"NINETY ONE": “БИЗ КЫЯЛДЫ ЭЭРЧИГЕН ТОП БОЛДУК”

“Саган калай айталамын

Айтпай калай жай табамын...”

1-февраль күнү борбор шаарыбыздагы эс алуучу жайлардын биринде дал ушул ыр саптарын Казакстандын белгилүү “Ninety one” тобунун концертине барган күйөрмандар ырчыларга кошулуп үнү чыкпай калганча ырдап турушту. Ырдаган да, ыйлаган да күйөрман топтой алган топтун ырчылары менен концерт алдында эксклюзивдүү маек курганга жетиштик.

– Салам, жигиттер! Кыргыз жерине кош келипсиздер.

– Салам, кыргыз эли! Кайрадан жүз көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз.

– Кайрадан дегениңиздерге караганда буга чейин да келгенсиздер?

– Ооба, бул биздин Бишкекке алгачкы сапарыбыз эмес. Буга чейин Казакстанда бир сериалга тартылып, анын айрым эпизоддору Бишкекте тартылган. Андан сырткары топ тууралуу биографиялык тасмабыздын да айрым эпизоддорун Кыргыз жерине келип тартканбыз. Бишкек бизге меймандостугу менен жагат, качан келбейли кыргыз баурдастар жылуу тосуп алышат.

– Жакшы экен. Анда маегибизди чыгармачылыкка буралы. Алгач “Ninety one” тобу тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеңиздер?

ZaQ: – Жаңы музыкалык топко кабыл алууга кастинг 2014-жылы жүргүзүлгөн. Каалоочулардын саны өтө көп болчу. Кастингден өткөндөн кийин дагы сынак жарыяланып, катышуучулар өз өнөрүбүздү көрсөтүп, мен жана A.Z. атаандаштарыбызды утуп чыктык. Кийин 2-ирет кастинг жарыяланганда Alem менен Bala бизге кошулушту. 2015-жылы катарыбызды Асе толуктады.

– “Ninety one” катары таанылганга чейин көп эле кыйынчылыктар болсо керек. Дегеним, топ түзүлгөн алгачкы жылдары Казакстандын бир катар шаарларында пландалган концерттериңер бут тосуулардан улам болбой калып жатты...

– Чындыгында эле алгачкы жылдары сын-пикирлерге көп кабылдык. Бирок биз кыялданган жана кыялды ээрчиген топ болдук. Андыктан жаман пикирлерге караганда алдыга койгон максатыбыз маанилүү болду. Азыр, Кудайга шүгүр, баары жакшы. Чыгармачылыгыбызды түшүнгөн күйөрман топтой алдык. Бул биздин ийгиликтерибиздин башталышы гана, баары алдыда.

– Азыр бир катар мамлекеттерде К-рор стилинде түзүлгөн бойз-бенддер көбөйүп кетти. Шоу чөйрөдө атаандаштык күчтүү эмеспи. Силердин өзгөчөлүк эмнеде?

– Дүйнө жүзү боюнча К-рор багытында түзүлгөн топтор чындыгында көбөйүүдө. Бирок биз Q-рор (казак поп музыкасы) багытындагы башкы чыгармачыл топ катары таанылганга аракет кылабыз. Алдыда дагы да иштейбиз, чыгармаларды жаратабыз, андыктан атаандаштыкка дайым даярбыз.

Өзгөчөлүк же окшоштук боюнча айтсак, ар бир адамда каалоо жана тандоо бар. Мисалы, ар бир адамда чач бар. Аны кандай түскө боёйт же кандай чач жасалга кылат, өз эрки. Чыгармачылыкта деле ошондой, каалоосуна жараша ыр жазат, обон чыгарат, бийлейт. Азыркы ырчылардын көбү окшош десеңиз, анткени тренд ошондой, бардыгы элдин суроо-талабына жараша. Биздеги өзгөчөлүктү күйөрмандарыбыз табитине жараша табат, жаккан ырын угат деп ишенебиз.

– Бир интервьюңуздарда “топтун максаты – дүйнөлүк деңгээлге чыгуу” деген элеңиздер. Ал максат орундалдыбы?

– Бул максаттын үстүнөн дагы да иштеп жатабыз. Азыркы учурда көптөгөн мамлекеттерде биздин фан-базалар бар. Ал базалар аркылуу кайсы мамлекетте күйөрмандарыбыз бар экенин биле алабыз жана алардын чакыруусу менен концерт койгонго аракет кылабыз. Мисалы, Түркия, Кытай, Түштүк Кореяда концерт койдук. Эми мына Кыргызстанда концерт бере турган маал келип отурат. Келечекте дүйнө жүзүн кыдырып өнөрүбүздү көрсөтөбүз деген ойдобуз. Жакынкы аралыкта Орусияга барышыбыз мүмкүн.

– Чыгармачылыкка аралашканыңыздарга 4 жылдан ашып калыптыр, бул аралыкта кандай ийгиликтерге жетиштиңиздер?

– Алгач бизге чоң сахнага чыгуунун өзү жетишкендик болду. Андан кийин биз менен бир толкундагы күйөрмандарды табуу да чоң жеңишибиз деп эсептейбиз. Азыр фандомубузду карап отуруп, бири-бирин такыр тааныбаган адамдар биздин музыканын жардамы менен бириккенин көрүп сыймыктанабыз. Бул керемет эмеспи.

– Асе, Түштүк Кореядагы “SM Entertainment” агенттигинен тажрыйба топтоп келиптирсиз. “ЕХО”, “Red Velvet” сыяктуу популярдуу топторду тарбиялап чыгарган агенттик тууралуу айтып берсеңиз?

Асе: – “SM’де” талап өтө катуу, тартип күчтүү. Ал жакта окуп, тажрыйба алыш үчүн моралдык жактан да, физикалык жактан да даяр болушуң керек. Агенттикте канчалаган профессионал адистер эмгектенишет, музыканттарына акыркы тренддеги чыгармаларды жаздырып, мыкты сапаттагы клиптерди тартышат, жаңыча стилдерди ойлоп таап турушат. Анан албетте, ал компаниянын музыканттары дүйнөлүк жылдызга айланып жатышат. Учурда музыканттар Түштүк Кореянын экспорттук бизнеси десем болот. Кореянын шоу-бизнеси элине киреше алып келе турган фабрика, заводго айланды.

– Ал агенттикке кандайча барып калдыңыз?

– 2011-жыл болчу. Ал кезде мен Алматыдагы оюн-зоок жайларынын биринде иштечүмүн. Интернеттен музыкалык кастингдер тууралуу маалыматтарды издеп, 4-5 жерге өзүм тууралуу маалымат жөнөткөн элем. Август айында “SM” агенттигине ырымды жөнөттүм. Бир айдан кийин алар кабарлашып, келип кетүүмдү айтышты. Ал жактан бий, вокал боюнча сабак алдым, чет тилдерди өздөштүрдүм, андан сырткары чыгармачылыкка тиешелүү майда деталдардан бери үйрөнгөнгө аракет кылдым. Жалпысынан маданий билим алдым. Ошентип 2014-жылдын аягы, 2015тин башы менен мекениме келдим.

– Дүйнөлүк жылдыздарды чыгарып жаткан агенттиктен эмнеге мекениңизге келе бердиңиз? Же компаниядан "кал" деген сунуш түшкөн жокпу?

– Негизи бир топтун мүчөсү катары дайындалып жаткам. Бирок өзүмдүн жеке себептерим, сезимдерим менен Алматыга келүүнү туура көрдүм. Мына азыр “роднойлорум” мененмин (күлүп).

– 2019-жылдын март айында Түштүк Кореяда “I can see your voice” музыкалык сынагында жеңүүчү болдуңуздар. К-рор ырчыларынын мекени болгон жерде жеңишке жетүү кандай болду?

– Сынакка даярдык көрүү үчүн бир ай Түштүк Кореяда жүрдүк. Айрым шарттарын аткаруу оор болду. Катуу даярдандык. Биринчи орун аларыбызга ишенген эмеспиз, бирок ийгилик биз тарапта болуп калды.

– Аталган шоудо араңыздардан ZaQ’ты депутат деп тааныштырышты?

ZaQ: – (Күлүп) Депутат эмесмин, жөн гана “Нур-Отан” партиясынын “Жас-Отан” жаштар канатынын мүчөсүмүн.

Асе: – Түштүк Кореядагы сиздер айтып жаткан сынакта бардыгын майдалап түшүндүрүп айтып же жазып коюуга мүмкүн эмес экен. Андыктан алар бир сөз менен “депутат” деп коюшкан.

– Бош убакытта эмне менен алектенесиздер?

Bala: – Мен, Асе, Alem үчөөбүз жекшемби күндөрү футбол ойноп турабыз. Андан сырткары даамдуу тамактарды жеп убакыт өткөрөбүз (күлүп). Чыгармачылыгыбызга керектүү тасмаларды көрөбүз, музыка угабыз.

– Маек соңунда сиздерге эркин микрофон.

– Кыргыз калкына, баарыңыздарга салам айтабыз. Концертибизге келбей калгандарга алдыда дагы көрүшөбүз демекчибиз.

– Маегиңиздер үчүн рахмат. Чыгармачылык ийгилик!


"Ninety one" тобунун концертинин уюштуруучусу Гүлзат Мамытбек:

– Биздин негизги максат – жаштарга дем берүү болчу. Көрдүңүздөр го, кино кандай жакшы кабыл алынды, концерт андан бетер кыйкырык-сүрөөн менен коштолду. "Ninety one" тобун чакырууга көп эле уюштуруучулар аракет кылышыптыр, бирок макул болушпаптыр. Кыргыздын кыздары кыйын да, бат эле макул кылып, мына бүгүн Бишкекке алып келдик.

Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ninety one" тобунан эксклюзив маек
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
anelya_kaparova
2020-02-10 09:42:24
Мыкты топ! Мыкты балдар! Дуйно жузу боюнча миллиондогон куйормандарын топтой алган! Алардын катарында мен да бармын. Ар бир ырын ырахаттануу менен уккандан тажабайсын! 91 - нагыз сапат жана талант!
0
Aituwas
2020-02-11 19:09:01
Тааныбайт экем
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-12 10:37:17
Кызтекелер эч жакпайт.бтс эксо мексо дегенердин несин жакшы көрүшөт?
0
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан