КОШ, КОБИ! Баскетбол тирүү легендасынан айрылды...

«Билем, жүрөгүм дагы да көп тоскоолдукту жеңерин, бирок денем айтып турат, баскетбол, сага кош дээр күн келгенин... Биз билебиз, мындан ары эмне болсо да, шакекчеге топ көтөргөн жигит бойдон кала берерим... Сага болгон сүйүүм чексиз...» Ооба, бул анын баскетбол менен коштошуусу эле. 26-январда бүтүндөй дүйнө элин коштошууга мажбурлап 41 жаш курагында легендарлуу баскетболчу Коби Брайантты шум ажал дүйнөдөн алып кетти. Аз, бирок өрнөктүү өмүр. Коби, сен түбөлүксүң, кылымдар сени унутпайт...

КАРГАШАЛУУ КЫРСЫК

«Жок! Мүмкүн эмес! Жалган дегилечи, суранам!..» Канчалаган спортчулар, күйөрмандар, деги эле дүйнө эли бул суук кабарды жалганга чыгаргысы келди. Бирок айла жок, спорт дүйнөсү оор жоготууга учурады. Жакындарын, досторун кайгыга салып, дүйнөнү бир эңшерилтип Кара мамба атыккан легендарлуу америкалык баскетболчу Коби Брайант мезгилсиз дүйнө салды.

26-январда АКШнын Калифорния штатынын Калабасас шаарында Коби Брайанттын жеке тик учагы кырсыкка учурады. Бортто Брайант, анын 13 жаштагы кызы Жианна Мария жана дагы 7 киши болгон. Кырсык аба ырайынын кесепетинен болгон, тумандан улам башкаруучу тең салмактуулукту жоготуп, тоого урунган деп айтылды. Тилекке каршы, жүргүнчүлөрдүн эч бири тирүү калган жок.

Алар Эль Монте шаарына Кобинин кызынын машыгуусуна багыт алышкан. Жианна да ата жолун жолдоп баскетбол ойночу. Ата-кыздын ортосундагы өзгөчө жакындыкты, сүйүүнү экөө сүрөткө чогуу түшкөн ар бир кадр чагылдырып турат.

Спортчунун артында 20 жыл бирге жашаган жубайы Ванесса жана үч кызы калды.

ТОП-5. КОБИДЕН ЛЕБРОН АШЫП...

Кобинин социалдык тармактардагы акыркы посту «Лейкерс» баскетбол клубунун учурдагы лидери Леброн Жеймске арналган. Анда «Оюнду алга сүрөй бер, Леброн. Сени абдан сыйлайм» деп жазган. Дал ошол 26-январда Леброн УБАдагы оюндарында топтогон упайларынын саны боюнча Кобини ашып өтүп, 3-саптан орун алган.

Карим Абул-Жаббар – 38 387 упай

Карл Мэлоун – 36 928 упай

Леброн Жеймс – 33 655 упай

Коби Брайант – 33 643 упай

Майкл Жордан – 32 292 упай

ТАРЫХКА ИЗ КАЛТЫРГАН ӨМҮР

Талыкпаган эмгектин артында спорт тарыхына өз атын алтын тамгалар менен жазып, бүт өмүрүн баскетболго арнаган Коби Брайант 1978-жылы 23-августта АКШнын Филадельфия шаарында баскетболчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кичинесинен эле баскетбол ойной баштаган. Спортчу профессионалдык карьерасын 1996-жылы «Лос-Анжелес Лейкерс» баскетбол клубунда баштаган. Дээрлик 20 сезон ойноп, мыктылыгын көрсөтүү менен 5 жолу УБАнын (Улуттук баскетбол ассоциациясы) чемпиону (2000, 2001, 2002, 2009, 2010) болсо, АКШнын улуттук баскетбол курамасы менен
2 жолу Олимпиада чемпиондугун («Пекин-2008», «Лондон-2012») багындырган. УБАда эң баалуу баскетболчу наамына 4 жолу татыган бирден-бир оюнчу болгон. Ал карьерасын 2016-жылдын апрелинде жыйынтыктаган.

Спортчу үчүн үй-бүлө биринчи орунда болгонун достору эскерүүдө. Ал 2001-жылы мексикалык бийчи кыз Ванессага баш кошкон. Анын үйлөнүүсүнө каршы болгон ата-энеси, туугандары, ал тургай баскетболдо бирге ойногон өнөктөштөрү да тоюна келүүдөн баш тартышкан. Түгөйлөр 2003-жылы Наталия, 2006-жылы Жианна, 2016-жылы Бьянка жана 2019-жылы Капри аттуу кыздуу болушкан.

Ийгиликти кайда болбосун жаратууга мүмкүн экенин Коби дайыма далилдеп келген. Спорттон кетерде баскетболго арнап ыр жазган. Анын негизинде өзү продюсерлик кылган «Кымбаттуу баскетбол» фильми 2018-жылы «Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык фильм» наамында «Оскар» сыйлыгына татыган.

ДҮЙНӨ КОБИНИ ЖОКТООДО

Ал күнү легенда менен күтүүсүз түбөлүккө коштошуп каларын ким ойлосун? Суук кабарды укканда спортчунун ар бир замандашынын жаны жай таба алган жок. Эфирлерде ал тууралуу кеп кылып, социалдык тармактар Кобинин сүрөттөрүнө толуп, спортчу, саясатчы ырчы дебей дүйнөнүн булуң-бурчу Мамбаны эскерип жаткан чагы.

Леброн Жеймс суук кабарды аэропортто уккан. Көз жашын тыя албаган ал: «Орду толгус боштуктан ушунчалык жанчылып турам. Сен жана Жижи менин оюмдасыңар. Ортобуздагы туугандык, достук, баары көз алдыма тартылууда. Жекшембинин таңында, дал ошол учуунун алдында телефондон мен сенин үнүңдү уккам. Бул биздин акыркы сүйлөшүү экенин ойлоо мүмкүн эмес эле. Баарыбыз үчүн, айрыкча «Лейкерсте» сенин ордуң чоң. Сенин ишиңди улантууга убада берем. Эми жоопкерчилик менде».

Шакил-Коби. Кезинде «Лейкерстеги» бул эки спортчунун дуэти клубга удаасынан чемпиондуктарды алып келген. Шакил О`Нил: «Өз кызымдай жакшы көргөн Жижини, досумду, тууганымды, жеңиштүү чемпиондуктарда бирге ойногон өнөктөшүмдү түбөлүккө жоготуу!.. Бул абалды сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес.

Коби үй-бүлөгө абдан камкор болчу. Бизди бириктирген дагы бир окшоштук – үй-бүлөгө болгон сүйүү. Биз бири-бирибиздин балдарыбызды ушунчалык жакшы көрөр элек. Өмүр ушунчалык кыска, жакындарыбызга сүйүүбүздү билдирүүбүз кажет. Досум, мен сени эми эле сагына баштадым! Бизге эми сен жетишсизсиң».

Жубайы Ванесса Брайант: «Бул оор учурда кайгыбызды тең бөлүшүп бизге колдоо көрсөтүп, жакшы сөзүн арнап, биз үчүн сыйынган миллиондогон адамдарга ыраазычылык билдиребиз. Азыр алардын колдоосу бизге абдан керек. Сүйүктүү жолдошум, кыздарымдын атасын, чырактай кызым Жианнаны кокустан жоготуу дүйнөбүздү аңтарып кетти. Азыр жан дүйнөбүздөгү абалды жеткирип жазууга сөздүн күчү жетпес. Аларсыз жашоону элестетүү кыйын. Бирок биз ар бир күнү жашоонуу улантууга аракет кылуу менен ойгонуудабыз. Анткени Коби, Жижи бизге жарыгын чачып турат. Мен аларды кучактап, өөп, эркелетким келип жатат. Силерге болгон сүйүүбүз чексиз. Түбөлүккө биз мененсиңер!..»

АКШнын экс-президенти Барак Обама: «Коби спорт аянтчасында легенда болгон жана түбөлүк легенда бойдон кала берет. Жианнаны жоготуу ата-эне катары бизге дагы оор болду. Мишель экөөбүз Ванессага жана үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз».

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
bulathan
2020-02-10 09:21:13
кырсыкда
+1
murat17
2020-02-10 13:53:42
Коби чынында НбАнын легендасы эле
+4
Myrzan
2020-02-10 21:48:39
murat17,Коби жалан эле НбАнын,жалан эле баскетболдун эмес ,жалпы дуйнолук спорттун легендасы болчу!
+1
manatova
2020-02-14 16:04:08
кыска экен да омуру бирок аркасына кандай гана из калтырды
-1
Dembele84
2020-02-14 20:00:04
Коби легенда болчу,жаман иш болду
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан