Ат-Башы аймагына логистикалык борбор куруу долбоору токтотулду. Мындай чечим жергиликтүү элдин логистикалык борбордун курулушуна кескин каршы чыкканынан улам кабыл алынды.
Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Ат-Башыда логистикалык борбор курууга каршы кезектеги митинг өтүп, анда нааразычылык акциясына чыккандар: "200 гектар жерди кытай жаранына ижарага берүү кооптуу, жерди кыргыз тарап кайра ала албай калышы мүмкүн" дешти. Митингде бийликке бир нече талап коюлду. Ошол эле күнү инвестор – кытай тарап борборду куруудан баш тартканын жарыялады. Курулушка каршы тарап долбоордун токтотулушун “элдин жеңиши” деп көрсөтүүдө.
Бул окуяда “пайдалуу долбоорду элге ачык-айкын түшүндүрүп бере албады, маалыматтык тиреште уттурду” деп өкмөттү сындагандар да басымдуу болушту. Мындай кемчилик үчүн премьер-министр Абылгазиев президенттен тил укту, өкмөт отставкага кетет деген кептер тарап, президенттик аппарат “президент менен премьердин ортосунда келишпестик жок” деп ал кептерди төгүндөдү. Кыргыздын инвестициялык климатына дагы бир жолу доо кетти, мындай шартта Кыргыз өлкөсүнө инвестор кадам таштабайт, бул кетиште өлкө алдыга жылчудай эмес деген да пикирлер көп айтылууда. Ат-Башыдагы окуя эл менен өкмөттүн тил табыша албай, анын айынан инвестор ишин токтоткон же сунушунан баш тарткан биринчи окуя эмес. Буга чейин мындай чыр кен казуу иштеринде болуп келген.
Маалымат үчүн: Эркин экономикалык аймак курууга Кытай инвесторуна Ат-Башыдан 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү каралган. Ал жерге фабрикалар, жашылча-жемиш сактоочу муздаткыч-кампалар жана башкалар курулмак. 15 миңдей иш оруну түзүлөт, өлкөнүн экспорттук шарты жакшырат, бизнести өнүктүрүүгө жакшы жол ачылат деп пландалып жаткан.
Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg