Көп ырчылар жаңылап ырдап чыгышканы менен, «Кыргызымдын жигиттери» кыргыз элине Клара Алибекованын аткаруусунда сиңди. Бул ыр азыр да популярдуулугун жогото элек. Жигиттерди даңктаган ырдын жаралуу тарыхына үңүлүп көрдүк.
Кыялбек Урмамбетов, акын: «ЖЫЛДЫН ЫРЫНА КӨРСӨТҮЛГӨНДӨ АТЫМ АТАЛБАЙ КАЛГАН»
– Бул ырды Союз тарай электе, болжол менен 1984-85-жылдары жазгам. Биринчи Тургуналы Нурматов (ред.: обончу, ырчы) обонун жазган экен. Мага кайрылып «патриоттук духту көтөргөн жакшы бир текст жазып берчи, обону даяр, мына» деп уктуруп калды. Ал биринчи ырдын сөзүн жаздыруу үчүн акын Акбар Рыскуловго кайрылыптыр. Ал ыр жазып бериптир, жоолук таштамай сыяктуу оюндардын бирин сүрөттөгөн текст жазган окшойт. Тургуналы болсо «мага кыргыздын жигиттери тууралуу ыр жазып бериңиз, бул жарабайт» деп айтыптыр. Акбар агай «мен бир ырга эки жолу кайрылбайм. Кыялбекке барсаң ошол жазып берет» деп менин телефонумду берип жөнөткөн экен. Канча убакытта жаздым эсимде жок. Тургуналы Таласта жатып алып мага телефон чала бергени эсте калыптыр. «Ай, бүттүбү?» деп эле улам чалган сайын ырдын ар бир куплетин жазып телефон аркылуу айтып берип жаттым. Ал кезде гонорарга ыр жазчу эмеспиз. Ырыбыз чыгып жатканына сүйүнүп бекер жазып берчүбүз. Кийин заман өзгөргөндө гонорар алып баштадык. Бул ырды Тургуналы өзү көп жыл аткарып жүрдү. Мени эң биринчи атам келип куттуктады. Бир жерден угуп калып ыраазы болуп сүйүнүп келиптир. «Ай, жанагы «Кыргызымдын жигиттери» деген ырды жазган турбайсыңбы. Ошол ыр мага жакты, жакшы чыгыптыр» деген. Тургуналы өзү деле жакшы ырдайт. Бирок «Кыргызымдын жигиттери» деп жигиттин ырдаганы өзүн-өзү мактагандай болуп ага жарашпай калат экен. Элге Клара Алибекованын аткаруусунда жакшы алынды. Кыз жигиттерди даңктап ырдаганында башка бир энергетика, чындап ыраазычылык билдиргендей туюлган.
Бул ырдын күйгүлтүгү да болгон. 1993-жыл болуш керек, «Кыргызымдын жигиттери» «Жылдын мыкты ыры» деген номинацияда жеңүүчү болгон. Сыйлык тапшыруу аземинде автор катары Тургуналы Нурматов дагы сахнага чыккан. Бирок текст боюнча бир да сөз болгон эмес. Баарын эле Нурматов өзү жазып салгансып чыгып, сыйлыкты алып түшүп кетти. Алпаруучулар деле «тексттин автору ким?» деп сурашса болмок да. Эми бул өзүбүздүн маданиятыбыздын жетишпегени. Болбосо тексттин автору сөзсүз айтылуусу керек. Тургуналы «мага дагы текст керек» деп кайрылган учурлары болду. Көп эле аткаруучулар ырдашты, элге жакты, мага ошонусу сыймык.
Тургуналы Нурматов, ырчы, обончу: «КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ ВИЗИТТИК КАРТОЧКАМ»
Обончу Тургуналы Нурматов буга чейин гезитибизге берген маектеринин биринде ыр тууралуу төмөнкүлөргө токтолгон:
– «Кыргызымдын жигиттери» менин визиттик карточкам. «Кыргызымдын жигиттери» аттуу топ түзүп Бишкекте 1991-жылы концерт бергенбиз. Афишада 3 күн деп жазылган. Элдин суранычы менен 17 күн концерт койгонбуз. Сахнага чыкканда аккордеонумду алып 5-6 ыр ырдачумун. Ырдап бүткөнчө сыгып алма суу болуп, тердеп улам көйнөк алмаштырчу элем. Ошол концертимден түшкөн акчага борбордон жана Таластан үй сатып алгам. Ден соолугума байланыштуу чыгармачылыктан алыстап кеттим. Аталган ырга клип тарттырганда ага уулум Ислам катышкан эле. Клара Алибекова, ырчы: «ТУРГУНАЛЫ НУРМАТОВ ЫРААЗЫ БОЛГОН»
– «Кыргызымдын жигиттери» ырын ырдап чыкканда 5-класста окучумун. Ырдап элге тааныла баштаган учурум эле. Биздин райондо музыкалык ансамбль бар болчу. Мен ал топтун солисти элем. Ошол топтун жетекчиси «бул ырды ырдайсыңбы?» деп калды. Ал кезде «Ала-Тоо таңшыйт» деген ыр китеп бар эле, ошондон текстин көчүрүп, жаттаганга берди. Сөздөрү узун эмеспи, жаттаганда бир аз кыйналгам. Сөзүн жаттап, жаздырып ырдап чыктым. Бул ырды ырдаганда эл сахнадан коё бербей кайра-кайра ырдатышчу. Бишкекте биринчи жолу «Мыскыл жана тамаша» теледолбоорунун концертинде ушул ырды ырдагам. Куудул Жаныбек Алыкулов ата-энеме келип мени сурап алып кеткен. Борбордо да аябай жакшы кабыл алынды. Ушул ыр менен белгилүү болдум десем болот. Ошондо чоң сахнага чыкканымда Тургуналы Нурматов залда отурган экен. Ырдап бүткөндө колума мамалак жумшак оюнчук карматып, эки бетимден өөп, көтөрүп, аябай эркелетип ыраазы болгон. Азыркыга чейин бул ырды ырдасам жакшы кабыл алышат. Менден кийин да көп ырчылар ырдашты. «Жебе» тобунун жигиттери, «Кыз-Бурак» тобу, Чолпон Талипбек да ырдап чыкты. Бирок элге менин аткаруум жагат окшойт. Аны жазылган комментарийден улам байкап калам.
«КЫРГЫЗЫМДЫН ЖИГИТТЕРИ»
Сөзү: К.Урмамбетовдуку
Обону: Т.Нурматовдуку
Ала качып, ала качып,
Аргымактар арыш керет.
Азанатып, азанатып,
Азаматтар намыска бек.
Шамдай жанып алышып,
Шамал менен жарышып,
Жүзүн сүртүп булутка,
Жүрөгү от, каны ысык.
Ала-Тоону бел кылып,
Ата Журтту дем кылып.
Абалтадан шок болот,
Алоолонгон от болот.
А болбосо жок болот,
Кыргызымдын жигиттери!
Дүңгүрөтүп, дүңгүрөтүп,
Жердин үстүн тулпар келет.
Дүркүрөтүп, дүркүрөтүп,
Дүйнө жүзүн шумкар келет.
Кымыңдашат кыргыздар,
Жымыңдашат жылдыздар.
Ал анткени алардын,
Арасында Чыңгыз бар.
Аалам кезет жомоктой,
Ак калпагын жоготпой.
Акыл-эсин камчылап,
Аккуладай алкынат.
Ай-жылдызга талпынат,
Кыргызымдын жигиттери!
Учту мына, учту мына,
Айчүрөкпү же ак куубу?
Шукшурулат, шукшурулат,
Жигит шумкар сыяктуубу?
Закымдады кыз улам,
Жакындады боз улан.
Ана жетти, жетти, жетти,
Бек кучактап кетти, кетти, кетти.
Ак сүйүүгө бек болот,
Ак достукка чеп болот.
Кызыл гүлүң соолбосун,
Кыдыр болуп жолдошуң,
Кыраан Манас колдосун,
Кыргызымдын жигиттери!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg