"Бардык тааныштарга айтып кетейин, кокустан сиздерди көрүп учураша албай калсам, кечирим сурайм. Анткени алысты жана караңгыда көрбөй калып жатам. Аба ырайы өзгөргөндө көзүмдөн жаш агат. Бардык дарыларды колдонуп көрдүм. Жыйынтык болбоду. Көзүмө шашылыш түрдө операция жасатуу үчүн колунда бар, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайм. Балким, клиника же дарыгер сунуштайсыз... Ашказаным ооруйт, каным аз. Колдон келишинче дарылап жатам. Дуба кылып коюңуздарчы".
Канат Кадыржан менен байланышканыбызда көз оорусу тууралуу төмөнкүлөрдү кошумчалады:
– Негизи көзүм менен алышып жатканыма 5-6 жыл болду. Офтальмологдор жазып берген дарылардын баарын колдонуп көрдүм. Бирок жардам берген жок. Социалдык тармакка билдирүүмдү аргасыз жаздым. Анткени алысты жакшы көрбөй жатканыма байланыштуу кесиптештерди көрбөй, тааныбай, ыңгайсыз абалда калып жатам. Аларга абалымды түшүндүрсөм кээ бири түшүнсө, айрымдары туура түшүнбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан баарына айтып коюуну туура көрдүм. Учурда көрүүм -7. Түрк офтальмологдору көзүмө операция жасатыш керек деп айтышты.
Радиодо 9-класстан бери ди-джей болуп эмгектендим. Керели кечке компьютерде отуруп иштегенимдин таасири болуп калдыбы деп ойлоп калам,- дейт продюсер.