Маектешим актёр, телеалпаруучу, ырчы, тамада Самат Эркинбеков. Ал комедиялык ролдору менен элдин сүймөнчүк артисти боло алды. Каарманым өзгөчө жаш балдардын көңүл борборунда экенин айтып, бир жылмайып алды. Бүгүн ал чыгармачылыгы, сүйүүсү тууралуу жагымдуу маек курду.
– Салам, Самат! Эмне менен алек болуп жүрөсүң, кандай жаңылыктарың бар?
– Салам! “Ак-Өргө city” деген продакшн түзбөдүк беле. Ошол командабыз менен алгачкы ирет сериал тартып жатабыз. Андан тышкары “Ak-Orgo Boys” жана "AB-92" топтору менен биргеликте ыр жаздырып, клиптерди тартып жатабыз. Ушул жылы тамашалуу ырларыбыздын альбомун чыгаруу планыбыз бар. – Жакшы. “Жора, Гуля” тасмаңар тамашалуу фильм катары жакшы кабыл алынып жатат. Бир тасмада эки образ жаратуу сага оор болдубу?
– Оңой жумуш жок да, оор болду. Гулянын образын жаратыш үчүн жарым жылдай даярдандым. Гулядай эжелердин мүнөзүн, адаттарын, кыймыл-аракетин, кийингенин изилдеп, анын баарын өзүмө сиңирип, аябай даярдандым. Боёно калып эле Гуля болуп калган жокмун. Эл тасманы көргөндө Самат эмес, Гуля эже экенине ишенип көрсүн деп аракет кылдым. Тоханын образын чагылдырууда улуу кишинин ролун ойногон да оор экенин түшүндүм. Бир образдан экинчисине өтүп ойногондо айрым учурда унутуп калып жаттым. Тоханы ойноп жатып Гулянын кыймыл-аракетин ойноп салган учурлар болду. Бирок экөөнү тең окшоштура алдым деп ойлойм. Өзүмө ушул тасмада иштегеним жакты.
– Аял болгон кыйын бекен?
– Эң оору мен үчүн грим болду. 2 сааттан ашык боёнуп отурасың, күнү бою ошону менен жүрөсүң. Бутуңа ыңгайсыз туфли кийип жүрүшүң керек. Ушул ролду аткарып жатып кыздардын абалын түшүндүм, кыйын эле экен.– Өзүңөр тамашакөй жигиттер эмессиңерби. Тасма тартуу учурунда күлкүлүү абалга көп кабылсаңар керек?
– Бир супермаркетте тартуу иштери жүрүп жаткан. Мен Гулянын образында болчумун. Бир маалда алдымдан бажам чыгып калды эле уялып, кызарып, эмне кыларымды билбей ыңгайсыз абалда калдым. Анан айла жок актёрдук чеберчиликке салып, айымдардын кыймыл-аракетин туурап “ай, кандайсың?” деп койдум. Ал күлүп жиберди. Учурашып, жумушта экенимди түшүндүрсөм, күлгөн боюнча кетти. Алар бизди экрандан деле ушундай образда көрөт дечи. Бирок баары бир уялат экенсиң.
– Актёрдук жаатта билим алыш керек бекен же талант жетиштүүбү?
– Албетте, билимдин зыяны жок. Бирок “дипломум менен жыргап кеттим” деген актёрду көрө элекмин. Орусияда мигрант болуп иштеп жүргөн актёр, турмушка чыгып диплому сандыкта катылып жаткан билимдүү актрисалар бар. Эгер актёрдук билим алсам, мынчалык ийгиликке жетмек эмесмин. Билим алсам, анда чыныгы чыгармачылык жолго түшүп, театрда иштеп, шоу-бизнеске аралашпай калмакмын. Мен узун жолду кыскарттым. “Тамашоудо” ойноп жүргөнүмдө режиссёр Эрнест Абдыжапаров байкап калып,
“До+Фа” тасмасына тарткан. Ошондон тартып шоу чөйрөсүндөгү ишим өнүгө баштады. Азыр шоу-бизнесте иштеп жатканыма өкүнбөйм.
– Келечекте коммерциялык багытта эмес, автордук тасма тартып, фестивалдарга катышсак деген оюңар барбы?
– Андай оюбуз бар. 1-2 жыл ичинде автордук тасмабыз менен чет жактагы фестивалдарга катышабыз, буюрса.
– Эл көзүндө жүргөндөн кийин ар кандай сындар айтылат. Сынды кандай кабыл аласың?
– Туура сын айтса көтөрөм, туура эмес айтышса урушуп кетем. Көбүнчө “ушул да кинобу?”, “чет жактагыдай кино тартпайсыңарбы” деп тасмаларыбызга карата сын жаза беришет. Эми биз Голливуддун тасмаларындай тарта албайбыз да. Ага ошондой каражат керек. Биз Кыргызстандын рыногуна жараша тасма тартып жатабыз. Голливуд деле бул бийиктикке акырындык менен жеткен да. Бизде дагы кино жааты өнүгүп келе жатат. 10 жыл мурункуга салыштырмалуу кыргыз киносун көрөбүз деп кинотеатрга баргандар көп. Шүгүр дешибиз керек. Бизге азыр сын эмес, элдин колдоосу керек. Тасмабызга асылып жазгандарга ушинтип жооп берем. Ал эми мага карата жаман сөз жазгандарга жооп жазбайм. Сөгүп, сүрөтүн баракчама чыгарып, “мындай экенсиң, сендей адамдар жок болсун” деп жазып убакыт кетирбейм. Мага ал пайда алып келбейт. Ага караганда бир эмгек жаратып, жок дегенде вайн тартканым жакшы.
– Башында Актандын досу Акылайдын образы менен таанылбадыңбы. Башынан эле күйөрмандарыңдын көбү жаш балдар болду. Азыр деле жаш балдар көбүрөөк таанышабы?
– Ооба, күйөрмандарымдын арасында жаш балдар көп. Өзүм дагы балдарга жакынмын, алар да мага жакын. Мени көрүп, сүйлөшкүлөрү келет. Социалдык тармактардан жазып турушат, телефон чалышат. Көчөдө жүрсөм кичинекей балдар апасын ээрчитип жаныма чуркап келишет. Ата-энелери мени тааныбаса да, баласы үчүн аргасыз таанышышат. Минтип жаш балдардын жардамы менен аудиториям да кеңейип жатат. Үйгө чейин балдарын ээрчитип келип “сүрөткө түшүп койчу, сүйлөшүп койчу” дегендер бар.
– Өзүң менен сыймыктанган учур болобу?
– Бизде бардык жакта эле кезек күтүш керек го. Кезекке барып туруп калсам, ошол жакта тургандар же иштегендер таанып калып, “артист баланы өткөрүп жиберели” деп кезексиз өткөрүп коюшат. Пробкада турсам да таанып өткөрүп коюшат. Ошондой учурларда чыгармачылыгымды сыйлап жатышат деп өзүм менен сыймыктанып калам.
– Жашоодо жол көрсөтүп, колдоп турган адам болсо, жүгүң бир аз жеңил болот эмеспи. Ошондой адамың барбы?
– Өзүңүздөр билгендей, менин ата-энем өтүп кеткен. Мага ата ордуна ата, эне ордуна эне болгон бир туугандарым. Алар мени окутушту. Азыр да дайыма колдоп, жол көрсөтүп, акыл-насаатын айтып турушат. Кандай гана жагдай болбосун эжеме жана эки байкеме кайрыла аларымды билем. Ал адамдар барда менде оор жүк болбосо керек.
– 14-февраль – Сүйүү күнү келе жатат. Келинчегиңди кантип кубандырасың?
– Башынан эле бул майрамга маани бербейм. Менимче, сүйүшкөндөр үчүн күндө сүйүү күнү болушу керек. Келинчегиңе көңүл бурбай жүрүп, анан 14-февраль күнү гана белек берип калууну “ошол эле күнү сени сүйөм” дегендей түшүнөм. Ал туура эмес да. Башында эле келинчегиме “бул күндү майрамдабайбыз, экөөбүзгө күн сайын сүйүү күнү” дегем.
– Демек, дайыма көңүл бөлүп, белек берип, көңүлүн алып турасың?..
– Келинчегим үнөмдүү жашаганды билет. Мен ага “жакшы кийин, каалаганыңды айт, алып берем” дейм. Бирок ал өзүнө керектүү буюмдарды, кийимдерди гана алдырат. Кээде “ресторанга барып тамактанып келели” деп сунуштасам, “койчу, ошол акчага эт алып келип, 3-4 күн сага манты жасап бербейминби” деп калат.
– Бара-бара сүйүү солгундап баштайт деп айтышат...
– Биздин сүйүү сүйлөшүп жүргөн кезибиздегидей эле күчтүү. Менимче, үйдө уруш жок болсо сүйүү муздабайт. Үйдө уруштун чыгышына көпчүлүк учурда эркектер себепкер деп билем. Эгер эркек аялды эч нерсеге муктаж кылбаса, туура эмес жолго баспаса, үй-бүлөгө дайыма көңүл бурса, үйдө уруш болбойт. Айрым эркектер “аялым мээмди жейт” дешет. Жөн жерден жебесе керек. Менин оюмча, үйдө бош отуруп калган эркектин кулак-мээси тынч болбойт. Аялы “акча таап кел, иште, кийим алып бер” деп чатак чыгарат да. Эртең менен жумушка кетип, кечинде келсең, экөөң сагынышып каласың, уруш чыкпайт. Ал эми уруш чыкпаган жерде сүйүү жашай берет.
– Жаңы сахнага чыгып жүргөнүңдө биздин гезиттин бойдоктор бурчуна чыккан экенсиң. Ошондо “келинчегим кылыктана чыгыш бийин бийлеп берсе...” деген кыялыңды айтыптырсың. Чолпонай бийлеп берип жатабы?
– Ошентиптирминби, ээ? Андай кыялым бар экенин өзүм да унутуп калыптырмын. Келинчегим бийлей албайт, ырдай да албайт.
– Бактылуу болгула! Ишиңе ийгилик!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg