ЖУРНАЛИСТ ЭРНИС ЭШИМКАНОВ КАЗА БОЛДУ

Журналист, акын, котормочу Эрнис Эшимканов 29-январь күнү 49 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Жакындарынын айтымында, ал жүрөк оорудан көз жумду. Маркумдун сөөгү 31-январда өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жерге берилди. Эрнис Эшимканов “Асаба”, “Агым” гезиттеринде кабарчылыктан тартып башкы редакторлукка чейинки кызматтарда иштеген. Акыркы жылдары “Баягы Асаба” гезитинде эмгектенип жүргөн. Ал кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, журналист жана саясий ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси эле.

“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты Эрнис Эшимкановдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан