Максат Садырбеков, ырчы: "АЗЫР ЖАШООБУЗ КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕГИДЕН ДА КЫЗЫКТУУ"

Ырчы Максат Садырбековдун үйлөнгөнүнө 1 жылга чукул убакыт болду. Учурда жубайы Айсулуу Молдалиева экөө наристе күтүп жатышат. Жаш жубайлар менен үйлөнгөндөн кийинки жашоосу, наристе күтүүдөгү сезимдери, сүйүүнү сактоо тууралуу маектештик.

– Максат, Айсулуу, жакында ата-эне болгону жатасыңар. Куттуктайбыз!

Максат Садырбеков: – Рахмат. Азыр бактылуу сезимдер курчап жатат. Жакын арада ата болорума өзүм толук ишене элекмин. 4 күн мурун наристебиздин жынысын билдик, кыздуу болот экенбиз. Бул жаңылык мени бир аз нес кылды. Анткени жети жарым ай бою алтынчы туюмум эркек балалуу болорумду айтып жаткан.

Айсулуу Молдалиева: – Мен сюрприз кылайын деп балабыздын жынысын айтпай жүргөм. 31-январда, туулган күнүмдө кичинекей кутучага күлгүн түстөгү боди (ред.: наристенин туюк кийими) салып, аны Максатка бердим. Ошондо гана кыздуу болорубузду билди.

М.: – Мен үчүн ким болсо да дени сак, аман-эсен төрөлгөнү маанилүү. Бирок эркек бала төрөлөт деп мээме сиңирип, өзүмдү ошого даярдап алыптырмын. Ошол себептүү кыздуу болорумду билгенде эки сааттай өзүмө келе албай, жалгыз отуруп алып ойлондум. Бул капа болуу эмес. Мен жөн гана жети жарым ай бою өзүмдө багып жүргөн ойду сындырып, башка ойду сиңиришим керек болду. Кыздуу болорубузга аябай кубанычтамын, башкача бактылуу болот экенсиң.

– Айсулуу, “төрөлө элек балага алдын ала кийим албайт экен. Эч нерсесин даярдай элекпиз” деп калдың. Дагы кандай ырымдарды карманасың?

А.: – Мен баарын алып даярдап коёюн дегем. Бирок апаларыбыз “алдын ала албай туралы” деп калышты. Аларды угуп эч нерсе ала элекмин. Өзүм ырымдарды карманбайм.

– Кош бойлуу болуп эркелеп жатасыңбы?

А.: – Анчалык деле эркелеген жокмун. Биринчи айда эле токсикоз болуп, эч нерсе кылбай үйдө жатып, кийин жакшы болдум. Талгак болгон жокмун.

М.: – 2-3 ай алма жегиси келди. Алма дайыма үйдө бар. Башынан эле бардык эркелигине даяр болчумун. Бирок Айсулуу кыйнаган жок.

– 9 жыл кыз-жигит болуп жүрүп үйлөндүңөр. “Сүйүктүүң менен узак убакытка чейин сүйлөшүп жүрө берсең кызыксыз болуп калат” дегендерди угуп калам...

М.: – Тескерисинче, азыр жашообуз кыз-жигит кездегиден да кызыктуу. Адам күндө өзгөрөт. Биз азыр 9 жыл мурунку Максат, Айсулуу эмеспиз.

– Баш кошкондон кийин бири-бириңердин кандай жаңы мүнөзүңөрдү ачтыңар?

А.: – Максат эрке экенин дагы бир жолу түшүндүм.

М.: – Экөөбүз тең эркебиз. Бирок ошол эле учурда жоопкерчилик алганды билебиз. Менин оюмча, эрке болуу жаман эмес. Эркелик кызга да, эркекке да жарашат. 9 жыл ичинде Айсулууну жакшы таанып-билип калгам. Азыр ал мурункудан да жакшы. Эч кандай “претензиям” жок.

– Таарынышкан учурларда эмне кыласыңар?

М.: – Экөөбүздүн тең бат эле жинибиз келип, кайра бат эле тамашалашып, күлүп-жайнап калабыз. Кудай сактасын, урушпайбыз. Бирок келишпей, түшүнүшпөй калган учурлар болот. Анда сүйлөшпөй коёбуз. Бир аздан кийин кечиришип алабыз.

– Максат, сага маектешүү сунушу менен чалсам, “адегенде Айсулуу менен чечишип алгыла” дедиң. Үйдө чечимдерди Айсулуу кабыл алабы?

А.: – Баарын Максат чечет. Азыр шишип кеткендигим үчүн көп сунуштардан баш тартып жатам. Ошол себептүү Максат менин оюмду сурады. Ар бир үй-бүлөдө маселени эркектер чечет да. Акыркы сөз дайыма Максатта.

М.: – Айсулуу айтат, акырында мен “болду, ошондой болот” дейм (күлүп).

А.: – Биз бири-бириздин оюбузду угабыз. Максат “ушундай болот, болду” деп туруп албайт. Ушул сапаты мага аябай жагат. “Мен эркекмин, мен чечем” деп аялынын пикирин сурабай, аялын адам катары көрбөгөн эркектер бар. Максат менин пикирим менен эсептешет. Аягында баарын таразалап, анан чечим чыгарат. Бирок эл сураса, Айсулуу чечет деп тамашалай берет.

– Максат катуу тамашалачудай сезилет...

А.: – Азыр эмоционалдуу болуп жатамбы, билбейм. Кээде тамашасын көтөрө албай ыйлап калам.

М.: – Ошондой болду беле?

А.: – Эртең менен тамактанып жатканда ошентесиң го.

М.: – Кээде жөн эле тийише берем да.

– Бир үй-бүлө болуп калгандан кийин жашооңордо кандай өзгөрүүлөр болду?

А.: – Маселеңди жалгыз эмес, жолдошуң менен чечип калат экенсиң. Турмушка чыкканга чейин “үйлөнгөндөн кийин эркек өзгөрөт” деп укчумун. Максат өзгөргөн жок.

М.: – Мага да “үйлөнгөндөн кийин кыздын башка мүнөздөрү чыгат” дешчү. Бизде баары ошол бойдон. Күндөн күнгө сүйүүбүз күчөп жатат. Айсулуунун “помпоська” болуп жанымда жүргөнүнө көнүп калдым.

– Бири-бириңердин кайсы бир сапатыңарды өзгөрткүңөр келеби?

А.: – Сүйгөн адамың идеалдуу көрүнөт. Мага Максаттын бардык сапаты жагат.

М.: – Ушунча жыл чогуу жүрүп, ар кандай учурлар болду. Бири-бирибизге жакпаган сапаттарыбыз да болду. Бирок кемчиликтерибизди оңдоп жатып бири-бирибизди өзгөртүп алдык десек болот. Сүйлөшүп жүргөндө бир жолу экөөбүз урушуп кеттик. Ошондо ойлонуп отуруп, Айсулуунун бардык жакшы сапаттарын кагазга жаздым. Жакпаган сапаттарын жага турган вариантта элестетип жаздым. Байкасаңыз, бул ыкма иштейт. Анткени бара-бара каалап жүргөн сапаттарды Айсулуудан көрө баштадым. Ошол кагазга жазылган сапаттардын баары азыр Айсулууда бар. Бул жуптар үчүн кичинекей лайфхак болсун.

– Өзүнчө бөлүнүп кеттиңер. Бул кимдин демилгеси болду?

М.: – Апам үйлөнө электе эле “өзүнчө жашайсыңар” деп айта берчү. Азыр убактылуу өзүнчө жашап жатабыз. Апам жалгыз эмес, жанында атам бар. Экөө кичине кезимде ажырашып кетишкен. Кийин кайра табышып, чогуу жашап жатышат. Буюрса, ушул жылы кайрадан чогуу жашайлы деп пландап жатабыз. Алар да чоң ата-чоң апа болобуз деп толкунданып наристенин төрөлүшүн күтүп жатышат. Неберелүү болуунун даамын татышсын.

– Бири-бириңердин телефонуңарды текшересиңерби?

А.: – 9 жыл ичинде телефон текшерүү, социалдык тармактардагы баракчаларыбыздан чыгып кетүү, блоктоп салуулар болгон. Анын баарынан өттүк. Азыр текшербейбиз. Анткени бири-бирибизге ишенебиз. Текшерсек деле эч нерсе таппаарыбызды билебиз.

М.: – Ишеним болуш керек да. Күмөн санап, издесең, урушка себеп табыла берет.

– 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнү келе жатат. Бири-бириңерден кандай белек күтөсүңөр?

А.: – Биз дайыма “сага кандай белек керек?” деп сурап алып, керектүү буюмду белек кылганга аракет кылабыз. Азыр менде баары эле бар. Жөн эле көңүл буруу, жакшы сөз жетиштүү. Бул майрамды себеп кылбайбыз. Биз бири-бирибизге күндө эле сүйүүбүздү билдире алабыз.

– Айсулуу “баланча сумканы, кийимди алып бер” деп эркелейби?

М.: – Айсулууга таң калам. Анын каалаганы өзүнөн-өзү келип калат. Мисалы, бир кийимди алгысы келсе, Инстаграмдагы баракчасына “сизге белек кылалы дедик эле” деп жазып калышат. Эркелегиси келсе, эркелетем, сүйгөн адамымды бактылуу кылганга даярмын.

– Айсулуу, аман-эсен көз жарып ал! Бактылуу болгула!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Максат Садырбеков: “Кыздуу болобуз. Бактылуумун”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Araika
2020-02-10 10:34:52
Бактылуу болгула, суйуунор эч качан очпосун, кооп балалуу болгула, сый урмат ар дайым жакшы жол корсотот
+7
Tazah
2020-02-10 18:59:16
Бактылуу болгула суйуунор эч качан очпосун силердин суйуунорго суктанам кудайым буйруса менин балдарым омурлук жубайлары менен кызым омурлук жолдошу менен силердин суйуунодой чон суйууго туш болсо экен деп тилейм
+3
aizirek...
2020-02-11 00:28:40
менин куйоомо окшогон турбайсызбы. 5 ай бою эркек деп мээсине синирип алган. УЗИге барсак эле кыз деп атпайбы. аран синирди мээсине. УЗИге тушуп жаттым торогучо. жынысын сурабай эле. торосом эле эркек го. байкуш куйоом ишене албай жаман болгон уул десем
+2
Sa89ai
2020-02-11 14:59:40
Элина Абай кызынан маек алгылачы сураныч....
+1
admin_portal
2020-02-11 16:20:32
Sa89ai, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Gukush8993
2020-02-13 02:12:52
Эх молодец окуп буткончо жылмайып суйуп окудум го молодец Максат чынында жакшы бала экен.Айсулуу эсен аман бобогун кучагына алсын Аллахым торотун женил кылган болсун!Коруп козун кубанат го суйуунор очпосун туболук
+2
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан