ЖЕҢИШ РАЗАКОВ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРЛИКТЕН БОШОТУЛДУ

Өлкөнүн чек ара маселелери боюнча иш алып барган вице-премьер Жеңиш Разаков кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка 11-февралда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жеңиш Разаков аталган кызматты 2018-жылдын апрель айынан бери аркалап келген.

Жарандык коом Разаковдун ордуна эрктүү, жөндөмдүү, чек ара көйгөйүн жакшы түшүнгөн кадр дайындоону талап кылды. Бул кызматка татыктуу деп социалдык түйүндөрдө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеп жаткан Улукбек Кочкоровдун, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин ысымдары көп аталып жатты. 12-февраль күнү вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги сунушталды. Парламенттеги башкаруучу коалиция, тийиштүү комитет Мадумаровдун талапкерлигин бир добуштан жактырды. Акрам Мадумаров 42 жашта, Баткендин Кадамжай районунда туулган. 2017-жылы президенттик аппараттын жетекчиси, 2017-2019-жылдары Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы болуп иштеген. Учурда Баткен облусунун жетекчиси.

Гезит басууга кетерде Мадумаровдун талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралып жаткан.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан