КОЙ (21.03-20.04)
Планеталардын жакшы жайгашуусу кыйынчылыктарды оңой жеңүүнү, маанайдын көтөрүңкү, иштин жемиштүү болуусун шарттайт. Жаңы жакшы адаттарды өзүңүзгө калыптандырсаңыз пайдалуу болмокчу. Мисалы, чуркоо же йогага баруу. Бирөөлөр чогуу чай ичүүгө чакырышат, эгер көңүл сүйбөгөн компания болсо барбай коюу оң.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада каржылык абалды оңдоп алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Айрымдар кыймылсыз мүлк сатуу же сатып алууну пландашса, кээ бирлер саясий партияга мүчө болууга далалаттанат. Сизге жакын адамыңыз сырын айтып, кеңеш сурайт. Сүйүктүүсүн тапкан бойдоктор жагымдуу сюрприз уюштурууга аракет кылышат.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын биринчи жарымында башкы тема иш жана акча болмокчу. Аптанын калган бөлүгүн маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү же ишти алмаштыруу, юридикалык маселелерди чечүүгө арнасаңыз болот. Үйдөгүлөрдүн биринин ден соолугун текшертип, дарылануусуна кам көрүшүңүз мүмкүн. Дем алышта конокко барууңуз ыктымал.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иштегилер жана башкалар менен мамиле түзүүдө активдүү болуу керек. Жаңы таанышкан адам иш жаатында гана эмес, бизнес, сүйүү жаатында да пайдалуу болмокчу. Үйдү жасалгалоо, керектүүлөрдү сатып алуу убаракерчилиги чыгат. Апта акырында философиялык, диний-адеп темаларга кызыгуу өсөт. Мүмкүн, китеп окуйсуз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ийгиликтүү да, ийгиликсиз да күндөр менен коштолгондуктан, көп энергияны талап кылат. Иштин баарын пландап, эс алууга да убакыт бөлбөсөңүз кыйналып каласыз. Жаңы мотивация, энтузиазм, жашоодон жаңы нерселерди издөө каалоосу жаралат. Жашооңуздагы өзгөрүүлөрдү анализдеп алыңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада ишке, ден соолукту чыңдоого, үй-бүлөдөгү мамилелерди бекемдөөгө жетишүү үчүн энергия, чыдамкайлык керек. Тоскоолдуктарды жеңүү үчүн ишенген адамыңызга таяныңыз. Оңой жол менен акча табууну сунуштагандар чыгат. Макул болбоңуз, сизди жашыруун кылтак күтүп турат.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жылдыздар аптада кошумча энергияны жана ийгиликтерди белекке сунат. Сүйүүгө марып, өзүңүзгө жана үйдөгүлөргө жакшы кам көрөсүз. Күнүмдүк иштер бир калыпта бүтө берет. Айрымдар кечки жолугушууну уюштурушат. Жаңы адамдар менен таанышуулар өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатат.
Кырдаалга жараша маанайыңыз туруктуу болбой, өзгөрүп турмакчы. Жашоодогу ордуңуз, жасаган жана жасала элек жумуштарыңыз тууралуу ойлонуп, алдыга жаңы максаттарды коёсуз. Апта баш кошуу тоюн өткөрүүгө, сүйүүнү билдирүүгө ылайыктуу. Жакындарыңыз жакшы жаңылык айтышат.
Жашооңузду өзгөртүүгө кадам таштайсыз. Андыктан алардын оюн угуу зарыл. Фиаского туш келбөө үчүн кымбат буюм сатып аларда, башка ишке өтүүдө жакшылап ойлонуу зарыл. Балаңыз сизден бир сырды жашырып жатканын байкайсыз, дүрбөлөңгө түшпөй туруңуз. Өзү эле айтып берет.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жумуштагы маселени чечүүдө командага таяныңыз. Каржы жаатындагы кыйынчылык тилкеси жакын арада аяктайт. Жаңы идеяларды ойлоп таап, пландарды ишке ашыра баштаңыз. Сизге жаккан адам менен таанышуу аракетиңиз ойдогудай ишке ашпайт. Жакыныңыз тууралуу ушак угасыз.
Келечек тууралуу күмөн ойлордон арылыңыз. Алар бактылуу болууга кедерги жаратуучулардын бири. Оптимист болуңуз. Аптада сизге тийишкендерди ордуна коюу керек. Стилист, чачтарачка барыңыз, жаңы образга ээ болуңуз. Жаңы ишти баштап жаткандар мурун кетирген каталарын кайталабашы кажет.
Каржылык маселелер ойлогондон да жеңил, бат чечилет. Акчаны керексиз нерсеге жумшоодон карманыңыз. Чоң тилегиңиздин биринин ишке ашышы да мүмкүн. Чөйрөдөгүлөрдүн сөзүн кулак сыртынан кетирип, урушууга жетпеңиз. Алыстан келген бирөөлөрдү тосуп аласыз же узатасыз.