КЫРГЫЗ АЭРОПОРТТОРУ ТЫШКЫ БАШКАРУУГА БЕРИЛГЕНИ ЖАТАТ

Кыргыз аба майдандары, анын ичинде стратегиялык объект катары саналган “Манас” жана “Ош” аэропорттору тышкы башкарууга берилет деген кабар нааразы пикирлерди жаратты. Бул маалыматты январдын аягында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов айтып чыккан. Тийиштүү долбоор 2019-жылы декабрда даярдалып бүттү. Аба майдандары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору аркылуу тышкы башкарууга берилери айтылган. Кимге берилери ачыкталган жок.

Адатта, мекеме банкрот абалына жеткенде, өкмөт өзү иштете албай калганда тышкы башкарууга берилет. Андыктан өлкөнүн стратегиялык жайларын бирөөнүн башкаруусуна берүү демилгеси сынга алынып жатат. Аэропортторду башка колго өткөрүү демилгеси буга чейин да көтөрүлүп, жарандык коомдун катуу каршылыгынан кийин токтотулган эле.

Өкмөт болсо “Манас” аэропорту аймактык транзиттик борбор болушу керектигин, аба майданды толугу менен жаңылоо зарылдыгын айтып жатат. Кескин сындардан кийин “Манас” аэропортунун инфраструктурасы жана акциялары инвесторго же үчүнчү жактарга берилбейт” деп билдирүү жасоого аргасыз болду.

Кыргыз жеринде 11 аэропорт бар. Эң чоңу жана кирешелүүсү “Манас” жана “Ош” аэропорттору.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан