Атабек Азизбеков, балбан: «ОЛИМПИАДА АЛДЫНДА ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ СЕЗИП ТУРАМ»

Олимпиада оюндарына катышуу, чемпион болуу – ар бир спортчунун кыялы, максаты. Ага карай жол көптөгөн жылдар, тер төгө машыгуулар, талыкпаган аракеттер, канчалаган жеңиштерден турат. Бул сапар “Токио-2020” Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алып кыргыз элин кубанткан грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азизбеков менен маектештик.

БАЛБАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы – 1995-жыл, 6-ноябрь

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Арал айылы

Салмагы – 87 килограмм

Бою – 1,78 сантиметр

Билими – Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети

Машыктыруучусу – Азат Эркинбаев, Уран Калилов

Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2011, 2012), Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси (2015), Кыргызстандын кадеттер арасында 2 жолку, жаштар арасында 2 жолку, чоңдор арасында 5 жолку чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси (2012)

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу, бойдок

– Орусияда өткөн эл аралык турнирден жеңиш менен кайттың. Жеңиш кут болсун!

– Рахмат. Турнирге жакшы барып келдик. Олимпиада оюндарына жолдомо алгандан кийин биринчи стартым, буюрса, ийгиликтүү болду. Эми ушундай эле ыргакта машыгууну улантууга аракет кылам. Азыр машыктыруучулардын көрсөтмөсү менен иштеп жатам.

– 2019-жылы Нур-Султанда өткөн Дүйнө чемпиондугунда Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болдуң. Ага чейин даярдыктар, жолдомо алгандан кийинки сезимдер кандай болду?

– Дүйнө чемпиондугуна чейин көптөгөн даярдыктардан өттүк. Чет өлкөлөрдөгү сборлор да жакшы болду. Аны утурлай эки мелдешке катыштым. Бишкекте өткөн Раатбек Санатбаевдин элесине арналган эл аралык турнирде жана Грузияда Гран-приге күрөшүп, эки мелдеш тең ийгиликтүү болгон. Олимпиадага жолдомо алгандан бери моюнумда чоң жоопкерчилик турганын сезип турам.

– Кыргыз эли үмүт артып турган чак. Олимпиадага даярдыктар кандай болуп жатат?

– Албетте, элибиздин бизде үмүтү чоң. 6 миллион кыргыз эли бизди карап тургандай эле сезим болуп жатат. Бул нерсе менин эле эмес, машыктыруучулар, бардык спортчулардын эле оюнда болсо керек. Буюрса, машыгуулар жакшы жүрүп жатат.

– Сага байланышканда шар сүйлөгөн мырза экениң байкалды. Ийгилик мүнөзгө таасир береби же тескерисинче, мүнөз ийгилик алып келеби?

– Спортчулар негизи эле шар болобуз го. Ийгилик мүнөздү өзгөртүп жибербейт. Өзүмдү жөнөкөй эле жигитмин деп эсептейм.

– Спортто бирде жеңесиң, бирде жеңилесиң. Килемге баары эле жеңем деп чыгат да. Жеңилгенде депрессия болгон учур болобу?

– Жеңилүү психикага аябай жаман таасирин тийгизет. Ушунчалык даярданып келип утулуп калсаң, маанайың түшөт. Профессионалдык карьерамда жеңилүүнүн эң оору – 2018-жылы өзүбүздүн жерибизде өткөн Азия чемпиондугунда финалдык кез келүүдө казак балбанына утулуп калганда болгон. Ошондой эле Дүйнө биринчилигинин жарым финалында венгриялык балбанды утуп жаткан жеримден күтүүсүз утулуп калып, катуу депрессияга кабылгам. Мындай учурларда жакындарыңдын таасири чоң болот. Ар дайым керектүү адамдар жаныңда болсо, алардын колдоосу буга окшогон тоскоолдуктардан оңой өтүп кетүүгө көмөктөшөт.

– Чоңдор арасындагы категорияга өткөндө айтылуу балбан Данияр Көбөнов менен кез келип, аны жеңип алгансың. Көбөнов менен килемге чыгам деп ойлодуң беле?

– Данияр байке кыргыздын грек-рим күрөшүндөгү легендалардын бири. Бизге үлгү болгон балбан. Ага каршы килемге чыгуу жүз жолу түш көрсөм да түшүмө кирбеген нерсе болчу. Маңдайыма жазылыптыр. "Аракет кылсаң-берекет" дейт эмеспи.

– Спортчу болбосоң ким болмоксуң?

– Спортчу болбосом ким болмокмун? Эл катары эле окуу жайда окуп, кайсы бир кесиптин ээси болсом керек. Экономист же юрист. Болбосо бийчи болмокмун (күлүп).

– Азыркы учурда мушкер боксту таштап, балбан күрөштү таштап, эрежесиз урушка өтүп кетип жатат. Келечекте сени да октагондон көрүп калышыбыз мүмкүнбү?

– Андай кадамдар, болгондо да октагон тууралуу ойлоно элекмин. Азырынча олимпиадалык күрөш түрү боюнча гана айта алам. Убакыт келе берсин, ар бир нерсенин өз убактысы болот.

– Туулуп-өскөн жериң, спортко таштаган кадамдар тууралуу кеп кылсаң. Грек-рим күрөшүн тандооңо эмне себеп болду?

– Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөм. Карапайым эле үй-бүлөнүн баласымын. Балалыгым 7-класска чейин айыл жергесинде өттү. 7-классымда Улукбек Осмонбеков деген байкемдин жардамы менен Бишкектеги спорт мектебине тапшыргам. Спорт менен алектенгениме 12-13 жылдай болду. Грек-рим күрөшүнө өзүмдүн эмес, байкемдин тандоосу менен келгем. Жакты, ошону менен күрөшкө кызыгып кеттим. Менин мындай даражага жетүүмө ата-энемдин жана байкемдин салымы чоң.

– “Рио-2016” Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн Лас-Вегаста өткөн Дүйнө биринчилигинде эки атаандашыңды жеңип, чейрек финалда азербайжандык атаандашка жеңишти алдырып жиберген элең. Ошол тууралуу айта кетсең...

– Риодо өткөн Олимпиада оюндарынан куру калганда абдан маанайым түшкөн. Эң оор учурлардын бири болгон. Вегастан кийин Азия чемпиондугунда да максатыма жетпей калгам. Бирок аракеттин артында сөзсүз ийгилик бар экенин эсимден чыгарган жокмун. “Токио-2020га” барам деген каалоом өтө күчтүү болчу. Буюрса, ошол жолдомун.

– Алдыга койгон максаттарың тууралуу айтып берсең...

– Максатым – Олимпиада чемпиону болуу!

– Футбол же көк бөрү?

– Көк бөрү

– Мирбек Атабеков же Дима Билан?

– Мирбек Атабеков.

– Кымыз же кола?

– Кымыз.

– Хабиб же Фергюсон?

– Албетте, Хабиб.

– Келбетпи же акылбы?

– Акылдуу жигитке келбет көптүк кылбайт.

– Максат же кыял?

– Максат.

– Телефон же китеп?

– Телефон.

Динара Акимова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
manatova
2020-02-24 11:35:08
Эми женип суйунтсун
+5
bulathan
2020-02-24 11:36:40
manatova,буйруса
+2
nissana
2020-02-25 18:09:05
Грекрим жакшы келтат негизи
0
dinamo7
2020-02-25 18:19:54
О
0
mirkaa5182
2020-02-26 00:48:39
вирустан улам барбай тургула ээми
0
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан