Ырчы Назгүл Токтакунова Инстаграм баракчасына кош бойлуу экенин жарыялады.
“Өзүмдү жакшы сезип жатам. Эч нерсени көрбөй, окубай, эч кандай даярдык көрбөй эле жүрөм. Мен ушундаймын, баарын акыркы күнү жасайм. Токсикоз болгон жокмун. Башында кечке уйкум келген, азыр жакшы. 22 жума болуп калдык. Баланын жынысын билбейбиз. УЗИге барганда ымыркай колу менен жаап же отуруп алып жынысын билдирбей жатат. Мени тартып уялчаак болот окшойт.
9 килограмм салмак коштум. Камырды жакшы көрчү эмесмин. Азыр тонналап жегенге даярмын. Мурдагыдай эле жашап жатам. Оорулуу болгондой ар нерсеге тыюу салган жакпайт. Жашоодогу девизим – аз билсең тынч уктайсың. Аз тынчсыздансаң жакшы жашайсың”,- дейт ырчы айым.
Эске салсак, Назгүл Токтакунова кесиптеши Кубаныч Бакытовго июль айында турмушка чыккан.