Акыркы учурда коомчулук көзүнөн алыстап кеткен мурдагы элчи Кылычбек Султан Кыргыз коомчулугунда бул жыл саясий элитадан тазалануу же люстрация жылы болот деген пикирин жарыялады. “Коомубузда бир силкинип алуу муктаждыгы бышып жетилип калды”,- дейт ал.
“Албетте, Сооронбай Жээнбеков бул тазалануунун байрагын өзү колго алса, дагы деле кеч эмес. Бирок "косметикалык" же "эл көзүнө эле" тазаламыш болуп чириген элита менен эски системдин өмүрүн узарта албайт. Ал эми "капиталдык" тазалоого-тазаланууга бара албайт деп ойлойм. Демек, бир гана бүтүм – кээ бирөөлөрдүн “поюзу” жакындап калды”,- дейт экс-элчи.
Кылычбек Султан өткөн 2019-жылдын башында “бул жыл репрессиялардын жылы болот” деген эле. Айтканындай эле өткөн жылы бийлик оппоненттери менен катаал күрөш жүргүзүп, оппозициялык маанайдагы лидерлер камакка алынды. Өлкө парламенттик шайлоонун алдында турган жылы өлкө башчысы чыныгы “тазаланууга-тазалоого” бара алат болду бекен?
Автандил Добулбеков
politika@super.kg