ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕКТИ МУРДАГЫ ЖОЛДОШУ СОТКО БЕРИП, 5 МИЛЛИОН СОМ ТАЛАП КЫЛУУДА

Ырчы Гүлзат Мамытбекти мурдагы күйөөсү Талант Курманкулов сотко берди. УКМКга арыз жазган Талант мырза мындай дейт:

– Гүлзат 1 жыл мурун үйгө келип, ызы-чуу салганын билесиңер. Жалган жалаа жаап, мени телевидение аркылуу жаманатты кылды. Социалдык тармактардагы баракчаларына сүрөтүмдү чыгарып, кылмышкер катары көрсөттү. Анда дагы балдарымдын апасы, өзүнө келип калар деп унчуккан жокмун. Бирок токтогон жок. Кайра эле ушуга окшогон ызы-чууларды кыла берди. Негизсиз айыптап, арыз жазып, үстүмдөн 4-5 кылмыш ишин козготуп салды. Чектен ашып кеткенинен аргасыздан ушул кадамга бардым. Жөн койсом улана берчүдөй. Ар-намысыма шек келтирди, каматууга аракет кылды деп УКМКга арыз жазып, 5 миллион сом талап кылдым. Эми сот ал акчаны өндүрүп деле бербесе керек. Мындай аракеттерин кайталабасын деген максатта ушундай кадамга бардым. Эмнеге УКМКга жаздым? Анткени Гүлзат саентолог экенин өзү да айтып чыкпадыбы. Ал эми бул агымга диний секта катары көпчүлүк өлкөлөрдө тыюу салынган. УКМК арызымды карап, ишти Сокулук РИИБине өткөрүп берди. Тергөө жүрүп жатат.

Бул боюнча Гүлзат Мамытбекке кайрылганыбызда “анын деңгээлине түшкүм келбейт” деп жооп кайтарды.

Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкулов расмий түрдө 2016-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч баласы бар. Улуусу Талант мырзанын, экөө ырчы айымдын колунда.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Dembele84
2020-02-17 09:27:13
Экоо ит мышык болуп бутподуго деги
+4
Avrora2017
2020-02-17 17:04:24
Gulzat erkek eken anyn dengeeline tushpogon molodes Gulzat
-4
fanatka19
2020-02-17 20:07:02
Гулзат эркектик кылыптыр го)).
-5
Mister-X
2020-02-18 13:31:03
Кээ бир аялдар ажырашкандан кийин куйоосу эн биринчи душманы болуп калат. Эми анын денгээлине тушпойм деген эмнеси?Ызы-чууну баштап коюп,эми анын денгээлине тушпойм дегени туурабы?
+4
Sakura715
2020-02-19 02:01:50
Күйөөсүндо деле түзүк эле бар окшойт
-3
taalay25
2020-02-21 08:35:56
Эмне учун ГКНБ? Уят эмесби? Прокуратурага кайрылсын милицияга ишенбесе
+1
Nur777
2020-02-22 10:09:01
Аялынын уйун талашып кирип алганы аз келгенсип 5млн талап кылганы не?!Кыскасы ЭРКЕК ЭМЕС экен экс-куйоосу!
-2
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан