийин командада келишпестиктер болуп, экиге бөлүнүп кеттиңиздер эле. Азыр мамилеңиздер кандай?
– Көптөр бизди урушуп кетишкен деп ойлошот экен. Бирок биз урушуп-талашкан эмеспиз. Жөн гана эки башка команда болуп иштөөнү туура көргөнбүз. Анткени популярдуу боло баштаганда ар бирибизде "мындан да көбүрөөк таанылсам" деген амбиция болду.
Ушунун айынан жаман-жакшы айтышып кетпеш үчүн бөлүнүп кеткенбиз. Бирок азыр мамиле биз аябай жакшы, катташабыз.
– Сиз клиптерге пародия тартып да жүрдүңүз. Башка ишке алаксып токтотуп койдуңузбу?
– Ооба, бир кезде орус, кыргыз ырчыларынын клиптерине пародия тарттым. Орусиялык “Serebro” тобунун “Между нами любовь” ырынын клибине пародия тартсак, аталган топ биздин пародияны жактырып, Инстаграм баракчасына бөлүшкөн. Ырчы T-Killah “Ноги молодцы” ырына пародияга сынак жарыялаган эле. Ал сынактан 10 миң рубль утуп алгам. Егор Криддин бир клибине да пародия тартып, андан 15 миң рубль уткам. Бирок Криддин акчасын ала элекмин, алып коюш керек эле. Кыргыз ырчыларынын клиптерине да пародия жасадым. Орус ырчылары юморду түшүнүп, капа болушпайт экен. Биздикилер жаман көрүштү. Ошол себептүү ал ишти улантпай калдым.
– Социалдык тармактагы баракчаңызга жазылган комментарийлерди окуп турасызбы?
– Окубайм. Анткени мактап жазгандар менен катар жамандап же сөгүнүп жазгандар бар. Жаман комментарийлерди окусам, көңүлүм түшүп калат. Ошондуктан окубаганга аракет кылам.
– Ишкерлик же чыгармачылык? Кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын? Кайсынысы кирешелүү?
– Экөөнүн бирөөсүн танда десе, чыгармачылыкты тандамакмын. Ал эми каражат маселесине келсек, чыгармачылыктан акчаны оңой табасың. Мисалы, тойду алып барсаң 4 сааттын ичинде акча табасың. Бирок оңой табылган акча оңой жок болот экен. Каякка кеткенин өзүң да түшүнбөй каласың. Ишкерликтен каражатты кыйналып табасың, бирок ал жугумдуу болот.
– Футболго кызыгарыңызды билебиз. Өзүңүз да ойнойсузбу? Кайсы команданын күйөрманысыз?
– КВНге келе электе футбол ойночумун. Жакшы ойнойм деп айта албайм. Топ тепкенди, пас бергенди, топтун тоголок экенин билем. Өзүм “Ак шумкардын” фанатымын. “Реал Мадридди” колдогончо “Ак шумкарды” колдогон жакшы. Командадагы ар бир оюнчуну сыйлайм, колдойм. Айрыкча Али Ифлазоглу деген кыргыз футбол күйөрманынын фанатымын. Ал биздин духубузду көтөрүп турат. Кыргыздар эмнегедир анчалык колдоо көрсөтпөйбүз.
– Аңчылык да кыласыз. Жаныбарларды, жаратылышты коргоо сизди ойлондурбайбы?
– Ооба, аңчылык кылууга уруксат алгам. Эл “жаныбарларды атып жатасың” деп жаман көрө беришет. Бирок мен аңчылыкка жаныбарларды атуу үчүн чыкпайм. Мага того чыгуу, жаратылыштын коюнунда, таза абада жөө баскан жагат. Басып жүрүп кыйналган, чарчаган, бутумдун суу болгонунан бери жагат. Ошентип эс алуу үчүн чыгам. Мага олжолуу кайтуунун зарылчылыгы жок. Эс алып келсем болду. Кээде курал албай эле чыгып кетем.
– Үй-бүлөңүз тууралуу кеп салып берсеңиз. Балдарыңыз чоңоюп калыштыбы?
– 2 уулум бар. Улуусу беш жарымда, кичүүсү үч жарым жашта. Келинчегим биздин кафелерди иштетет. Мен көпчүлүк учурда тасмага тартылуу, той алып баруу менен алекмин. Ошол себептүү балдарымдын бири чоң эне-чоң атасыныкында, экинчиси таене-таятасыныкында болуп калат. Кээде бир жума балдарыбызды көрбөй калган учурлар болот.
– Балдар ата-энесинин көңүл буруусуна муктаж да...
– Учурда балдардын, ата-энемдин жашоосу жакшы болсун деп аракет кылып иштеп жатабыз. Ишибизди таштап коё албайбыз да. Убактымдын болушунча балдарыма көңүл бурам. Бирок балдарыбыз биздин жаныбызда эркелеп жүрө беришет. Ата-энелерибиздин жанында болгондо бир нерсе үйрөнүшөт. Мисалы, орус тилин алардын жанында жүрүп үйрөнүп жатышат.
– Балдарыңыз бактылуу балалыкта чоңоюшсун! Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg