Ырчы Абдумалик Шерматов жакында SUPER TV'га маек берип жеке жашоосун, мурунку аялдары тууралуу айтып берди. “Чындыгында аялдарым мага татыктуу болушкан жок. Мен аларды көтөрмөлөгөн сайын алар башка жакты карап туруп алышты” деген Абдумалик Шерматовго кызы Малика Дина өзүнүн жеке баракчасында мындай жооп берди.
“Браво, папа! Тактап айтканда, Шерматов Абдумалик Эшматович! Өмүр бою сиз гана сүйлөп келдиңиз. Менин апам унчуккан жок. Апамдыкындай менин сабырым жок. Ошондуктан 5 тонна калптарыңызды айтып жатканда этият болуңуз. Сиздин мени менен сүйлөшкөнүңүз эсимде жок. Мен сиздин мүнөзүңүздү алып, сиздин кызыңыз болуп төрөлгөнүмө өкүнөм. Билесизби, мен 4-классымда ыйлап жатып апамдын фамилиясын алгам. Өзүңүздүн мурунку аялдарыңызды ыплас сөздөр менен булгагандан башка сизден татыктуу эч нерсе көргөн жокмун. Башкысы, ден соолукта болуңуз” деп агынан жарылып алды.