КЛИПТИН КӨРКҮ КЫЗДАРДА...

Клиптердеги ролу менен элге таанылган өнөрлүү кыздарыбыз бар. Экрандан күндө бир канча жолу алдыңызга чыккан бул сулуу кыздар тууралуу маалымат сизге да кызык болсо керек. Андыктан клиптердин көркүн ачкан бийкечтер менен таанышып алыңыз.

Нуриза Бектурова: «КӨП ЖОЛУ КАСТИНГГЕ КАТЫШЫП, ӨТПӨЙ КАЛГАМ»

Аты-жөнү – Нуриза Бектурова

Туулган жылы – 1998-жыл, 10-октябрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району

Билими – БМУнун Экономика жана каржы факультетинин 4-курсунун студенти

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 48 килограмм

Тартылган клиптери – Нурмат Садыров – «Кыргыз кыздары», Талант 60’К жана Айя Садырова – «Келчи, гүлүм», Роза Шакирова – «Сени менен» жана башка

Тартылган тасмалары – «Бажарики», «Конок», «Кайнене» жана башка

Учурда – Жеке клиникалардын биринде SММ адиси болуп иштейт, модель

– Мен дайыма кастингдерге катышып, өтпөй калып көңүлүм калып жүргөн. «Бажарики» тасмасына кастинг жүрүп жатканын угуп, ушул акыркысы болсун деп катышып, өтүп кеттим. Алгач ошол тасмага тартылгам. Андан кийин Инстаграм баракчамдагы мода көргөзмөлөрүнөн жүктөгөн сүрөттөрүмдү көргөн ырчы Нурмат Садыров клипке кийим издеп жатканын айтып жазып калды. Ага жардам берип жүрүп анын «Кыргыз кыздары» ырынын клибине тартылып калдым. Ошондон кийин клипмейкерлердин, ырчылардын чакыруусу менен 30дан ашуун клипке тартылдым. Эң көп 100 доллардан ашык, эң аз 3 миң сом гонорар алгам. Тасмаларга да тартылып жатам. Ойногонумду көрүп, көп актёрлор "актрисалыкка окусаң, өзүңдү бузуп аласың. Жакшы аткарат экенсиң, окубай эле азыркыдай ойной бер" дешет.

Каныкей Алмаз: «КЛИПТЕРГЕ БЕКЕР ТАРТЫЛАМ»

Аты-жөнү – Каныкей Алмаз

Туулган жылы – 2000-жыл, 7-май

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 50 килограмм

Тартылган клиптери – Нурлан Насип – «Мадам», Аско – «Сүйөм дечи», «ZaMAN» тобу – «Махабат», Жан Сабыров – «Жөжөлөр» жана башка

Учурда – модель, хореограф

– Эң алгач 16 жашымда ырчы Асконун «Сүйөм дечи» ырынын клибине тартылгам. Мени Инстаграмдан таап кастингге чакырышып, өтүп кеткем. Ошондон кийин башка клиптерге дагы Инстаграм аркылуу чакыра башташты. Клипке тартылганым үчүн акча албайм. Анткени бул иш өзүмө жагат жана бул жаатта тажрыйба алгым келет. Ушул чөйрөдөгү адамдар менен иштешип көргүм келет. Нурлан Насип «Канча аласың?» деп сураганда «сиздин ырларыңызды ата-энем угат. Бекер эле тартылып берем» дегем. Жан Сабыровдун клибине өзүм тартылгандан тышкары бийин коюп, бийчилеримди алып баргам. Ошондуктан бул клип үчүн 200 доллар алдым. Менин кичинемден эле ырчы болуу кыялым бар. Вокалдан сабак алгам. Ырдап чыгам деп ыр да жаздыргам. Бирок азырынча даяр эмес экенимди түшүнүп, бул планымды кийинкиге жылдырдым.

Жаңылай Исакова: «КӨП УЧУРДА КЛИПКЕ ТАРТЫЛУУДАН БАШ ТАРТАМ»

Аты-жөнү – Жаңылай Исакова

Туулган жылы – 1993-жыл, 13-май

Туулган жери – Ош шаары

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 56 килограмм

Тартылган клиптери – Ильяз Абдыразаков – «Жеңеке», Айпери Сыдыкова – «Сени менен» жана башка

Тартылган тасмалары – «Бунт», «Ак шоола», «Кууш жолдо», «Кыялкэштер», «Классташтар», «Салам, Ош» жана башка

Учурда – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы

– Көп учурда клиптерге тартылуудан баш тартчумун. Анткени бири-бирине окшош, плагиат клиптер көптөй сезилет. Айрымдар "эртең съёмка, же бир-эки сааттын ичинде келе каласызбы?" деп кайрылган учурлар болгон. Клипмейкер Эрнис Сыдыков Ильяз Абдыразаковдун "Жеңеке" деген ырынын клибине тартылууга чакырып, сценарийин алдын ала жиберген. Сыдыков өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылат, анын клиптеринде чыгармачылык изденүү бар. Сценарийди окуп көрүп, клипке тартылууга макул болдум. Ал эми Айпери Сыдыкованын клибине тартылганда, сценарийин чогуу талкуулап отуруп, ырчынын "өзүң эле тартылып бер" деген сунушун четке кага алган жокмун. Эгер сценарийи жакса, айтайын деген жакшы ою болсо, элге бир нерсе үйрөтө турган идеясы болсо, андай клиптерге тартылуудан качпайм.

Мадина Турдубаева: «2 АЙДАЙ ЭРКИНАЙ АТКА КОНДУМ»

Аты-жөнү – Мадина Турдубаева

Туулган жылы – 2001-жыл, 6-апрель

Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району

Билими – КУУнун Бизнес жана башкаруу факультетинин 1-курсунун студенти

Бою – 163 сантиметр

Салмагы – 47 килограмм

Тартылган клиптери – Талант 60’К жана Айя Садырова – «Мен сени, жаным, таптым ай», Нурмат Садыров – «Келчи», Нурел Казакбаев – «Эркинай»

– Алгач Нурмат Садыровдун «Келчи» ырына тартылган клипте эпизоддук роль аткаргам. Анда мени Инстаграмдан таап чакырышкан. Кээде туура эмес жолдо жүргөн кыздардын образын сунушташат. Андайдан баш тартам. Анткени жаман кыздын образын жаратсаң, элдин көзүндө ошол образың калып калат.

Клиптер элге тарагандан кийин «клиптеги кыз белең?» деп көчөдөн тааныгандар бар. «Эркинай» ырына тартылган клип чыккандан кийин 1-2 ай Эркинай деген атка кондум. Клипке тартылган жагат. Бирок чыгармачылык жаатта карьера курууну ойлобойм. Окуумду ийгиликтүү аяктап, өз кесибим менен иштөөнү кыялданам.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Клиптерге көрк кошкон сулуулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Supsuluu
2020-02-24 17:41:26
Жанылай Исакова… татынашка, натуралка
+4
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан