ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

(Башталышы өткөн сандарыбызда)

СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?
Смегма “алигинин” башын ооруга чалдыктырып, айыкпас залалдуу шишикти жаратат. Анысы аз келгенсип, аялынын жатынына өтүп, жатындын рак оорусун пайда кылат. Мындай зыяндуу көрүнүштөр “алигисинин” башынын териси кесилген эркектерде жана алардын аялдарында болбойт. Бул илимий түрдө аныкталган.
Азыр Америкада 70 пайызга жакын эркек балдарды сүннөткө отургузуу медициналык жайларда таза аспаптардын жардамы менен ишке ашырылат. Бул динге байланыштуу эмес, тазалык, анан адамдын ден соолугу үчүн жасалган жакшы иш.
“Алигинин” башындагы териси кесилгенден кийин анын башы толугу менен ачылып, ар кандай кийимдерге дайым сүртүлүп, ысык-суукка көнүп, чыдамдуу болуп калат. Ошондуктан аял менен жыныстык катнашта эркектин эрендиги бат түшүп кетпейт. Эркек узакка чейин төшөк катнашын жасай алат.
Аялдар жыныстык катнаш учурунда эркектин кесилген “алигисинин” башы көөп, жыныс кынына катуу такалып, ысып турганын даана сезишет. Жана анын жагымдуу жылмакай кыймылына магдырап, таттуу дене кумарына батат. Сүннөткө отургузулбаган эркектер “алигисинин” башын жаап турган терисин артка түрүп туруп, бир күндө 2 маал самындап жуушу керек. Ошондо гана жогорку айтып кеткен залалдуу оорулардан өзүн жана аялын сактай алат.

ЖЫНЫСТЫК ЖАКТАН ЖУГУУЧУ ООРУЛАР
Сүзөк оорусу (гонорея). Сүзөк – жыныстык жактан жугуучу оорулардын коркунучтуусу. Маалыматка таянсак, ар жылы дүйнөдө 150-180 миллиондон ашык адам сүзөк менен ооруйт. “Гонорея” грек тилинен алынып, бизче “уруктун агып турушу” дегенди билдирет. Бул ооруну таза адамдын денесине кирген гонококктор деген оору козгоочу микробдор пайда кылат.
Оорунун жугуштуу булагы – сүзөк менен ооруган аялдар жана эркектер. Жыныстык катнаш учурунда ооруган адамдагы гонококктор таза адамдын жыныстык органдарына кирип кетип, катуу сезгентет.
Көбүнчө арак ичип, адепсиздикке берилген адам карама-каршы жыныстагы адам менен кошулганда ооруну жуктурат.
Кээде кичинекей жаш кыздар жыныстык байланышы жок эле үйдө колдонулуучу буюмдар аркылуу ооруну жугузуп алышы мүмкүн. Көбүнчө 2-8 жашка чейинкилер көп оорушат. Мисалы, кыздын энеси сүзөктөн жабыркаса, анда оорунун козгогучтары шейшеп, сүлгү, ич кийим жана башка буюмдар менен кызга жугуп калышы мүмкүн.
Алгачкы белгилери оору жуккандан 3-5 күндөн кийин билинет. Эгер эркек ооруса, “алигисинин” каналы кычышып же ачыша баштайт. Айрыкча заара ушатканда күчөп ооруйт. “Алигинин” үрпү кызарып, бири-бирине желимделип, бүтүп калат. 2-3 күндөн кийин саргыч же көк түстөгү ириң ага баштайт. Ириң көп агып, ич кийимди булгайт. Түндөсү эркектин “алигиси” ойгонуп кетет да, катуу оорутат. Кез-кезде ооруган адамдын эти ысып, ал-күчү кетип, өзүн начар сезе баштайт.
Эгер аялдар ооруса, эркектерден айырмаланып, оору белгилери билинбей 2-3 аптага чейин созулуп кетет. Ооруса дагы жыныс кынынын ачышканы, анча-мынча ириңдин чыкканы, бат-бат заара ушаткысы келип, табарсыктын оорутканы бат эле басылып калат. Катуу оорубаган соң аялдар дарыгерге барбай, ооруну жугузуучу булак катары жүрө беришет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан