АУДИ

Аудинин төрт шакекче эмблемасын көрүп эле жүрөбүз. Бирок ал эмнени билдирет? Бул суроого жооп табуу үчүн Аудинин кылым карыткан кызыктуу тарыхына кайрылабыз.

Негизделген жылы – 1909
Штаб квартирасы – Ингольштадт, Германия
Бир жылда акча айлантуу өлчөмү – 27 миллиард 378 миллион евро (2009)
Кирешеси – 30 миллиард евро (2009)
Девизи – “Техникалардын мыктысы”

ЭҢ КЫМБАТ ҮЛГҮЛӨРҮ
Ауди R8 (2010-жылы чыккан) 235 720 доллар
Ауди Q7 (2010) 170 000 доллар
Ауди Т Т Коуп (2010) 95 330 доллар
Ауди А6 Авант (2010) 110 150 доллар
Ауди А6 Аллроад (2010) 105 190 доллар

ТАРЫХЫНАН
“Ауди” компаниясы 1909-жылы Август Хорьх тарабынан негизделген. Хорьх 1868-жылы 12-октябрда Германияда төрөлгөн. Кичинесинен эле тетиктерди ар кандай оюнчуктан өйдө көргөн ал көптөгөн конструктордук бюролордо иштөөгө жетишкен. Кызыгы, эч бир иште көпкө кармалчу эмес. Анткени башкалар менен пикир келишпестик мүнөзү бар эле. Бирок анын автомобиль куруу талантын эч ким тана алган эмес. Ошол мүнөзүнөн улам ал 1904-жылы негизделген бюросундагы акционерлер менен пикири келишпей, өзү түптөгөн “Хорьх» компаниясынан айрылган. Ал кайрадан жаңы компания ачууга аргасыз болот.
1909-жылы унаа куруучу жаңы компания ачып, немисче «хорьх» (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атайт. Арадан бир жыл өтүп, “Ауди” компаниясы өзүнүн алгачкы Ауди А үлгүсүндөгү унаасын чыгарат. Кубаттуулугу 22 ат күчүнө барабар эле. Кийинки жылы Ауди В жана Ауди С үлгүсүндөгү автоунаалары иштелип чыгат. Алар өз заманында өтө ийгиликтүү болчу. 35 ат күчү бар, саатына 100 чакырым ылдамдыкты багынтуучу Ауди С үлгүсү ошол мезгилдин эң маанилүү Ауто Альпенфарт автожарышында жеңүүчү болот. Бул жеңиши үчүн «Альпензигер», башкача айтканда, «Альпты багындыруучу» деген атка конот. Бул ийгилик менен токтолбостон, компания жаңы максаттарга жетишүү үчүн 1923-жылы саатына 120 чакырымды багындыруучу Ауди М 1870 люкс классындагы үлгүлөрдү чыгара баштайт.

ЭМБЛЕМАСЫ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
“Ауди” компаниясы 1934-жылы Германиядагы мотоцикл жана унаа чыгаруучу “ДКВ”, “Вандерер” жана “Хорьх” үч ири фирмалар менен биригип, “Ауто юнион” деген аталышты алат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “Ауто юнион” компаниясы банкротко учурап, өлкөдөгү акциянын эң көп бөлүгүн ээлеген “Мерседес Бенц” фирмасы “Ауто юнион” компаниясын 1964-жылы “Фольксвагенге” сатып жиберет. 1965-жылдан тартып “Ауто юнион” өз күчүнө кирип, “Даймлер-Бенц” көзөмөлү менен 1967-жылы “Ауди” компаниясы деп атала баштайт.
1968-жылдан тартып “ДКВ”, “Вандарер”, ”Хорьх” жана “Ауди” 4 компанияны чагылдырып, бири-бирине кийишкен 4 даана тегерекчени эмблема катары чыгарышат. Ошентип, эмблемасындагы 4 шакекче анын тарыхын чагылдырып, 4 компаниянын биригишин билдирет.

Мухаммед Мадоморов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Талант
2010-09-07 20:47:27
АUDI айдаганда рахат алам
0
NurTrance
2010-10-13 10:40:31
Аудинин сапаты Мерседестен да жакшы
0
saya4ka
2011-06-15 19:49:06
ооох, АУДИ! менин сүйүктүү маркам! Ал эми АудиТТ, менин эң жагымдуу түштөрүмдүн каарманы! Мерседеске караганда Аудини "УВАЖАЮ!"да просто.
0
okurman
2011-06-23 12:41:23
мага ауди жагат
0
Eliza
2011-07-04 23:38:38
мага да
0
RIELTOR
2011-07-29 13:54:27
обслуживаниеси жагынан арзан сапаты болсо эн мыкты автолорго кирет го деп ойлойм
0
baykush
2011-08-15 18:40:29
эмблемасынын тарыхы жакшы екен
0
nastyusha
2011-10-05 23:55:52
ммм..эн жакшы, менин алгачкы уйронуп айдаган автом учун жактырам, ото женил, мага жагат.
0
Ulan5
2011-12-07 03:41:17
audi bul mykty mashina da
0
Myrza_kg
2012-01-23 18:29:24
Ауди эн сонун маишина. Магада аябай жагат.
0
BNA
2012-01-31 10:25:47
Мен мунун тарыхын: негиздоочусунун 4 аялы болгон, ошондуктан эмблемасы 4 обручалдык шакектерди чагылдырат деп уккан элем....мм....
0
Ananasky
2012-06-10 17:41:14
ауди аябай жакшы мага да абдан жагат жумшактыгы айдаганда
0
Glad_89
2013-02-26 17:00:39
магада ауди аябай жагат.
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан