КОЙ (21.03-20.04)
Аптада жаракат алып калуу коркунучу чоң. Андыктан спорттук мелдештерге катышпай, бийикте иштөөдө абайлоо кажет. Көптөн бери чырдашып жүргөн адам менен мамилени калыпка келтиришиңиз мүмкүн. Жалкоолонбой, жумуштарды артка жылдырбай жакшы иштесеңиз, жыйынтыгы сиз ойлогондон ашып түшөт. Киреше келери күтүлүүдө.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында көңүлүңүз бөлүндү болуп, оюңуз бир жерге топтолбойт. Андыктан курч маселелерди талкуулоодон качыңыз. Аптанын экинчи жарымында кандай кырдаал чыкса да, жыйынтыгы сиздин пайдага чечилет. Ден соолугуңузга кам көрүп, массаж алыңыз же спорт менен машыга баштаңыз. Айрымдар туугандары менен баарлашат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада өнөкөт бел, муун же жүрөк-кан тамыр оорулары козголушу мүмкүн. Андыктан суукта жүрбөө, оор иш жасабоо, врачка текшерилүү сунушталат. Айрым бойдоктор сүйүктүүсү менен саякатка же табият коюнуна эс алууга чыгууну пландашат. Чыгармачылык жана спорт менен алектенгендерди ийгилик күтөт. Досуңузга катуу айтып таарынтып албаңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй-бүлө үчүн балдарды тарбиялоодо кыйынчылыктар чыгат. Мүмкүн, алар сизди укпай, өз билгенин жасагылары келет. Жазалоо ордуна сүйлөшүп, жүрөк өйүткөн эмне маселеси бар экенин билүү керек. Айрымдар үй же унаага байланыштуу документтерди бүтүрүү менен алектенет. Жакындарыңыз жагымдуу сюрприз тартуулашат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Үйдө чыр чыгат. Бул бир маселелерди чечүүдө ата-энеңиз менен сиздин көз караштар дал келбестигинен болот. Үйдө бир нече күн азыраак болсоңуз эле абал жөнгө салынат. Апта окууга, достор менен жолугушууга, бир жактарга барып келүүгө ыңгайлуу. Аптада бир туугандарга кам көрүп, аларга бир буюм алып берүүңүз мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада айрымдар каржылык кыйынчылыкка туш келип, жакындарынан жардам сурашат. Айрымдар өзү тууралуу ушакты кимдер таратып жүргөнүн так билип, ал адам менен көзмө-көз сүйлөшүүгө жетет. Апта негизинен жан дүйнөнү байытууга, медитация үйрөнүүгө ылайыктуу. Апта акырында чакан белек алышыңыз күтүлүүдө. Алыстагы таанышыңыз кабар берет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада өзүңүздү жакшы сезип, иштерди убагында бүтүрүп, үйдөгүлөргө убакыт табасыз. Балдарды циркке же башка жактарга алып барып эс алдырууну пландайсыз. Эски таанышыңыз бир иштерди бүтүрүүгө жардам берүүңүздү суранат. Айрымдардын үйүндө жер тилкесин же унаа сатып алуу, ага акча топтоо маселеси кайрадан көтөрүлөт.
Иштин көптүгү, кийинки кездерде болуп жаткан окуялар сизди чарчатканын сезесиз. Андыктан жалгыз отуруп, баарын анализдеп, жан дүйнө салмагын калыпка келтирүүгө аракет кылыңыз. Достордун бири чогуу бир иштерди бүтүрүп, акчага ээ болууну сунуштайт. Үйдөгүлөргө берген убадаңызга туруп аларга керек нерсени алып бересиз.
Жумушта жетекчилик улам бир милдетти жүктөйт. Айтышпай кырдаалга жараша болуу кажет. Адамдардын баарына ишенүүгө болбой тургандыгын бир окуядан улам билип, сабак аласыз. Өмүрүңүзгө коркунуч туулбашы үчүн караңгыда, тааныш эмес жерде жалгыз жүрбөңүз. Достор менен кечеге катышасыз же алар менен кыска саякатка чыгасыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта материалдык маселелерди чечүүгө, коомдук иш-чараларга катышып, өзүңүздү көрсөтүүгө ыңгайлуу. Иште жумуш менен алектенип, жеке жашоого байланыштуу маселени бош убакта чечиңиз. Максатка умтулуучулук сапатыңыз менен жашооңузду жаңы деңгээлге көтөрө баштайсыз. Болгону акчаны акыл менен коротконго үйрөнүңүз.
Пландаган ишти иш жүзүнө ашырууда тоскоолдук жаралат. Мүмкүн бирөөлөр бут тосушат. Жакындарыңыздын кеңешин угуңуз, ошондо кирешеңиз көбүрөөк болот. Бирөөлөр сизди таасирдүү адам менен тааныштырып, ал келечекте сизге жакшы жол көрсөтөт. Жеке жашоого келсек апта сизди сүйүүдөн жолдуу кылат.
Көп иштеп, ошого жараша көп таба баштайсыз. Коомдук жайларда жана рулда мыйзам нормаларын сактаңыз. Жагымсыз окуяга кабылуу коркунучу бар, кандай болгон күндө да өзүңүздүн укугуңузду коргоого жетишиңиз. Бир иштер менен туугандардыкына барууга туура келет. Ал жактан көп жаңылыктарды угасыз.