ЫРЧЫ САНИЯ КҮЙӨӨСҮ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ

"Жылаңач баатыр” реалити-шоусунун катышуучусу, “Ишенем”, “Келесиң” “Эми кайрылбаймын” деген ырлардын аткаруучусу Сания сүйүктүүсү менен ажырашканын ачыктады:

– Күйөөм экөөбүз көп жылдан бери чогуу жашап келгенбиз. Буга чейин да таарынышып кетчүбүз. Бирок акыры мамилебизге чекит коюуну туура көрдүм. Анткени кимдин ким экени алыста жашап жатканда билинет экен.

Учурда Стамбул шаарында актрисалык боюнча сабак алып жатам. Бул жактан мага ушундай сунуш түшүп, ошол себептен келгем. Учурда түрк тилинде “Сен үчүн” деген ырым жазылып жатат. Карьерамды Түркияда улантууну чечтим. Албетте, жолдошум буга каршы болду. Эки ажырым жолго түшүүбүздүн себептеринин бири да ушул. Жарандык никеде жашачубуз. Бир чети жакшы болду. 50 жыл жанында жүрсөң да кээде анын кандай адам экенин такыр билбей калат экенсиң. Эми көзүм ачылды. Бул турмуштук сабак баарына ишене бербеш керектигин үйрөттү.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Jamalym
2020-02-24 13:16:50
Инстаграмга досум деп киргизчу суроттору менен корсо чогуу жашашат турбайбы.
+2
fanatka19
2020-02-24 14:17:38
куйоом жок деп атып эле ажырашып кетени кулкулуу го.
+4
Mekusi
2020-02-24 22:59:51
Кызыксыз дагы бир пиар...
+2
katerina.li
2020-02-25 18:30:57
Эч нерсе деп сынтага албайм.
+3
Djal1987
2020-02-26 15:46:46
Бул кызга бакыт каалайм. Бирок ар бир ата эне баласына ыраазы болуп батасын бербесе баласы катаал жашоодо жашайт. Аны коп ата эне деле тушуно бербейт. Баланы кыйнабай бата берип кое беруу керек тирешпей.
0
№ 903, 20-26-февраль, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан