Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңештин депутаты: “БАЛДАРГА КАМ КӨРҮҮ МАКСАТЫНДА САЯСАТКА АРАЛАШКАМ”

Бул ирет Жогорку Кеңештин депутаты, 4 баланын энеси, белгилүү ишкер айым Махабат Мавлянова “Бейне” рубрикабыздын коногу. Ал “өлкөдө үмүт жандырган иштер жасалып жатат. Эң негизгиси, азыр Кыргыз жерине тынчтык менен стабилдүүлүк керек” дейт. Маңдайымда жүзү жарык, сылык, ар бир сөздү таразалап сүйлөгөн айым өлкөнүн келечеги, депутаттык ишмердүүлүгү, бизнеси жана балалыгы тууралуу кызыктуу сүйлөп отурду.

– Махабат айым, айылдын түйшүгүнө бышып, кызыгына батып чоңойгон экенсиз. Келиңиз, кепти балалык кезиңизди эске салуу менен баштасак...

– Жакшы болот, мен Ош облусуна караштуу Ноокат районунда төрөлүп, өстүм. Ата-энем мугалим, учурда экөө тең пенсияда. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын бешинчисимин. Айылда дайыма үй жумуштары деп жүрүп ойноого көп деле убакыт артчу эмес. Ал тургай кийинки күнкү сабактарга даярданууга ата-энебиз убактыбызды чектеп бөлүп берер эле. Бир же эки сааттын ичинде үй тапшырмаларды аткарып жетишип калышыбыз керек болчу. Кээде үйдө бала карап, сабакка барбай калсам “эми математикадан түшүнбөй калам” деп ыйлачумун. Кечинде мугалимдин үйүнө барып, өтүлгөн сабакты кыскача түшүндүрүп берүүсүн өтүнөр элем. Жакшы окууга аракеттенип жүрүп, мектепти алтын медаль менен бүтүргөм. Анда азыркыдай ар тармактуу ийримдер деле жок. Эсимде калганы, комуз ийрими ачылганда комуз чертүүнү үйрөнөм деп чыкканымда апам “үйдө бала карайсың, мал-жан бар, огород бар, барбайсың” деп жибербей койгон. Азыр айылдабы, шаардабы, балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө шарттар бар. Айылда болсо мурдагыдай кайнаган иш деле жок.

– Кесип тандоодо өзүңүз каалаган багытты көздөй кадам таштадыңызбы же кимдир бирөө жол көрсөттүбү?

– Убагында апам мектепти бүткөндөн кийин Искусство институтуна тапшырып, өтүп кетет. Бирок таенебиз окутпай, күйөөгө берип коюптур. Ошондон улам апам “6 кызым тең билимдүү болсо экен” деп бизди окутууга болгон күчүн жумшады. Атам болсо “кызды окутпай эле күйөөгө бериш керек” дей берчү. Окуучу кезимде “медик болом” дечүмүн. Химия, биология сабактарын жакшы окудум. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген сөз бар эмеспи. Менден улуу ага-эжелеримдин баары Москвадан жогорку билим алышты. Мен мектепти аяктаган кез Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүк алгандан кийинки оор жылдарга туш келип, Москвада окуй алган жокмун. Кыргыз техникалык университетинен тамак-аш боюнча технолог адистигине ээ болгом. Юридикалык академияда окудум, бирок диплом аларга жакын балалуу болуп, окуумду толук бүтүрө албай калгам. Кийин Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны аяктадым. Билим алуу адамга эч качан ашыкча болбойт. Улуу философ Сократ бекеринен билимсиз менен билимдүүнү өлүк менен тирүүгө салыштырган эмес да.

– Сизди бизнес тармагында ийгилик жараткан ишкер айым катары да билебиз. Бул тармакка кантип келип калдыңыз?

– Ар бир адамдын жеке жөндөмү болот, мендеги жөндөм бизнеске ылайык окшойт. Ата-энемди жакшы жашоодо багып, көз карандысыз болсом деп кыялданчумун. Бир ишти жасаарда аны кагаз бетине жазып алып, план менен аткарат элем. Азыр бир туугандарыма ошол кездеги кыялдарымды, пландарымды айтсам “биз антип ойлончу эмеспиз” деп күлүп калышат. Бала кезде эле мага бир нерсе жаратуу жакчу. Мисалы, бакчага бир өсүмдүк отургузуп, ошону өстүрүп, аягында мөмөсүн жесем, ошол ырахат болчу. Үйдө тамак бышыруу, үй жыйноо деген иштерден көрө кесинди кездемелерден курак кураганды, сайма сайганды, айтор, бирдеме жаратуу жакчу. Кийин замандын талабы менен баарыбыз эле базарга чыкпадыкпы. Академик, профессорлор менен базарда чогуу иштеп калдык. Анткени кесибибиз боюнча иштеп үй-бүлө багуу мүмкүн эмес эле. Ошентип бизнеске аралаштым, майда соода сатык менен алектенүүгө туура келди.

– Бизнесте кафе-ресторан, мейманкана жаатын эмнеден улам тандап калдыңыз?

– Ар ким кызыгуусуна жараша иш баштайт, бири курулуш, экинчиси тамак-аш, үчүнчүсү текстиль, дагы бири эс алуу тармагын тандап алат. Мисалы, дүйнөгө белгилүү бизнесмен Илон Маск өз кызыгуусу менен космос дүйнөсүн изилдеп, космоско учууга, жер жүзүндөгү экологияны сактоо үчүн электро автоунааларды өндүрүп жатат. Мени болсо бул тармакка турмуш өзү жетелеп барды десем болот.

– Ишкерликте ийгилик жаратуунун сыры эмнеде?

– “Акча тапканча эсебин тап” деп коёт. Бизнести үй-бүлөбүз менен баштаганбыз. Мисалы, бир күндө 500 сом тапсак, аны100 сомунан ашык коротчу эмеспиз. Кээде кургак нан жеп деле жүрө берчүбүз. Чоң бизнес түптөп, ишибиз жакшы жүрүшүп жаткан кезде деле ремонту жок, абалы начар батирде акы төлөп жашап жүрдүк. Жигули айдачубуз. Бутка бекем турганыбызда гана үй алдык. Ишкерликте ийгилик жаратуунун бир сыры – кол алдыңда иштеген адамдын эмгек акысын аны нааразы кылбай берип туруу. Мейли, өзүң пайда көрбөсөң да. Бизнес жоопкерчилик менен тобокелчиликти талап кылат. Дайыма банктардан каражат аласың. Мамлекеттик кызматка барган бизнесмендерди эл жактыра бербейт. Бирок мен “ишкерлер абдан жоопкерчиликтүү болушат” дейт элем. Мисалы, мамлекеттик кызматкер ката кетирсе, кызматтан айдалат. Жазасы ушул эле. Ал эми ишкер ката кетирсе, бүт мүлкүнөн кол жууйт. Бул нерсе адамды жоопкерчиликтүү болууга тарбиялайт.

– Депутаттык ишмердүүлүгүңүз тууралуу сөз улайлы. Кандай максатта парламентке келүүгө бел байлагансыз?

– Менде депутат болом деген деле ой жок болчу. Ишкер катары балдар үйүнө көп барчумун. Акчалай, тамак-аш же кийим-кече түрүндө жардам берип турар элем. Бул тармакта чечилбей жаткан оор маселелер абдан көп экенин баамдадым. Ошол себептүү парламентке барсам, бул тармакка системдүү түрдө жардам берсем деген ойдо депутаттыкка аттангам.

“Балдарга” деп жеке адамдар тарабынан берилген азык-түлүк, кийим-кече балдарга жетер-жетпеси күмөн жаратат. Ал тургай балдар үйүнө берилген буюмдарды сатып жиберген учурлар да бар экен. Ошондуктан жетим балдарга кам көрүү кеңешин түзүп, ал кеңешке тийиштүү укуктарды берүү боюнча мыйзам долбоорун жаздым. Мыйзам долбоор жазуу жана аны ишке киргизүү тез эле ишке ашчу процесс эмес. Аталган мыйзам долбоору боюнча өкмөттү бир жылдай күттүм, эми гана иш ордунан жылып, жылдын аягына чейин ишке ашат деген ниетте турам. Бул мыйзам ишке кирсе, кам көрүү кеңешинин мүчөлүгүнө балдар үйүнө каржылык жардам көрсөткөн демөөрчүлөр, коомдук активисттер же жөн эле кызыкдар болгон жарандар жазылып, мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын, берилген жардамдардын өз дарегине жетүүсүн көзөмөлдөп турушат.

– Сиз депутат болуп иштеген парламент үстүбүздөгү жылы ишин жыйынтыктайт. Бул жылдар аралыгында кандай мыйзамдарды жазууга жетиштиңиз?

– Бир топ мыйзам долбоорлорун жазууга демилгечи болдум. Өз алдымча бир мыйзам долбоорун жазып, ишке киргиздим. Ал кен байлыктары боюнча. Кен тармагындагы мыйзамда акча мамлекеттик казынага түшпөй, уурдалып кетчүдөй шарттар бар экен, ошол жерин оңдодум, учурда бул мыйзам мамлекеттин кызыкчылыгына иштеп жатат. Негизинен экономикалык өндүрүштүк аймактарды түзүү боюнча көп иштерди аткарууга аракет кылдым. Бул багытта мыйзам долбоорун жазып чыгууга эле эки жылдай убакыт кетип, учурда биринчи окуудан өттү. Башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибизди колдоо максатында жазылган “Мекен-карт” мыйзам долбоору тууралуу уксаңыздар керек. Бул мыйзам иштей баштаса, башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибиз Кыргызстанга ээн-эркин кирип чыгышат, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында кыргыз жарандарына чегерилген акы менен билим алып, ден соолугуна кам көрө алышат.

Андан тышкары айыл чарба жерлерине мураскер болуп калышса мурдагыдай бир жыл эмес, 10 жыл колдоно алышат. Бул мыйзам долбоору да экинчи окууда каралууда. Өзүм транспорт комитетинде мүчө болгонум менен, айыл чарба тармагына кызыгам. Андыктан органикалык айыл чарба боюнча токтом долбоорун демилгеледим. Жогорку Кеңеште бул тармакка кызыкдар тараптын баарын чакырып конференция өткөрдүм. Бул токтомдун негизинде Кыргызстан 10 жылдын ичинде толугу менен органикалык айыл чарбасына өтүшү керек. Себеби бизде айдоо жери аз, анан да көзөмөл жок болгондуктан, ар ким каалаганын тигип, ички рыноктон чыга албай жатабыз. Ошондой эле базардан жер семирткич деп каалаган химикатты сатып алып жерге куюп жатышат. Мунун негизинде биздеги айдоо жерлери эрозияга айлануу коркунучуна кабылды. Жогорку Кеңештин токтомун иш жүзүнө ашыруу боюнча өкмөттөн чечкиндүү кадамдар жасалбай жатат.

– Сиздин кесиптештериңиз “мурунку бийликтин тушунда Жогорку Кеңешке 7-кабаттан буйрук түшчү, азыр андай көрүнүш жок” деп жүрүшөт. Абал чын эле өзгөрдүбү же бул азыркы бийликке жагынуу аракетиби?

– Депутат болуп келгенден бери 2-президент менен иштешип жатам. Азыр президент тараптан ачык-айкын кийлигишүү жок. Ачыгын айтканда, мурунку бийликтен кийлигишүүлөр болгон. Мисалы, сот реформасы боюнча мыйзам долбоорун айтууга болот. Абдан көлөмдүү, бир күндө окуп жетишүүгө мүмкүн болбогон долбоорду алып келишти. Долбоорго өзгөртүү киргизүү керектигин айтып, жазуу жүзүндө сунуштарды бергенибизге карабай “кийин киргизесиңер” дешти. Мыйзамды мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алып бересиңер деген чалуулар болду. Мыйзамды тез арада кабыл алуу керек деп ынандырышты, биз талапты аткарууга мажбур болгонбуз.

– Кийинки парламенттик шайлоого катышасызбы? Эгер катышсаңыз кайсы партия менен барасыз?

– Азырынча кийинки шайлоого баруу планым жок. Мүмкүн, кийинчерээк айтам.


– Маегиңизге рахмат.

Чолпон Сүйүнбаева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан