Телеалпаруучу, тамада Сагын Эргешов менен ырчы Кызсайкал Кабылованын чогуу түшкөн сүрөттөрү жүктөлгөн баракчалар Инстаграмда жайнап кетти. Сүрөттөрдүн астына окурмандар “бактылуу болгула” деп комментарий жазышса, кээ бири “экөө кыз-жигитпи?” деген суроо узатышууда. Бул суроого жооп алуу үчүн ырчы Кызсайкал Кабыловага байланыштык:
– Инстаграмдагы ал баракчаларды жумушу жок отургандар ачып жатышса керек. Жумушум көп болуп, айрымдарын көрбөй калып жатам. Байкап калганыма жазайын десем, мени кара тизмеге киргизип коюшкан болот. Колум бошосо, ал баракчаларды жаптырууга аракет кылам. Ал эми Сагын экөөбүз тууралуу айтсам, экөөбүз 6 жылдан бери жакын доспуз. Сүйлөшкөн жигит кыла турган мамилени, көңүл бурууну Сагын кылат. Кыскасы, “мени бирөө эркелетпей койду, шоколад алып бербей койду” деп капа болбойм. Балким, ошондон улам башкалар кыз-жигит деп ойлошот.