SAMSUNG БҮКТӨЛМӨ ТЕЛЕФОНУН ЖАҢЫЛАП ЧЫГАРДЫ

Samsung 11-февралда бүктөлмө Galaxy Z Flip жаңы смартфонунун бет ачарын өткөрдү.

Жаңы смартфон дал ортосунан бүктөлүп, ачылып жабылма касиетке ээ. Ички бетинде 6,7 дюйм Dynamic AMOLED ийилме экран жайгашкан. Ал эми сырткы бетинде 1,06 дюмдан турган кошумча дисплей орнотулуп, ал телефон жабылып турганда саат жана башка маалыматтарды көрсөтүп турат.

Смартфондун аккумулятору саатына 3300 миллиамперди түзөт. Кошумча функциялары катары коомдук транспортто жол кире төлөө же сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн функция, кулпудан чыгаруу үчүн капталындагы сезгич сенсорлору бар экенин айтсак болот.

Смартфон сатыкка ушул жылы 14-февралдан баштап чыгарылат. Ал эми Орусияда 120 миң рублдан сатылып баштайт деп болжошууда (болжол менен 133 106 сом). Телефон кара, сыя көк жана алтын түстүү болуп 3 түс менен чыгарылды.

Телефондун бет ачары өткөнгө чейин 10-февралда, “Оскар-2020” киносыйлыгын тапшыруу аземинде анын жарнамасы чоң экрандан көрсөтүлдү. Samsung’дун полифония, монофония ачылып жабылма телефондору 2000-жылдары популярдуу болгон.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aiza-esenalieva
2020-02-19 20:42:57
Жакшы экен
0
DNurgiza
2020-02-19 21:25:34
Алыш керек экен))
0
loshad
2020-04-09 09:48:38
1330106 сомуңар бар аябай байсыңар го, алыш керек экен деп
0
№ 902, 13-19-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан