Каарманым ырчы Гүлзат Байзакова менен байланышып, үн жаздыруучу студияда баарлашууну болжоштук.
“Апакем – күн сымал жылынарым, Апакем – эң ыйык сыйынарым”...
Дал ушул саптарын кайталап, созолонто ырдап, жаңы ырдын үстүндө иштеп жаткан экен. Ырчы менен иш үстүндө маек курдук.
– Саламатсызбы, Гүлзат айым? Өнөрүңүздү тартуулап эл алдына чыккан күндөн бери бир калыптан жазбай келесиз. Мунун сыры эмнеде?
– Эң биринчиден, Кудай Таалам берген өнөр, анан ар бир мезгил өзүнүн талантын баалап алат эмеспи. Анын сыңары мезгилдин агымы менен эле баратканым болсо керек. “Тулпар тушунда” деп коёт. Жаңы чыккан кездегидей жаркырап турбасак дагы, элдин назарынан түшүп калган жокпуз. Эми мен улуу муундагы ырчыларга кирип калдым. Кудайга шүгүр, артыбыздан ушунчалык таланттуу, өнөрлүү жаштар өсүп келе жатат. Аларды карап суктанам, кубанам. Аларга үлгү болгондой эмгектенүүгө аракеттенем.
– Ошол өсүп келе жаткан таланттуу муундун арасында өзүңүздүн уулдарыңыз да бар...
– Ооба. Экөө тең Шубин атындагы музыкалык мектепти бүтүрүшкөн. Андан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аякташты. Улуу балам Камбар учурда консерваториянын композитор бөлүмүндө 4-курста окуйт. Үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу учурда академиялык өргүүдө жүрөт. Бирок чыгармачылыктагы ишин токтоткон жок. Эстрадалык ансамбль менен жандуу концерт берген ырчылардын баары менен иштешип келет. Мисалы, жакында эле Ырыскелди Осмонкуловдун концертин өткөрүшсө, учурда Гүлнур Сатылганова менен иштешип жатат. Өзү клавишада жана кыргыздын бардык үйлөмө аспаптарында ойнойт. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Ал эми кичүү уулум Эмил консерваториянын виолончель жана комуз аспаптары боюнча факультетин аяктаган. Учурда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Эл ырчысы Эстебес” тобунда иштеп жатат. Андан тышкары өзү окуп бүтүргөн “Устат-шакирт” борборунда эмгектенип, 5 баладан турган “Мурас” тобундагы ишин улантууда. Ал эми кызым 2-класста окуйт. Чыгармачылыкка кызыгуусу байкалган жок.
Айтор, уулдарыбызга кичинесинен ишеним артып, кыйналып-кысталып музыкалык мектепке окутуп, чыгармачыл чөйрөгө багыттаганыбыз туура болгонун минтип далилдеп жатышкан учур. – Кепти сиздин өмүр жолуңуз туурасында улайлы деп турам...
– Бала чагымда эки бетим бултуйган, бети кызыл кыз элем. Окуучу куракта болсо волейболду катыра ойногон, 1500 метр кросс чуркаган, бир араба чөптү чалгы менен чаап, аны өзүм арабага жүктөп үйгө ташыган, эшек минип мал жайган, кара күчкө толгон кыз болдум. Бир короо картошканы өзүм тигип, түптөп, түшүмүн жыйнап, эркектин да ишин жасап, кыздын да милдетин унутта калтырчу эмесмин. Мектепти аяктагандан кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын астындагы эки жылдык студияда окудум. Ирина Алексеевна, Жумабек Алиевич деген мугалимдерге туш болдум. Алар бир гана кесиптик тарбия эмес, адамдык сапаттарга да тарбиялап өстүрүштү. Жол көрсөткөн мугалимдеримдин бири, “Ак шоола” балдар хорунун жетекчиси Гүлмира Эсенгулова болду. Ал өзгөчө орус тилинен көп жардам берди. Ошол кезде “ата-энеме жүгүмдү артпайын” деген ниетте театрдын полун жууп ишке кирип алгам. Экинчи кабаттагы Болот Миңжылкыев, Айсулуу Токомбаева, Артык Мырзабаев сыяктуу Советтер Союзунун Эл артисттеринин бөлмөлөрүн “сен таза жууйсуң” деп мага беришкен. 20 сом стипендия алчубуз. Анын 10 сому жатаканадагы тамак-ашыма, 10 сому жолума кетчү. Ал эми пол жууганым үчүн 76 сом айлык алчумун. Таза жууганым үчүн кийинчерээк 96 сом кылып көбөйтүп беришти. Бул чоң акча эле. Ошентип студент кезде эле бай жашадым.
Студиядан вокал бөлүмүн аяктагандан кийин институттун хор-дирижёр бөлүмүндө окудум. Мугалимдерим “сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң? Вокал жаатында кетишиң керек, үнүң Салима Бекмуратованыкына окшош” деп калышар эле. Ал эми ыраматылык Салима Бекмуратова студияда окуп жүргөндө “айылдан келип алып эле аңылдап ырдай бербегиле” деп урушуп койгону үчүн жактыра берчү эмесмин.
Студенттик кезим абдан жакшы өттү. Кийин хордо иштедим. Көп өтпөй “Камбаркан” тобу ачылып “убактылуу иштей тур” деп костюмер катары ишке алышып, ал жерде 15 жыл иштедим. Кийин “Ордо Сахна” этно-ансамблине Нурлан Нышановдун чакыруусу менен барып “Кыйылып турам” аттуу багымды ачкан ырды аткарып калдым. Анда да Чолпон Жапарова “эже, жакшы ырдап берсеңиз 1000 сом беребиз” деди. 200 сом айлыкка бир ай иштеген жаным ичимден “ырас болду, 1000 сом берсе балама бут кийим сатып берем” деп ойлодум. Азыр бул коллективди менин тумарым деп калам. Андан кийин обончу, ырчы Айбек Карымов менен “Дил кайрык” чыгармасын аткарып элдин назарына түштүм. Кудай мага чыгармачылык жолдо жакшы адамдарга жолуктуруп, ошол адамдар мени сүйрөп кетти деп айтар элем. Болбосо көр тиричиликке түшүп кеткен кездер болгон. – Ошондо сиз ырдап чыкпай калышыңыз да мүмкүн беле?
– “Балдарымды окутайын, мен жетпеген нерсеге балдарым жетсин” деп суткасына 2 эле саат уктачумун. Университетте ашпозчу элем, таңкы үчтө туруп пирожки, торт жасайм. Таңкы саат 6да окуу жайга келип жасагандарымды сатып, балдарыма күнүмдүк жол кире чыгарам. Анан кайра “Камбарканга” жумушка келем. Кечкисин концерттер болот. Ошондой оор күндөрдү басып өтсөк дагы балдарыбызды адал эмгек менен багып, чоңойтконубузга сыймыктанам.
– Акыркы жылда ыр жаздырбай, чыгармачыл чөйрөдөн көрүнбөй кеттиңиз. Апаңызды акыркы сапарга узаткан экенсиз, арты кайрылуу болсун!
– Ооба, бул жашоодо жакшы менен жаман, ак менен кара жанаша жүрөт экен. 8 ай болду, атам ооруп жаткан учурда күтүүсүздөн апамдан айрылдым. Ошондон бери жашоом мурдагыдай болбой калды. Аска-зоом кулап, бөксөрүп калдым. Апам каза болгондон кийин ырдамак тургай, сүйлөгөнгө үнүм чыкпай, үнүмдү жоготуп алдым. Апамдын сөөгүн алып кетип жатышканда келме келтирип, карманып турганга аракеттенип жаткам, апамдын карааны алыстап баратканда бир кыйкырып, ыйлап алайын десем үнүм жок.
Сахнадан алыстап, чакырган жерлерге барбай жүрдүм. Ошондон бери мурдагы жеткен ноталарга азыр үнүм жетпей жатат. Үнүм толук ачылып, калыбына келе элек. Күчтүү дары-дармектерди ичүүгө туура келди. Ошол күндөн бери апамды да, үнүмдү да таппай калдым. Бүгүн биринчи ырымды жаздырып жатам. “Апам мен үчүн өлгөн жок” деп “Апакем” деген чыгарманы аткарууну туура көрдүм. Менин ырдаганымды апам жактырар эле, дайыма “ырдаса экен” деп турчу. “Мен үчүн эң бир кымбат сенин барың” деп ал ырда айтылгандай, апанын бары эле бакыт экен. Бирок, тилекке каршы, бул жашоодо менчилеп апасын жоготкондор көп. Апасы тирүүлөр бактылуу. Адамга берилген бакыт – бул тирүүлүк. Өзүм эне болсом да энемдин ордун эч ким баса албайт. Апам мен тирүү турганда жүрөгүмдө жашай берет. Качандыр бир кезде ээрчип аркасынан барармын, апамды ошол жактан табармын...
“Супер-Инфого” жана “Супер TV'га” рахмат айтар элем. Апам тирүү кезинде келип маек алган элеңер. Азыр апамды сагынганда ошол маекти көрүп коймоюм бар.
– Кайрат кылыңыз, кайгыңызды тең бөлүшөбүз!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg