Ветеринардык инспекция: Өлкөдө бодо малды идентификациялоо аяктады.
Акын Мамбеталиев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
Бишкекте жол эрежесин бузганы үчүн айыпты 1 айдын ичинде төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып аянтчасына алынып кете баштады.
Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси болуп дайындалды.
Назирбек Бөрүбаев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Кыргызстанда 14-февраль – Сүйүү майрамында 181 түгөй баш кошконун Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Алишер Абдрахманов Баткен облусунун жетекчиси болуп дайындалды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков келерки парламенттик шайлоого кайра эле “Кыргызстан” партиясы менен аттанарын билдирди.
Урматбек Кокочаров Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды.
Элди бөлүп-жарууга шектүү катары блогер Сыдыман кармалып, 2 айга камакка алынды.
20-февралда Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Жол" жана "Кордай" көзөмөл-өткөрүү пункттары оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
19-февралга карата Кыргыз жеринде коронавирус жуктургандар катталган жок. Японияда иштеген 1 кыргыз жараны вирусту жуктурган болушу мүмкүн деп көзөмөлдө турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.