Түгөйлөр диктор Мирзат Муканов менен жубайы Айзуура Иманалиева 3-февралда кыздуу болушту. Экинчи жолу ата-эне болуп кубанып жатышкан жубайлар кызына Мелек деген ысым ыйгарышты. Кызын бооруна алып, кубанып жаткан Айзуура Иманалиева буларга токтолду:
– Кыздуу болуп бакытка балкып турган учурубуз. Кызыбыз 3 килограмм 445 грамм салмакта төрөлдү. Азыр экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Мирзат тун уулубуз жарыкка келгенде кандай сүйүнсө, кызыбыз төрөлгөндө да ошондой сүйүндү. Биринчи балабыздын ысымын чоң ата-чоң энелери койгондуктан, экинчи балабыздын атын тай жагы койсун деп чечкенбиз. Апамдын (ред.: ырчы Гүлбү Ороскул кызы) көзү тирүү кезинде эле бул сүйлөшүүлөр болгон. Мирзат экөөбүз “кызыбыздын атын апам менен атамдын атынан сиңдим коёт” деп мурун эле сүйлөшүп койгонбуз. Ал дагы даярданып, жаккан аттарды жазып жүрчү. Ошол ысымдардын ичинен Мелек деген атты тандады. Бул араб тилинен которгондо “периште” дегенди билдирет экен. Бизге да аябай жакты.