10 жылдан бери сахнада жүргөн, угармандарына жагымдуу ырларын арнап, популярдуулугун жоготпой келе жаткан таланттуу ырчыларыбыздын катарын Арсен да толуктайт. Арсен мырза үй-бүлө кургандан бери кенен отуруп маектеше элек экенбиз. Кызы тууралуу өзгөчө сезимдери, чыгармачылык пландары жана жубайына карата ыраазычылыгы ушул маекте.
– Арсен, салам! Көптөн бери маектеше элекпиз. Жаңылыктарыңыз көп болсо керек?
– Салам. Ооба, жаңылыктарым көп. «Сары-Ой» деген элдик ырды жаңылап классикалык жанрда жаздырдым. Бул ырды жакында угасыздар. Көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк табат деп ойлойм. Андан тышкары джаз-фанк стилинде орус жана англис тилдериндеги ырлардан турган мини-альбом жаздырып жатам. Бул мен үчүн эксперимент. Буюрса, жай айларына чейин чыгып калат.
– Ошондо англис тилинде кавер ырдайсызбы?
– Жок. Жаңы ырларды жазып жатабыз. Бул жанрда орусча, англисче ырлардын сөзүн жазган акындарды табыш бир аз кыйын болду. Бирок табылып жатат.
– Англисче ыр демекчи, сиздин ырдоо стилиңизди, үнүңүздү англиялык ырчы Лемарга окшоштурам.
– Туура. Муну көп кишиден угам. Өзүм дагы эң биринчи жолу англис тилинде Лемардын «If there is any justice» («Эгер адилеттүүлүк болсо») деген ырын ырдап чыккам.
– Анда жакында сахнадан кыргыз Лемарды көрөт экенбиз да
– Буюрса.
– «Голос», «Х-фактор» сынактарына катышуу кыялыңыз бар экенин айтып келесиз. Качан ишке ашырганы турасыз?
– Бул сынактарга КМШ өлкөлөрүнүн эмес, Европанын чөлкөмүндө катышкым келет. Мындай кадамдарда шашпаш керек деп ойлойм. Даярдыксыз барып алып уят болгум келбейт. Ошондуктан 2-3 жыл болобу, толук даяр болгондон кийин катышам.
– Көпчүлүк ырчылар эл аралык сынактарга катышууда мамлекет тараптан колдоо жок экенин айтып келишет...
– Биз ар бир нерсени өзүбүз үчүн жасайбыз да. Мен мамлекет, жеке ишкерлер колдоо көрсөтөбү же жокпу деп ойлонбойм. Ошол эле учурда өлкөнүн атынан чыгып, желегин желбиретип жаткандан кийин өлкө да кызыкдар болуп, колдоо көрсөтсө, чоң стимул болмок. Бизде маданиятка көп көңүл бурулбайт.
– 2011-жылы Айбек Замиров менен «Жаңы толкун» сынагына катышып, 4-орунду багындыргансыздар. Ошол учурдагы президент Роза Отунбаева сиздерге колдоо көрсөтөрүн, Лондондо музыкалык билим алууңуздарга жардам берерин айткан эле. Ал убада аткарылбай калдыбы?
– Сөз бойдон калып калды. Анткени ал учурда президенттер алмашып жаткан болчу. Ошол иштерге алаксып кетишти го. Биз деле сураган жокпуз. Алар да бул маселеге кайрылышкан жок.
– Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошовдон маек алганыбызда ал киши «Курсагы ток, кийими бүтүн, жыргап жашап жатканда эч ким чыгармачылык менен алектенбейт. Жан дүйнөң кыйналганда чыгармачылык менен алек болосуң» деген эле. Сизде да ошондойбу?
– Мага айланамда болуп жаткан ар бир окуя муза болуп бере алат. Тескерисинче, курсак ток, акча көп болсо курсак ачка кездегиге караганда жакшы идеялар келет. – Жеке жашооңузга кайрылсак, кызыңыз Алия кандай чоңоюп жатат? Кандай ата экенсиз?
– Кызыма 8 ай болду. Өнөрү чыгып калды. Жумуштан келсем кубанып тосуп алып, жумушка кетерде ыйлап, баарын түшүнө баштады. Кызым менен ойногон, уйкудан ойгонсом кичинекей болуп жанымда жатканы, кылыктарын көрүү өзүнчө бир керемет. Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.
– Бактылуу кыз болсун. Үйлөнгөндөн кийин жашооңузда эмнелер өзгөрдү?
– Мен негизи эле көп убактымды жумушка арнайм. Үйлөнгөндөн кийин үйгө барышым керек экенине, жубайыма көңүл бурушум керек экенине көнө албай бир аз кыйналдым. Азыр өз нугуна түшө баштады. Токтолдум, ашыкча акча коротпой калдым. Кыскасы, баары тартиби менен болуп калды.
– Бир ирет «жаш кызга үйлөнгүм келет» деген элеңиз. Кыялыңызга жеттиңиз, ээ?
– Кудайдын буйругу экен, өзүмдөн 7 жаш кичүү кызга үйлөндүм. Мындайда ортодо сый болот. Кээде жубайымдын аң-сезими меникинен улуудай сезилет. Үй-бүлөдө аял кишиден көп нерсе көз каранды экен. Аял киши акылдуу болсо, үй-бүлөдө баары сонун болот. Жубайым токтоо, акылдуу киши. Мага аябай жагат. Сиздерге маек бергенде башкача ойлонуп сүйлөсөм керек. Азыр антип сүйлөбөйт болчумун. Ооба, мен кыялымдагы адамга жолуктум, бактылуумун. Ушул сезим эч качан кетпесе экен. – Бегайымды бир көргөндө эле сиздин адамыңыз экенин сездиңиз беле?
– Бегайымды алгачкы жолукканда эле жактыргам. Сүйлөшүп жүргөндө андан да жагып калды. Ошол учурда жумушумда, жан дүйнөмдө кризис болуп жаткан. Бегайым жардам берип, түшүнүп, колдоо көрсөттү. Мага кылган мамилеси жакты. Ошол кризис учурунда мага жолуккан жубайымды Кудайдын белеги деп кабыл алдым. Мен ага жасалмасыз, кандай болсом ошондой көрүндүм. Дегеним, биз мамиле куруп баштаганда жакшы жагыбызды гана көрсөткөнгө аракет кылабыз. Кыздарга жакшы унаа айдап барып, жакшы жерлерге алып барып, акылдуу сүйлөп, чөнтөгүбүздө акча көп экенин көрсөтүп дегендей. Атайын эмес, болгону баарыбыз жакшы жашоону каалайбыз, кандай жашагыбыз келсе, ошону көрсөткөнгө аракет кылабыз. Учурдан пайдаланып, жаңы мамиле куруп жаткандарга кичинекей кеңеш берип кетким келет. Мамиле куруп жаткан адамыңарга чыныгы жүзүңөрдү көрсөткүлө. Ошондо баш кошкондо жеңил болот. Сүйүшүп, бири экинчисинин артынан чуркап жүрүп үйлөнгөндөрдү көп көрдүм. Анан үйлөнгөндөн кийин маскалар чечилгенде бири-биринин чыныгы жүзүн көрүп «кантип ушул адам менен турмуш курдум?» деп таң калышат.
– Сиз кичинеңизде көп кыйынчылыкты башыңыздан өткөргөнүңүздү айтып келесиз. Бала чакта көргөн кыйынчылыктар кийин терс таасирин тийгизет дешет. Ошол соккулардан толук айыгып чыкса болот бекен?
– Ата-эненин тарбиясы башка, жашоонун тарбиясы башка. Мен жашоонун тарбиясын көрдүм. Ошол себептүү ушундай деңгээлге жеттим деп ойлойм. Кичине кезимде колдоо көрсөткөн адамдар болгон жок. Айрым учурда эжемдер, тааныбаган адамдар жардам беришкен. Азыр бала чагымда көргөн кыйынчылыктарды өзүмдүн балдарыма көрсөтпөйүн, камкор ата болоюн, мен жетпей калган нерселерге балдарым жетсин деп аракет кылам. Ата-энеси менен чоңойгондордун көбү мен түшүнгөн айрым нерселерди түшүнбөшү мүмкүн. Ушундай ойдо болгондуктан кыйынчылык көрүп чоңойгонумду позитивдүү кабыл алам.
– Маегиңизге рахмат! Бактылуу болуңуз!
Перизат Музуратбекова
star@super.kg