Учурда мультфильм канчалык көп чыгарылып жатса да, ар биринин өз көрөрманы бар. Кайсы жаш баладан сураба, тили чыгып-чыга электе бир каарманды чулдурап айтып калат. Бул ирет да мультфильмдеги айрым каармандар менен биздин атактуулардын окшоштуктарын тапканга аракет кылдык. Эмесе, байкап көрүңүз.
САЯСАТ ЧЕБЕРИ – КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ
Эгер Канатбек Бегалиев шайлоодон кийин депутат болуп калса, аны күрөш чебери эмес, саясат чебери деп атап калат окшойбуз. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп бекеринен айтылбаса керек. Кесме саткан панда кийин кунг-фу чебери болуп чыга келбедиби. Биздин балбан аны жолго таштап, саясат жактан чебер боло калбаса эле.
Чын эле эмнеге болбосун? Болгону, ал үчүн спорттогу өз сөзүндө турган бекемдикти, бир сүйлөгөн чыныгы эркектик сапаттарды өзү менен ала кетсе эле болду. Панда мультфильмдин аягында өрөөнүн таш боор кабыландан сактап калат эмеспи. Эми Канат балбан да ишенген элин уят кылбай, элди эмес, чөнтөгүн ойлогон саясатчы болуп кетпесин деп тилеп туралы.
ӨТҮКЧӨН МЫШЫК ЖАНА КУНДУЗ
“Шрек” мультфильминдеги көзүн жалдыратып, байкуш боло калган мышыкты элестетип көрүңүзчү. Эми ырчы кыз Кундузду. “Эмне эки башка нерсени айтып жатат?” деп таңданып жатсаңыз, Кундуз менен мышыктын окшоштуктары бар экенине ишендиребиз.
Кундуздун жалжылдай тиктеген баёо көз карашы анын таза, аруу жан экендигин айтып турат. Мышык да душмандар келсе, көзүн жалдыратып тиктемейи бар го. Ошол эле Кундузду алалы. Карагат көздөрү менен ушундай жалт карады дегиче жигиттер баскан жолунан адашып, ырчы кыз үчүн бардык эшиктер ачылып калса керек. Анан Кундуз назик көрүнгөнү менен, мышык сыяктуу эрктүү жана күчтүү. Шоу-бизнесте бир деңгээлде өзүн алып жүрүү оңой дейсизби? Эмнеси болсо да, жигитине мышыктай болуп көзүн жалдыратабы же башка жолун ойлоп табабы, сулуу кызыбыздын бойдокчулуктан эртерээк кол үзүшүнө тилектешпиз.
ЖУЛИАНДАН ТААЖЫНЫ, УЛАНДАН БЕТ КАПТЫ АЛА АЛБАЙСЫҢ!“Мадагаскарда” өзүн падыша эсептеген Жулианды эстесеңиз. Башынан таажы түшүрбөгөн бул каарман биздин этноакын Тата Уланды элестетти. Улан мырза да эл алдына чыкканда бет кабын унутуп калбайт. Жулиан сыяктуу эле ал да бир ордунда турбаган, мээнеткеч адам. Жулиандын өзүнчө кыңылдап ырдап жүрмөй адаты бар. Уландын анысын байкаганыбыз жок го, бирок жыйынтыгын көрүп жүрөбүз. Ырларынын сөзүн да, обонун да өзү жазат. Кала берсе жакында элдин тынчтыгын, бейпилдигин ойлоп, Алтайга дейре ат менен барып келди. Бул турушунда Тата Улан Жулианды да артка калтырчудай. Андан сырткары падыша Жулиандын ар кимге акыл үйрөтүп күңкүлдөй бергенин билесиз да. Улан да акыл-насаатын жаштардан аябай, ырларында рэп кылып төгүп салат.
“СИЛЕРДИБИ, ШАШПАГЫЛА!”
“Сениби, шашпа!” деген мультфильмде карышкыр коёнду кубалагандан тажабайт го, ошол сыяктуу бизде да кубалашып жүргөндөр бар. “Алар кимдер болду экен?” деп кызыгып жатасызбы? Курмандыкты алыстан издебей эле коюңуз, алар өзүбүздүн эле Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев жана Өмүрбек Текебаев. Ал эми алардын артынан кууп тажабаган кимдер экенин баамдап деле калсаңыз керек. Албетте, сиз ойлогон эки экс-президентибиз жана алардын бийлиги. Эми мультфильмдин аягын билесиз да... "Бирөөгө аң казсаң, өзүң түшөсүң" деген макал чын чыгып, “карышкырлар” “силердиби, шашпагыла!” деген бойдон эли менен коштошуп кете беришти.
Эми "карышкырдын" айласын кетирген "коёнектер" “жаңы карышкырга” айланып, мультфильмдин сюжетин бузбай, даяр сценарий менен эле кетип, аягында адилеттүүлүк жеңип чыкса экен дейбиз.
Айбек Нурадилов
star@super.kg