12-АПРЕЛДЕ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ШАЙЛОО ӨТӨТ

Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине белгиленди. Тийиштүү жарлыкка 11-февралда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул күнү Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок шаардык кеңештерине, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын 25 айылдык кеңешине да шайлоо өтөт. Мыйзамга ылайык, добуш берүү алдындагы үгүт иштери 12-мартта старт алат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан