Абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун иниси Давлатбек Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Башка жарандарга карата колдонулуп жаткан мунапыс Садыр Жапаровго колдонулбай жатканын айтат ал.
"Садыр Жапаров мурунку бийликтин тушунда камалып кетти. Башкаларга колдонулуп жаткан мунапысты Садыр Жапаровго да колдонуп, мөөнөтүнөн мурда боштондук бериңиздер деп сотко кайрылсак, 2 инстанцияда тең баш тартып коюшту. Мыйзамдар иштебей, ортодо Садыр Жапаров жабыр тартып жатат. Мунапыс боюнча мыйзам бир эле Жапаровго келгенде иштебей калып жатат",- дейт Давлатбек Жапаров.
Буга чейин Садыр Жапаров үй-бүлөлүк шартын түшүндүрүп, ырайым сурап президентке кайрылган. Ал кайрылууга Ак үйдөн жооп боло элек. Президенттик аппараттын мунапыс маселелери боюнча комиссиясына Жапаровдун каты каралганын же карала электигин сурап, жооп ала албадык. “Бул тууралуу маалымат бере албайбыз” деп, жооп берүүдөн баш тартышты.
2019-жылы декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун ырайым сурап кайрылганынан кабардар экенин, анын кайрылуусу караларын билдирген эле. Убагында Өмүрбек Текебаевге карата “Текебаев ырайым сурап кайрылса берейин” деген президенттен Садыр Жапаровдун ырайым сураган кайрылуусуна реакция болбой жатканы көптөгөн суроолорду жаратууда. Коомчулук адилетсиз соттолду деп эсептеген саясатчы адилеттик издөө менен алек.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg