2019-жылдын октябрь айында Данияр Эрматов чырайлуу кыз менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп «бул кыз менин сүйгөнүм» деп жар салды. Бул билдирүүгө дароо күйөрман кыздардын «ишенбейм», «эми мен кантип жашайм?», «ыйлап жатам» деген комментарийлери жаады. Сүрөттөгү сулуу Оштун 20 жаштагы чүрөгү Айсалкын эле. Ырчы көп өтпөй ал кызга баш кошту. Бул махабат кантип башталды? Жооптун баары Данияр мырзанын маегинде.
– Данияр, куш бооң бек болсун! Жакында жубайың менен бал айыңарды Дубайдан өткөрүп келдиңер. Кандай эс алып кайттыңар?
– Чоң рахмат. Жакшы эс алып келдик. Жубайым экөөбүз «бал айын сөзсүз чет өлкөдө өткөрүш керек» деп пландаган деле эмеспиз. Бул ата-энем менен бир туугандарымдын күтүлбөгөн белеги болду. Жубайым үчүн бал айы маанилүү эмес болчу. Башында эле «бактылуу болсок болду» деген. Тамашалап «бал айыбыз айылда өтөт» деп айтып калчумун. Башында 2 ай айылда жүрдүк. Ал ата-энеме келиндик кызматын кылды, мен эс алдым.
– Жаш түгөйлөрдүн сүйүүсү кантип башталды эле?
– Мурда маектеримде «бир көрүп сүйүп калуу болбойт го» деп көп айтчумун. Бирок жаңылыптырмын. Айсалкынды бир көрүп жактырдым, кийин сүйүүгө айланды.
Экөөбүз тойдо таанышканбыз. Башында ал мага көңүл деле бурган жок. Ырчыларга көп кызыкпайт экен. Таанышкандан кийин «сизди жакшы ырчы катары билем. Бирок ырчыларга көп кызыкпайм» деди. Айсалкынды биринчи көргөндө эле алам деген жокмун. Дароо эле сүйөм деген да жокмун. Анда алдаган болмокмун. Мамилебиз өзү сүйүүгө жетелеп барды. Менин жасаган жакшы мамилеме ал багынды, анын мамилесине мен багындым. Романтик болуп тизелеп отуруп колун сураган жокмун. Үйлөнгөндөн кийин «колуңду романтикалуу сурабай калдым» десем, «бактылуу болсок болду» деди. – Экөөңөр 2 ай сүйлөшүп баш коштуңар. Бул убакыт бири-бириңерди таанып-билүүгө жетиштүү болдубу?
– 2 айда эмес, 2 жумада деле үйлөнмөкмүн. Баары эле «2 ай аз эмеспи?» деп сурап жатышат. Адамдын мүнөзүнө жараша болот экен. Мага өзгөрүп кеткен кыздар жакпайт. Анын мүнөзү өзгөргөн жок. Башында кандай болсо, азыр да ошондой. Бул мактаныч же келинчегимди жакшы көрсөтүү эмес. Чындыкты айтып жатам.
– «Баш айланткан сүйүүгө кабыла элекмин» деп айтып калчусуң. Айсалкын баш айланткан сүйүүң болдубу?
– Ооба, сүйлөшүп баштаганда эле болочок жубайым катары элестете алдым. «Ырчылар сүйгөнүм жок дейсиңер да, үйлөнгөндөн кийин 3-4 жылдан бери кыз-жигит болчубуз деп маек бересиңер» деген комментарийлерди окуп калчумун. Аларга «сүйүктүүмө жолуксам дароо ачыкка чыгарам» деп жооп жазчумун. Ошол сөзүмө турдум. Сүйүктүүмдү жубайым катары элестеткенден кийин, жадакалса үйлөнөр күндү белгилеп коюп ачыкка чыгардым. Анткени ал дагы бирөөнүн кызы. Эртең бир нерсе болуп сүйлөшпөй калсак туура эмес болуп калмак. Ата-энелерибиз таанышып, тойдун датасын белгилегенден кийин болочок келинчегимдин сүрөтүн жарыяладым.
Жубайым менден 10 жашка кичүү. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет дейт. Акыл-эс жагынан бирдей элебиз. Аракетчил, идеяга бай. Мага кеңеш берип турат. «Өзүңдөн 10 жаш улуу адамга турмушка чыгам деп ойлодуң беле?» деп тамашаласам, «түшүмө да кирген эмес» деп калат (күлүп). Мен дагы ойлогон эмесмин. Бул буйрук экен.
– «Үйлөнсөм чыгармачылыгым аксап калабы деп корком» деп айтчу элең. Азыр мындай чочулоо жокпу?
– «Келинчегим мени түшүнсө, чыгармачылыгыма тоскоол болбойт, колдойт. Эгер кызганса үй-бүлөнү тандайм. Мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат» деп айткам. Үйлөнгөнгө чейин чыгармачылык биринчи орунда болчу, азыр биринчи кезекте үй-бүлөм, келинчегим турат. Чыгармачылыгым өз жолунда баратат. Буга чейин комментарий, СМС жазып жүргөн күйөрмандарым азыркыга чейин жазышат. Чыгармачылыгым улана берет деп ойлойм.
– Инстаграм баракчаңа келинчегиңдин кар күрөгөн, мал жайгарган видеолорун жүктөп каласың. Муну менен жубайыңдын чарба иштерине тың экенин көрсөткүң келеби?
– Келинчегим «жүктөбөй эле коюңузчу, мактангандай болуп калат» деди. А мен келинчегимдин жакшы сапаттары менен мактангым келди. Видеону көргөндөр жакшы пикирлерин жазышты. Экөөбүз тең айылдын кара жумушуна бышып чоңойгонбуз. Ал ата-энеме мен ойлогондон да жакшы кызмат кылып жүргөнүн көрүп сүйүүм ого бетер күчөдү. «Канткенде сүйүү күчөйт?» деп сурашса, үйлөнгөндөн кийин, ата-энеңе, бир туугандарыңа кызмат кылганын көрүп сүйүү күчөйт деп айтмакмын.
– Сен да кайын журтуңдун үйүндө кызмат кылууга даярсыңбы?
– Албетте, даярмын. Баары эле кызмат кылат болуш керек, кылганга да милдеттүү деп ойлойм. Күйөө бала болгондон кийин баласындай болуп каласың да.
– Келинчегиң кайсы кесиптин ээси? Инстаграм баракчасында модель деп жазылып турат.
– Кытай тилинен котормочу. Окуу жайда окуп жүргөндө дүкөндөрдөн сунуш түшүп жарнамага тартылган. 1-2 жолу жарнамалык сүрөттөргө түшкөндөн кийин «бизге да модель болуп бер» деген сунуштар көбөйдү. Моделинг – анын хоббиси.
– «Жубайым Америкадан окуп келсе да иштетпейм» деп так кесе айттың эле. Бул ойдон кайттыңбы же дагы эле ошол принциптесиңби?
– Бойдок кезде ар кайсыны сүйлөй берет экенбиз. Чындыгында ушундай принцибим бар болчу. Бул оюмдан кайттым. Бирок иштетпегенге аракет кылам. Кудайдан улук сүйлөбөйүн. Колумдан келсе иштетпей өзүм багам дегем. Аялым балдарыбызды карап үйдө отурса деп кыялданчумун. Азыр иштебейт, буга өзү макул. Кийин иштегиси келсе иштейт.
– Жеке жашооңузду бир калыпка салып алдыңыз. Чыгармачылыкта кандай иштер жасалып жатат?
– Жакында «Айылымды сагындым» деген ырымды элге сунам. Мигрант мекендештерибиз аябай көп. Чет өлкөгө тойго барып калганда алар «Кыргызстанда абал кандай?» деп сурап калышат. Мекендештерибиз өз жерин сагынганда ушул ырды угуп турушсун деген ниетте жаралды.
Учурда Ташкенттеги композиторлор менен иштешип жатабыз. Алардын студиялары, ыр жаздыруу сапаты бизден жакшыраак. Ал жактан жакшы ырлар жазылып жатат.
2019-жылы 7 облусту кыдырып концерт бергем. Быйыл да жеке концертим менен Кыргыз жерин түрө кыдырууну пландап жатам.
– Жеке бизнестерим бар деп айтып каласың. Сыр болбосо ал кандай бизнес?
– Японияда, бул жакта унаа тетиктерин саткан командам бар. Авиакасса да иштетем. Бир туугандарым менен бирге иштеткен кийим тигүүчү цехибиз бар.
– Маегиңе рахмат!
Динара Абдыкадырова
star@super.kg