ЫР ДЕҢИЗИНДЕ ЖАН КУМАР

Акындардын жүрөгү кумарлуу келет дешет. Сүйүүсүз жүрөк күүгө келбейт дегендей, сүйүү балын татып турбаса акындардан ыр жаралбай калышы мүмкүн эмеспи. Мына ошондой акындардын төшөк кумары тууралуу жазгандарына көңүл буруп, ошол саптардан тартууладык.

ЖАШ КЕЛИН

Сүйүүгө толгон көзүң бар,
Сүйүшө берер кезиң бар.
Кымбат баа белек ордуна,
Кызарып күйгөн сезим бар.

Эндиктей кызыл эриниң,
Эркем дээр экен эми ким?
Карасам көзүң айткансыйт,
Кадырды билер келинсиң.

Көзүңө көзүм илинди,
Көңүлүң бары билинди.
Сонуну болор дүйнөнүн,
Сордуруп жатсаң тилиңди.

Сүйгөндү сүйүп ыкташып,
Сүйүшүп турсаң жупташып.
Узарат өмүр билинбей,
Ууртуңдан жатсаң жыттатып.

Өзү эле өтөт өмүр тим,
Өтөр күн менен өчөшкүн.
Кашайтып койбо жаштыкты.
Кадырын билбей төшөктүн.

ххх

Мерседесте сүйүү эшиги ачылды,
Мен алдыңа коюп алып башымды.
Сен эңкейип, тил сорушуп бараттык,
“Жаным” дедим эркелетип атыңды.

Сен да “Жаным” деп шыбырап келаттың,
Сүйүү эшигин сен да мендей кең ачтың.
Бүткөн боюм жумшап, эрип, шалдырап,
Көз тунарып, көзүң тиктейм жалдырап.

Көздөрүңдөн тунук таза жаш агып,
Кабагыңдан каптап өттү капалык.
Ууртума жашың акты тып этип,
“Менден кетти” деп ойлодум каталык.

Кайра эле бат көз жашыңды токтотуп,
Тийип туруп жааган күнгө окшошуп.
“Жаным, сүйөм” деп жалбарып жибердиң,
Капыс келген кайгы менен коштошуп.

Омор Султанов


КУМАРЛУУ ТҮН

Эсиңдеби, ошол түндөр кумарлуу,
Эх, дедирткен сенин койнуң аялуу.
Сен ансайын делөөрүтүп кыялды,
Шыбырадың “булуттарга учалы”.

Суутулган күлүктөй мен теминип,
Сен ансайын төгүлөсүң демигип.
“Акебайым, чап жакшылап күлүктү,
Жаштык түнү кумар менен кызыктуу”.

Дедиң дагы аппак саның болк этип,
Жууркан жатты махабатка термелип.
Күш-быш эткен экөөбүздүн сүйүүгө,
Кубанды бейм, таргыл мышык секирип.

Андан бери деги далай күн өттү,
Жүрөгүмдү кайгы-капа жүдөттү.
“Ал келиндин койнун катуу сагындым”,
Деп жемелеп “иничегим” түтөттү.

Бакыт Саралаев


АК КЕЛИН

Бардыгы эсте! Барк албады дебегин,
Сонун мүнөз, солкулдаган ак келин.
Келбеттериң кетпейт менин эсимден,
Кечпи, эртеби, келерим күт кантемин.

Ат бастырып, айылыңа көп каттадым,
Тегиз күттүм, элиң тегиз жатканын.
Кантип эле качып кетсин эсиңден?
Камчы кармап, каалгаңды какканым.

Желбегейчен артың карап элеңдеп,
“Ичикий ий, ич көйнөкчөн элем” деп.
Кадалчу элең менин муздак оозума,
Эп келтирип, эриндериң белендеп.

Кызмат кыйын, кырдаал келсе барамын,
Эртели-кеч келер жагым карагын.
Көргөн түшүң көңүлүңдөй түз чыгып,
Жарпын жазар капа чеккен кабагың.
Бирок алтын болбосо экен үйүңдө,
Эриңмин деп ээлеп жүргөн жанагың.

Мидин Алыбаев


ЛУЛУНУН ЫРЫ

Жаныңда жатам, бирок жаткан менен,
Тигини унуталбай жатпайымбы.
Алаксып кетет оюм ошол жакка,
Кыйналбай ачык эле айтпайымбы.

Айтканда көр намысың ойгонот да,
Колдорум баш-көзүмдү коргонот да.
Чучуктай чыңырганым ага жетпей,
Күнөөмдү тартар мурдум шорголоп да.

Умсунуп, жатам ойлуу шыпты карап,
Умтулуп, шыпты тосуп тиктешесиң.
Мен болсо, оодарылам тетир карап,
Сен болсо, итчесинен, итчесинен...

ххх

Караңгынын иши курусун,
Көрбөй турам көздөрүңүздү.
“Караңгыда каман күркүрөп”,
Күбүрөнүп өппөдүңүзбү...

Аркы өйүздө устун качырап,
Укпай калам сөздөрүңүздү.
Көпүрөнүн ордун аткарсам,
Берки өйүзгө өтпөдүңүзбү.

Конверттей бекем чапталып,
Чыкпай калды буттарыбызчы...
Сиз өчүргөн шамды жандырып,
Бул бейиштен куткарыңызчы...

Бурулкан Карагулова

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
meerime
2010-09-04 19:47:58
TUUGANDAR KALEMINER KURCHUI BERSIN AZAMATSNAR
+2
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан