БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: “САДЫР ЖАПАРОВДУ МӨӨНӨТҮНӨН МУРУН БОШОТУУ МҮМКҮН ЭМЕС”

Камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы жарыялады.

Мекеме өлкөнүн Кылмыш кодекси жана Кылмыш процессуалдык кодекси Садыр Жапаровду шарттуу түрдө жазадан бошотууга же жатак абакка которууга жол бербей турганын белгилейт. “Жаза мөөнөтүн өтөөдөн шарттуу түрдө бошотуу уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында болуп жасалган кылмыш үчүн соттолгон жаранга колдонулбайт”,- деп жазылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы да Жапаровду жатак абакка которууга мыйзам жол бербейт деп жарыялады. Ал эми аталган саясатчыны 2020-жылы жатак абакка которууга болот деген ЖАМКнын кызматкери боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканы, туура эмес маалымат таратууга күнөөлүү кызматкер жоопкерчиликке тартылары айтылды.

Буга чейин Садыр Жапаровдун адвокаттары Бишкектеги №1 СИЗОнун жетекчисинин жообуна таянып, саясатчы 2020-жылдын февралында жатак абакка которулуп, андан кийин шарттуу түрдө абактан бошотулса болорун айтып жатышкан.

12-февралда ИИМ Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарова эл аралык издөөдө экенин жарыялады. Маалыматка таянсак, Жапарова убагында Инвестбанк "Ысык-Көл" ААКсын Максим Бакиевдин тартып алуусуна жардамдашкан деп айыпталып, 2014-2015-жылдары сот тарабынан жалпы 10 жылга эркинен ажыратылган. "Учурда анын кайда экенин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат" дейт ИИМ.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан