ЫРЧЫ АЗИЗ БАТЫРОВ ӨЗБЕКСТАНДА ӨТКӨН СЫНАКТА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Ырчы Азиз Батыров Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү болду. Сынак тууралуу ырчы буларды айтты:

– 9-февраль күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында "Артист" деген аталыштагы эл аралык сынактын финалы болду. Сынакта Барпы Алыкуловдун “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” аттуу чыгармасын жана өзбек ырчысы Охунжон Мадалиевдин “Бизди унутуу оңой эмес” деген ырын аткардым. Жыйынтыгында алдыңкы 15 катышуучунун катарына кирип, жеңүүчү болдум.

Калыстар тобунда Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, ырчылар Озода Нурсаидова жана Самандар Хамракуловдор отурушту. Алгач сынакта Орто Азия өлкөлөрүнөн 600дөй катышуучу ат салышты. Акырында минтип 15 ырчы тандалдык. Эми бизди 3 калыс 5 ырчыдан бөлүп өз карамагына алат. Өзбекстан өлкөсүндө ырларыбызды жайылтып, продюсерлик кылышат экен. Мен Озодбек Назарбековго барууну сурансамбы деп жатам.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Jibegim2016
2020-02-17 16:57:13
Азамат!
0
ernis_07
2020-02-18 01:48:36
Үнү уккулуктуу жигит,жакшы ырдайт азаматсың Азиз ийгилик сага иним
0
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан