“КЫРГЫЗДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫ ЧАБАЛ” деп ТИМ сындалууда

Соңку аптада Кыргыздын тышкы саясаттагы позициясына, абалына, мындан улам тышкы иштер министрлигине карата айтылган сындар күчөдү. Буга 2 окуя себеп болду. Биринчиси, АКШнын Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына визалык чектөө киргизүүсү. Президент Дональд Трамптын буйругуна ылайык, кыргыздардын АКШга иммиграциялык виза алуусуна тыюу салынды. Муну АКШ тарап “өлкө америкалык коопсуздук стандарттарына жооп бербегени жана маалымат алмашуу милдетин аткара албаганы үчүн деп түшүндүрдү. Кыргыз өлкөсү жарандарынын АКШ аймагында жашап, иштөөсүнө тыюу салынган дүйнөдөгү 13 өлкөнүн бирине айланды. Тизмеде Түндүк Корея, Сирия, Ливия, Иран жана бир топ Африка өлкөлөрү бар.

Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул чектөөсүн сындап чыкты. “Кыргыз өлкөсү эл аралык коопсуздукту камсыздаган активдүү катышуучу. АКШнын бул чечимин биз эки тараптуу кызматташтыкка аракети жок деп кабыл алдык. Бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизди” дейт министрлик.

Жарандык коом Кыргыз өлкөсү тышкы саясатта чабалдык кылууда, АКШнын визалык чектөөсү мунун далили деп жатат. ТИМ АКШ менен сүйлөшүүлөргө барып, бул чектөөнүн алдын алса болот эле деген пикир басымдуулук кылууда. Эксперттер да бул окуяда күнөөнү АКШдан эмес, Кыргыз тараптан издөөдө.

Экинчи окуя – АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Казакстан менен Өзбекстанга иш сапары менен келип, Кыргызстандын босогосун аттабай кеткени. Убагында Кыргызстан Борбордук Азиядагы демократиянын аралчасы аталып, АКШ, Европа өлкөлөрү чөлкөмдө биринчи болуп Кыргызстанга көңүл бурчу. Помпеонун Кыргызстанга кайрылбай кетиши – Кыргыз өлкөсү демократиялык өзгөчөлүгүн жоготконунун белгиси деп бааланууда.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 901, 6-12-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан