2019-жылы 19 жаштагы казак кызы Элизабет Турсынбаева Япониянын Сайтама шаарында муз үстүндө бийлөө боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда тарых жаратты. Ал аялдар арасында биринчи жолу 4 айланма сальхов секирди. Бул тарыхтын жаралышын 100 жылдап күткөн өлкөлөр бар эле. Кызынын мындай ийгилик жаратышына болгон күчүн жумшап, көмүскөдө туруп тоодой күч берген апасы, машыктыруучусу, кыргыздын кызы Падишахан Султаналиева “Апалар сүйлөйт” рубрикабыздын бул жолку коногу.
– Саламатсызбы? Алгач өзгөчө ой-пикири бар, менталитетке байланбаган, чемпиондорду тарбиялаган эне, өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
– Мен 1971-жылы 1-майда Аксыдагы Итагар айылында, карыган ата-энемдин эң кичүү перзенти болуп туулгам. Үй-бүлөдө көп бир тууганбыз. Атам Биймырза кат тааныган, көп нерсеге акылы жеткен, эпчил, көзү ачык, элдин ишин сүйүп аткарган элпек инсан эле. Апам Мөөркан жөнөкөй, оор басырыктуу, атама Кудайындай баш ийип, ар бир айтканын аткарган, чанда кездешкен Таластын кызы эле. Мына ушул эки инсандын эркеси болуп чоңойдум.
– Өзүңүз көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан экенсиз. Бирок үй-бүлөнү пландоо жаатында “баланы бытыратып эле төрөй бербеш керек” деген оюңузду айтып келесиз...
– Мен жаш кезимден көп балалуу болууну каалачу эмесмин. Эмнегедир чоң үй-бүлө чоң көйгөй экенин ата-энемдин эң кичинекей эркетайы болсом да сезет элем. Ар бир туулган бала ата-эненин камкордугуна гана эмес, мээримине жана тынымсыз тарбиясына муктаж. Чууруган көп балдар аргасыз бири-бирин өз билгенинче тарбиялашат экен. Ата-эне моралдык, психологиялык жана материалдык жактан көп балага тарбия берүүгө жетишпейт. Ошондуктан менин 2 эле балам бар. Бир уул, бир кыз. Экөө тең спорт чемпиондору, бири эл аралык спорт чебери, экинчиси Казакстандын Эмгек сиңирген спорт чебери. Балдарымдын атасы казак улутунан. Эки баламдын тең музыкалык терең билими бар, спорт колледжин кызыл диплом менен аякташты. Учурда жогорку окуу жайларда окушат. – Айылда 6 баланы күнүмдүк турмуштун агымында тарбиялап отурган көп балалуу эне менен чемпиондорду тарбиялап өстүргөн сиздин айырмаңыз эмнеде?
– Түйшүк жагынан айылда 6 бала тарбиялаган энеден айырмам деле жок. Болгону уул-кызы турнирлерге катышып, Орто Азия боюнча биринчилерден болуп кышкы Олипиадаларга жол салып жүрүп Жер планетасындагы 60 өлкөнү айланып чыккан энемин. Мисалы Канадада 5 жыл жашадым. Келишим менен ар кайсы өлкөлөргө барып жашап, иштеп, машыгып келсек болот. Менде көп өлкөлөрдүн визасы бар. Учурда Германиянын Мюнхен шаарындамын.
– “Келечекте улуттун сыймыгы болгон чемпиондорду тарбиялап өстүрөм” деген ой сизге алгачкы ирет качан келди эле?
– Мындай ой 9 жашымда келген. 1980-жылы Москвада Олимпиада оюндары өткөн. Ошол учурда алыскы туугандардын үйүндө элем. Оюндарды сыналгыдан көрүп жатканда “кийин Олимпиадага мен дагы барам” дей коюп күлкүгө калгам.– Баланы бир кесипке багытташ үчүн анын шыгын, жөндөмүн караш керекпи же кайсы бир тармакка багыттап кызыгуусун ойготсо болобу?
– Жеке мисалымда, балдарымды 4 жашынан баштап түрдүү ийримдерге бердим. Экөөнү унаама салып алып сүрөт, музыка, бий, спорт боюнча ийримдерге тынбай алып барчумун. Жылдар өтө берди. Бир күнү балдарым “бизге муз үстүндө бийлөө, музыка жана заманбап бийлер жагат, калганына барбайбыз” деп айтышты. “Тандооңорго рахмат” деп макул болдум. Спорттун муз үстүндө бийлөө түрүн тандаш үчүн көп жыл эмгектенип, түрдүү тоскоолдуктардан өтүштү.
– Былтыркы жылы кызыңыз Элизабет Турсынбаева дүйнөдөгү 5 мыкты фигуристтин катарына кирди. Ийгиликтин жаралышындагы сиздин, машыктыруучусунун жана өзүнүн эмгек үлүшү канча?
–Албетте, машыктыруучулардын да, Элизабеттин да эмгеги зор. Ал эми өзүмдүн аракеттериме токтоло турган болсом, кызым үчүн 15 жыл бекер эмгектендим. 48 жашымда 3-жогорку билим алып, Спорт Академиясын сырттан окуп, профессионал машыктыруучу болдум. Кокустан машыктыруучусу жок болуп калса, ал милдетти өзүм аткара берем.
Кызыма эң алгач өзүм машыктыруучу болдум. 7 айынан бастырып, кыйшык бутун түздөп, кичинекей отургучтарга секиртип, анан спортко бергем. Профессионал машыктыруучулары Ирина Страхова, Наталья Дубинская, Александр Шубин, Светлана Сокловская. Чет элдиктерден Брайн Орсер, Трейси Уилсон, Девид Уилсон. Азыр Этери Тутберидзе, Сергей Дудаков, Данил Глейхенгауз машыктырат.
– Фигуристтерди тарбиялоонун оорчулугу менен ырахатын сизчелик эч ким айтып бере албаса керек.
– Бир жолу балдарым кичинекей кезинде Москванын биринчилиги үчүн турнирге катышышты. Анда алгачкы орундарды багындырышкан 6 бала Москванын курама командасына кирмек. Кыска программанын жыйынтыгында кызым Элизабет менен уулум Тимур төртүнчү жана бешинчи орундарды алышты. Мындай көрсөткүчтөр, албетте, үмүт жаратты. Бирок эртеси эркин программа боюнча өтө турган турнирден фамилияларын чийип салышып, киргизбей коюшкан. Машыктыруучуга барсам балдарымдын Москва шаарында туулганына карабай “кийин балдарың чоңойгондо кетип калышыңар мүмкүн” деген жооп менен узатты. Балдарым себебин сурап ыйлашканда машыктыруучусун жамандабай, позитивдүү түшүндүрүп койгом. Жаңжал чыгарып, эч ким менен урушкан жокмун, унчукпай машыгуубузду уланта бердик. Бирок бир күнү бизди “Москвич” спорт клубунан кууп жиберишти. Себеби машыктыруучусун албай өз алдыбызча Францияда өткөн Эл аралык турнирге катышып, алтын медаль менен кайтканыбыз үчүн (күлүп). Ошентсе да акыры ак эмгегибиз менен Орусиянын курама командасына 2012-жылы Москванын чемпиону болуп кошулганбыз. Ошондо “биз Орусиянын атынан чыкпайбыз” деген чечим кабыл алып баш тарткам. Анткени бир жолу саткан миң жолу сатышы мүмкүн деп корктум.
Негизи фигуристтерди тарбиялоо өтө оор жумуш. Анткени спорттун бул түрү Орто Азияда жокко эсе. Тарыхка жол салуу татаал түйшүк. Дагы бир кыйынчылыгы, муз үстүндө бийлөө эң кымбат спорттун түрү. Жылына 2 жолу алмаштырган конькинин өзү миң доллар турат. Анын лезвиесинин баасы да ошол сумманы чапчыйт. Кийген костюмдары 2 миңден 10 миң долларга чейин жетет.
– Элизабет Турсынбаева муз үстүндө бийлөө боюнча Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багындыргандан кийин жашооңуздарга кандай өзгөрүүлөр кирди? Казакстан мамлекети тарабынан кандай колдоо көрсөтүлдү?
– Жашоодо өзгөрүүлөр көп болду. Мамлекет тарабынан моралдык колдоо көп. Жасаганыбызды милдет кылып материалдык колдоого умтула бербейбиз. Сыйлык беришсе, рахмат, беришпесе наалыбайбыз. Балдарымды мамлекет үчүн төрөгөн эмесмин. Бирок мамлекетке пайдалуу инсандарды тарбияладым. Балам Тимур Турсынбаев спорт чебери болгондо жаракат алып спорт карьерасын жыйынтыктап, терең билим алууга киришкен. Азыр Казакстандагы эң көрүнүктүү, эң профессионалдуу жаш машыктыруучу. Тимурдун спортчулары турнирде алдыңкы орундарды алып келет. Кызым Элизабет Турсынбаева Дүйнө чемпиондугунда күмүш байгени багынтып, 4 айланма сальхов секирип тарых жараткандан тышкары, жаштар Олимпиадасында коло медаль, Азия кышкы оюндарында коло, Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада күмүш медаль алды. Акыркы 5 жылда 49 эл аралык турнирге катышып, 37 медаль утту. “Эң мыкты спортчу”, “Элдин сүймөнчүгү” деген наамдарга ээ болду. Казакстандын президентинен "Дарын", "Курмет" сыйлыктарын алды. Казакстандагы эң белгилүү спортчу аталды, ал жөнүндө документалдуу тасмалар тартылып жатат. Айтор, эки балам тең урмат-сыйга ээ болууда. Бирок эч өзгөрбөй, жөнөкөй боюнча эмгектенип келишет.
– Элизабет белинен жаракат алгандыгы айтылды эле. Учурда ден соолугу жакшыбы?
– Рахмат, Кудайга шүгүр. Германиялык кесипкөй врачтардын көзөмөлүндө. Алар “6 ай тыныгуу керек” дешкен.
– 2022-жылы Кытайдын Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына пландарыңыздар...
– Кытай мамлекети Элизабет Турсынбаевага "Кытай элинин атынан чык, биз сендей спортчуну миллиондогон долларга баалайбыз” деп келишим сунушташты. Бирок Элизабет жаштык кылып, терең түшүнбөй, келишимден баш тартты. Казактар мынчалык баалашпасын жакшы билем. Бирок “өз эркиң, өз тагдырың” дедим. Балдарым туура эмес чечим кабыл алышса да макул болом. Ар бир адам адашууга, аны кайра оңдоого акысы бар. Канткен күндө да, кызымдын алган жарааты тоскоол болбосо Олимпиадага жакшы даярданабыз деген үмүттөмүн.
– Рахмат, уул-кызды татыктуу тарбиялай бериңиз.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg