БИР БҮРКҮМ: МИЛИЦИЯ БИШКЕКТЕН КАРЫШКЫР КАРМАДЫ...

Бажы кызматы: 2019-жылы өлкө Кытайдан 1 миллиард 942 миллион долларлык товар импорттогон.

Айыл чарба министрлиги: Өлкөдө жүгөрү, кант кызылчасы жана картошка өстүрүү көлөмү өсүп жатат.

Өкмөт Кыргыздын 102 ишканасы өз продукциясын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө сата аларын билдирди.

Аба ырайы 1 апта туруксуз болот, өлкөдө 16-февралга чейин кар жаашы күтүлүүдө.

Азиз Аалиев Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды.

Өлкөдө 2019-жылы кош бойлуу 44 аял көз жумган.

22-февралда “Ата Мекен” партиясынын Бишкек шаардык конференциясы өтөрүн партиянын борбор шаар боюнча координатору Улан Турдалиев билдирди.

Кыргыз жеринде 600 мамлекеттик жана менчик айыл чарба ишканасы жана 3 миңден ашуун фермер бар.

Нарын шаарында аптасына 15 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүчү завод ишке киргизилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы карыздарды төлөөнүн эң оор учуру 2025-2029-жылдарга туш келерин айтты.

Өлкөдө 12-февралга карата коронавирус менен ооругандар катталган жок.

11-февралда Бишкектин Ак-Ордо конушунда автокырсык катталып, 4 адам каза тапты.

11-февралда Патрулдук милициянын кызматкерлери Бишкектин чок ортосунан карышкыр кармашты. Учурда жапайы жаныбар шаарга кайдан келгенин аныктоо иштери жүрүүдө.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан